Карантин шартындагы орозо

Дүйнө мусулмандары Рамазанды карантин шартында тосууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дүйнө мусулмандары Рамазанды карантин шартында тосууда

24-апрелде орозо башталат. Быйыл дүйнө мусулмандарынын көпчүлүгү аны карантин шартында кармашат.

Кыргызстандын муфтийи Максатбек Токтомушев кайрылуу жасап, таравих намаздарды үйдөн окуп, үйдөн ооз ачууга чакырган.

Бул Кыргызстандагы бардык район, шаарларга тиешелүү экенин Мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлү Бактияр Токтогазы уулу түшүндүрдү.

“Кайсы районго өзгөчө абал киргенине, кирбегенине карабай муфтийдин талабы Кыргызстандын бардык аймагына бирдей. Демек, ооз ачуу үй-бүлөсү менен гана болот, конок чакырылбайт. Таравих намаздарды да мечиттерде эмес, ар ким өз үйүндө окуйт”, - деди Токтогазы уулу Би-Би-Сиге.

Грозныйдагы ооз ачар, Чеченстан, 2019-жыл

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Грозныйдагы ооз ачар, Чеченстан, 2019-жыл

Бул жолу дүйнөдөгү көпчүлүк мусулмандар орозону башкачараак тутууга аргасыз болууда.

Лондондо жылда “Рамазан чатырлары” иш-чарасы өтүп, адамдарды чогуу ооз ачууга чакырышчу. Ал шаардын белгилүү жеринде, мисалы, Трафальгар аянтында өтчү. Быйыл уюштуруучулар мусулмандарды онлайн чогултуп жатат. Тамак-аштын ордуна үйлөргө балдар үчүн чогуу ойнолчу оюндарды, тамак-аштын рецептери менен маанилүү кеңештер жазылган буклеттерди жеткиришет.

Кыргызстандын Муфтиятынын өкүлү ооз ачтыруунун мааниси колунда жокторго тамак берип сооп алуу экенин белгиледи: “Ифтар, ооз ачаар деген эмне – бул, муктаж болгондорду же дегеле сооп табуу үчүн дасторкон жайып башкаларды чакыруусу. Бул учурда мүмкүнчүлүгү барлар азыктарды сатып алып, баштыкка салып муктаждарга таратса болот. Алар ооз ачыруунун сообунан кем эмес соопко ээ болот”.

Баткен облусунун жашоочусу Болдухан жылда бул айда дээрлик отуз күн чогулуп ооз ачаар элек дейт:

“Жазгы талаа иштери бүтүп, мына эми орозо кирип келди. Жылда орозодо айылдагылар чогулуп бири-бириникинен ооз ачышат эле. Быйыл андай болбойт окшойт. Жада калса коңшулар деле бири-бирине кирген жок. Жашоочулар сак саламат болсок болду деп, бирге ооз ачпаганга даяр”.

Орозо кармалганда таң сүрүлгөндөн кечке чейин оозго наар алынбайт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орозо кармаганда таң сүрүлгөндөн кечке чейин оозго наар алынбайт
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Таравих намазы орозо айында жамаат менен окулган намаз. Кыргызстандын муфтийи Максатбек Токтомушев 15-апрелдеги кайрылуусунда элди тартиптүүлүккө, сабырдуулукка чакырган эле.

“Жума намаздын ордуна пешим намазын, беш убак парз намаздарды азыр үйдө окуп жаткандан кийин таравих намазды бала-чака менен үйдөн окуп турабыз, туугандар. Таравих бул сүннөт намазы болуп эсептелет. Биз бул кырдаалды, ушул кыйынчылыкты качан бири-бирибизди туура түшүнүп, жардам берип, тартипти бекем сактаганда гана жеңебиз”, - деген муфтий бул куттуу айда эл-журт, бүткүл ааламдагы инсандар үчүн дуба кылууга үндөдү.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия дагы эпидемиялык кырдаалга байланыштуу жамаат менен намаз окууларга тыюу салынганын эскертип, ар бир жаранды үйдө болууга чакырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Рамазан айынын башталышы менен мусулман коомчулугун куттуктады.

“Коомдук биримдикке, улуттар арасындагы ынтымакка, бири-бирибизди колдоого чакырган орозо күндөрүнүн мааниси бүгүнкү татаал мезгилде өзгөчө бийик, ушул улуу касиеттер учурда бизге өтө зарыл. Баарыңыздарга бекем ден соолук, бактылуу жашоо каалайм, жүрөктөрдө тынчтык орноп, аруу тилектердин орундалышын тилейм!”, - деп айтылат президенттин билдирүүсүндө.

Кыргызстанда 2013-жылкы эсеп боюнча калктын 91 пайызы мусулмандар.

Өлкөдө коронавирустун жайылышына байланыштуу өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылган. Айрым шаарлар менен райондорго коменданттык саат киргизилген.