Жакынкы Чыгыш: башаламандык, качкындар, Орозо айы

Рамазан айында массалык чогулууга тыюу салынды

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Рамазан айында массалык чогулууга тыюу салынды

Коронавирус пандемиясы ички каршылыктар, жарандык согуштан алсырап, качкындар агымын токтото албай, калк арасында жакырчылыктан улам нааразылык күчөп турган Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө дагы жетти.

Мунайдын баасы кескин арзандап, ансыз да көйгөйгө батып турган дүйнөнүн эң талылуу аймагына эпидемия кошумча көйгөй алып келди.

Коронавирустан улам регионалдык конфликтер убактылуу токтоду. Бирок мунайдын арзандашы Перс булуңундагы бай өлкөлөргө сокку болду. Эл аралык валюта фондунун эсеби боюнча, Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка, Ооганстан жана Пакистандын экономикасы бул жылы 3,1% кыскарат.

Айрым регионалдык лидерлер үчүн пандемия эл арасындагы нааразылык жүрүштөрүн токтотуп берди. Маселен, Ирак менен Ливанда бийликке каршы нааразылык жүрүштөрү өткөн күз айынан бери токтобой жаткан эле.

Гуманитардык уюмдар качкындар топтолгон лагердеги абалдан чочулап жатышат. Анткени бул жерде жок дегенде колду жууп турганга дагы суу жетишпейт.

"Элестетип көрүңүзчү, суу тартыш жерде колун бат-баттан жууп турууга мүмкүнбү? Тар жерде жүздөгөн кишилер болсо, социалдык аралыкты кантип сактайт?",-деп суроо салат Save The Children уюмунун Сириядагы өкүлү Соня Хуш.

Эгерде расмий маалыматтарга көз жүгүртсөк, азырынча пандемия Жакынкы Чыгышка жайыла элек. Дүйнөнүн башка аймактарына караганда, вирустан өлүм-житим эң төмөнкү чекте. Бирок бул сандарга көптөр ишене бербейт. Анын себептери көп. Айталы, аймакта тест өткөрүү мүмкүнчүлүгү аз, кандуу согуштан улам саламаттыкты сактоо тармагы талкаланган, кишилер ооруканага баргандан көрө, үйүндө көз жумганды ылайык көрөт.

Тегерандагы автобуста аралыкты сактоо

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тегерандагы автобуста аралыкты сактоо

Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдүн баары чектөө чараларын киргизди. Иордания менен Сирияда коменданттык саат кирген. Перс булуңундагы бай өлкөлөр жанындагы коңшуларына жардам берип жатышат. Маселен, Кувейт коңшусу Иракка жардам берсе, БАЭ болсо Иранга жардам көрсөткөн.

Ушундай абалда башталган Орозо айы дагы мурдакыдай болбойт. Чогулуп ооз ачып, чогуу намаз окуй алышпайт.

Оорунун очогу Иран болуп калды. Инфекция коңшу өлкөлөргө Ирандан кирген. Бийлик бир топко чейин чыныгы абалды жашырып, Кум шаарына агылган зыяратчыларды токтоткон эмес.

Сириянын бийлиги марттын соңунда өлкөдө вируска кабылган биринчи бейтап тууралуу кабарлады. Ошондон бери үч киши каза тапканы айтылды. Бирок бул дагы эксперттерди ынандыра бербеген маалымат. Марттын башында эле Сирия коменданттык саат киргизип, провинциялар ортосундагы карым-катнашты токтотуп, мектеп, базарларды жапкан.

Дамасктын көчөлөрүн жууп жатышат

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дамасктын көчөлөрүн жууп жатышат

Сирия 10 жылдан бери кандуу согуштун кучагында жанан анын аягына качан чекит коюлары белгисиз. Мына ошондуктан Сириянын расмий бийлиги берген маалыматтарга көптөр ишенбей карап жатышат. Расмий Дамаск өлкө аймагын дээрлик көзөмөлүнө алган. Бирок көтөрүлүшчүлөрдүн колунда турган Идлибдин айрым аймактарында, күрддөр көзөмөлдөгөн өлкөнүн түндүк-чыгышында эмне болуп жатканын эч ким билбейт.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дал ушул Сирия түндүгү пандемиянын кийинки очогуна айланышы мүмкүн деп эскертти. Согуш саламаттыкты сактоо тармагын толук кыйраткан.

