Карантин учурунда уйкуңуз бузулдубу? Адистен беш кеңеш

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Карантин маалында мурдагыдай таң атпай туруп жумушка жүгүрүп же балдарды мектеп, бала бакчага алып баруунун кереги жок болуп калды. Ошондуктан көптөр шашпай туруп, кечинде өтө кеч жатып, уйку режимин бузуп алды.
Андан тыкшары өлкөдөгү абал, экономикалык каатчылык тууралуу ойлоп, стресске баткандар дагы арбын болсо керек. Мунун баары уйкуну качырган себептердин бири.
Британиянын олимпиада курама командасынын башкы психологу, сомнолог Люк Гупта уйкуну туура нукка салуу үчүн беш кеңеш сунуштады.
1. Жатар алдында санааңыз тынчпы?
Мындай учур көп эле болот: бир күн кечке көп маселеге сарсаана болуп, кечинде жатып эс алайын дегенде ар түрдүү ойлор келет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Балким, сиз жатар алдында дүйнөдөгү, Кыргызстандагы жаңылыктарды окуп санааңыз тынчыбай жатат. Албетте, соңку кабарларды окуп туруу керек, бирок анын туура учуру болот.
Түн ортосунда жатып алып жаңылык окуганда мээ күжүрмөн даярдык абалына өтөт. Мындай учурда уктай албайсыз. Ошондуктан жаңылыктарды бир аз эртерек окуп, жатар алдында колуңузга көркөм чыгарманы алыңыз.
Жарыкты өчүрүүгө дагы шашпаңыз, өзүңүздү кыйнап уктабаңыз. Уктай албай жатсаңыз китеп окуп же жагымдуу кино көрүңүз. Өзүңүздү кыйнап уктагандан көрө, кечирек жатканда жакшырак эс аласыз.
2. Чын эле уйкуңуз келдиби?
Уйкуну резина сыяктуу элестетиңиз. Бир күн кечке кыймылдап, иш менен алек болгонуңузда ал чоюла берет. Канчалык көп чоюлса, ошончолук эрте уктап каласыз

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ошондуктан күн сайын спорт менен алектенүү маанилүү. Көп кыймылдаган киши кечинде башы жаздыкка тийгенде дароо уктап калат.
Спортчулар эртең мелдеш болот деген түнү эрте жатышат. Алар толук кандуу уйку абдан маанилүү экенин жана мелдеште сөзсүз таасир этерин билет. Бирок уйкуңуз келе электе жатып алуу дагы болбойт. Себеби жогоруда айтылган резина толугу менен чоюла элек.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эрте жатып алганда ар түрдүү ойлор келип, уйку качат. Ошондуктан уйкуңуз келгенде гана керебетке жатыңыз.
3. Туура убакытта жатасызбы?
Карантинге чейин көптөрдүн күнүмдүк тартиби бар болчу. Эртең менен туруп жумушка баруу, балдарды мектеп, бала бакчага алып баруу же спорт менен алектенүү. Ошондуктан бир убакытка уктап калууга дагы умтулуп турчубуз.
Бул тартип карантин учурунда бузулуп калды. Көптөр каалаган учурда жатат жана каалаган учурда туруп калды. Башкача айтканда "керек" болгондо турабыз.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бирок мындай учурда дагы тартипти сактоого аракеттенген туура. Бир учурда жатып, бир учурда туруу уйкуну бир нукка салат. Албетте, күн сайын саат ондо жатып калуу мүмкүн эмес. Бир саат эрте же кеч болсо деле тартип бузулбайт. Уктоо убактысы улам өзгөрүп турса, ал дагы ден-соолукка терс таасир этет.
4. Керебетти уктоо үчүн гана колдоносузбу?
Өзгөчө кырдаал жарыяланып, көптөр үйүндө отуруп калганда керебеттин функциялары кескин кеңейди. Мурда керебет бир гана уктоо үчүн колдонулса, азыр ал кино көрүүгө же"Фейсбук", интернетти чукулап жатууга колдонулууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мындай учурда кечинде керебетке жатканда мээге телефон чукула же ноутбуктан кино көргөн деген сигнал кетет. Тез уктап калууга мүмкүн болбойт. Ошондуктан керебетти бир гана уктоо үчүн колдонуу зарыл.
5. Үйгө жетиштүү жарык киреби?
Адамдын организми күн чыкканда кыймылдап, күн киргенде уктаганга көнгөн. Карантин учурунда көптөр үйдөн чыкпай, пардаларын жаап алып, күнү-түнү караңгыда отурушат.
Мындай абалда организм күн менен түндү айырмалай албай, уйкуну качырат. Ошондуктан жер үйдө жашасаңыз короого чыгып, спорт менен алектениңиз. Батирде жашасаңыз пардаларды ачып, терезеге жакын отурууга умтулуңуз. Күндүз сиз отурган бөлмөгө жетиштүү жарык кирип турганды дагы уйкуга маанилүү. (AT)













