Коронавирус өпкөнү эле эмес, бөйрөктү дагы жабыркатат

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Коронавирус пандемиясы башталгандан тарта эле бүтүндөй дүйнө жүзү боюнча дарыгерлердин убайымы - өпкөнү жасалма дем алдырган аппараттын тартыштыгы болуп калды.
Анткени баштапкы этабында жаңы коронавирус тамакта жана жогорку дем алуу жолдорунда активдүү өөрчүйт. Андан соң инфекция төмөндөп, өпкөгө чейин жетип, өпкөнүн сезгенүүсү пайда болот.
Бирок соңку мезгилде АКШ жана Кытай дарыгерлери вирус жуктуруп алгандар арасында бөйрөк оорусу дагы каттала баштаганын байкашкан. Жыйынтыгында ооруканаларда гемодиализ аппараттары тартыш боло баштады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Азырынча жаңы вирус толук изилденип бүтө элек. Ошондуктан бөйрөккө түз таасири тийдиби же кыйыр түрдө таасир этип жатабы, мунусу белгисиз. Өнөкөт оорусу барлар ансыз деле вирус жуктурса, абалы оор болору эскертилип жатат. Бул жерде иммундук системанын өтө активдешүүсүн дагы эсепке алуу керек. Иммунитет бейтааныш инфекцияны байкаганда бир гана вируска чабуулга өтпөстөн, дени сак клеткаларга дагы чабуул коюп жиберет. Мындан бөйрөк сыяктуу сезимтал органдар жабыркашы мүмкүн. Дарыгерлер бири-бирине байланышта болгон органдар жабыркап, чынжыр сыяктуу уланып кетпейби деп тынчсызданууда.
Азырынча бул жөн гана божомолдор. Кантсе дагы саламаттыкты сактоо тармагынын адистери инфекциянын өөрчүшүнүн күтүүсүз варианттарына даяр турушу керек болот.
Америкалык дарыгерлердин маалыматына таянсак, коронавирус менен реанимацияга кабылгандардын 20-40 пайыз бейтаптарда бөйрөк оорусу чыгып, баары гемодиализге муктаж, деп жазган New York Times.
Акырындап окумуштуулар вирус кайсыл органды кандай жабырката турганын биле баштады. 2000-жылдардын башындагы SARS оорусуна көп окшош жактары бар экени айтылууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Covid-19 оорусун козгогон SARS-Cov-2 вирусу дем алуу органдарын, ичеги жана өпкөгө дагы коркунуч жаратышы мүмкүн.
Эволюциянын 2 млн жылдыгында биздин иммундук система белгилүү болгон инфекцияларга каршы күрөштү жакшы өздөштүрдү. Бирок жаңы коронавирус капыстан басып, аны менен күрөшүү ошончолук татаал болуп жана жугузуп алуу өтө оңой болууда.
Вирус клеткага түшкөндөн кийин анын үстүнөн көзөмөлдү "басып" алып, көндүм болгон белоктордун ордуна өзүнүн үлгүлөрүн чыгара берет. Чынжыр сыяктуу уланган реакция башталат. Жыйынтыгында клеткалар өлө баштайт, инфекцияны алып жүрүүчүсү жугуштуу болуп калат. (AbA)