Ливанда болсо марттын орто ченинде эле шииттердин "Хезболла" тобунун өкүлдөрү Иранга зыяратка барып, вирус жуктуруп келди деп айыпташкан. Мындай сындарга эч кандай жооп болгон жок. Анын ордуна кырдаалдан пайдаланып, "Хезболла" өзүнүн легитимдүүлүгүнө жетүүнү көздөйт. Топтун лидери Хасан Насралла коронавирусту согушка салыштырып, аны жеңүү үчүн бардык өлкөлөр биригиши керек деп кайрылуу жасады.

"Хезболла" бир нече ыктыярчыны жумушка тартып, медайым, дарыгерлерди жыйнап, мобилдик госпиталдарды даярдады. Ошондой эле жеке менчик клиникаларды ижарага алып, даярдык көрдү. Албетте, бул радикалдуу уюмдун мындай кадамдары мурда аны сындап жүргөндөрдүн колдоосуна алынды. Муну менен катар эле негизги кызмат орундарына кишилерин бекитип, күздөгү нааразылык жүрүштөрүнүн катышуучуларын камакка алууда, дейт Вашингтон институтунун эскперти Ханин Гаддар.

Эпидемия Ливандагы оор экономикалык кризиске туш келди. Эл аралык валюта фонду быйыл өлкө экономикасы 12 пайыз төмөндөшү мүмкүн экенин айтты.

Ливанда дагы, коңшулаш Сириянын өкмөтүндө дагы жумушунан айрылгандарга төлөп бере турган каражат жок. Ошондуктан кишилер коронавирус эмес, ачкадан өлөбүз деп чочулап жатышат, дейт эксперт Орна Мизрахи.

Багдаддагы базар, бийлик карантин чараларын бир аз жумшарткандай кийин кишилер социалдык аралыкты кармоо дегенди дароо унутту

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Багдаддагы базар, бийлик карантин чараларын жеңилдеткенден кийин кишилер социалдык аралыкты кармоо дегенди дароо унутту

Ушундай эле кырдаал Иракта дагы орун алды. Мунайга болгон баанын кескин төмөндөшү катуу сокку болду.

Иракта вирус жуккан 1600 учур катталып, 83 киши көз жумду. Chatham House эксперти Ренад Мансур белгилегендей, бул жерде кишилер коомдук көз карашатан чочулап, ооруканага баруудан коркот. Анткени коронавирус менен ооругандарды кодулаган мамиле болуп жатат. Мындан улам кооптонуу, чочулоо, жашырын калууну артык көргөндөр толтура дейт эксперт. Орозонун алдында бийлик чектөө чараларын жеңилдетти. Сүрөттө көрүнүп тургандай, кишилер азык-түлүк үчүн дароо базарды көздөй агылды.

Эң кооптуу абалга качкындар кабылууда. Сириядан качып чыккан Түркия, Иордания жана Ливандагы, ошондой эле лагерлерде кармалып тургандар.

Жардам

Перс булуңундагы өлкөлөр тез арада каражат бөлүп, чара көрүүдө. Калк арасында тест алууну баштады. Карантин чараларын киргизип, коңшуларына дагы жардам берүүдө. Маселен, Кувейт Иракка жардам көрсөтсө, БАЭ Иранга, Катар болсо, Ливан менен Йеменге жана Палестин аймактарына жардам көрсөттү. Бирок абалтан бери келе жаткан каршылаштык сезилбей койгон жок. Башында Сауд Арабия менен Бахрейн Иранды инфекцияны таратты деп айыптап чыккан.

кааба

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ыйык Каабанын тегерегиндеги аянт

Сауд Арабиясы биринчилерден болуп чара көрдү. Мекке менен Мединадагы зыяратчылыкты убактылуу токтотту. Рамазан айында үйдөн чыкпай олтурууга чакырды. Жыл сайын өтө турган ажылык зыяраттын быйылкы тагдыры али белгисиз. (AbA)