Россиянын Украинага кол салуу максаты. Путиндин көздөгөнү эмне?
Пол Кирби, BBC News

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орусия 44 млн калкы бар Украинага абадан, жерден жана деңизден кыйратуучу чабуулдарды уюштуруп, борбор шаар Киевдин чет жакасына күчтөрүн алып барып жайгаштырды.
Орусиянын президенти Владимир Путин кошунасына бастырып кирбей турганын көп айдан бери айтып келген. Бирок Украинанын түндүгүндөгү, чыгышындагы жана түштүгүндөгү чек аралардан өз күчтөрүн жиберүү менен тынчтык келишимин бузду.
Набыт болгондордун саны өсүп жаткан чакта Путин Европаны тынчтыкка жолтоо болуп жатат деп айыптап чыкты. Андан ары эмне болору континенттин бүтүндөй коопсуздук түзүмүн коркунучка кептеши мүмкүн.
Орусиянын аскерлери эмне үчүн кол салды?
Орусиянын лидери түндүктөн, чыгыштан жана түштүктөн толук кандуу чабуул уюштурууга буйрук бергенден бир нече күн өтүп, орус күчтөрү Украинанын борборуна жакындап калышты. Алдын ала тартылып алынган 24-февралдагы телекайрылуусунда Путин жаңырган Украинадан жаралган туруктуу коркунучтан улам Орусия “коопсуз” сезбегенин, “өнүгө жана жашай албай” калганын жар салган.
Алгач аэропорттор менен аскердик штабдар аткыланып, андан соң Украинага танктар менен аскерлер Орусиядан, Орусия аннексиялаган Крымдан жана шериги Беларустан кирип келишти.
Путиндин көптөгөн аргументтери калп же иррационалдуу болду. Ал максаты басмырлоого жана тукум-курутка кабылган элди коргоо экенин билдирген, Украинаны “демилитаризация жана денацификация” кылууну көздөгөнүн айткан. Украинада эч кандай тукум-курут болгон эмес: ал жандуу демократиялык өлкө жана аны жөөт президент башкарат.
“Мен кантип фашист болушум мүмкүн?” — деген Владимир Зеленский Орусиянын чабуулун Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы фашисттик Германиянын кол салуусу менен салыштырып. Украинанын башкы раввини менен Освенцим мемориалы Путиндин айыптоосун четке кагышты.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Орусиячыл президент Виктор Янукович 2014-жылы бир нече айга созулган митингдерден улам бийликтен кулатылгандан кийин Путин Украинаны экстремисттер басып алды деп көп жолу айыптап келген.
Ошондо Орусия түштүктөгү Крымды тартып алып, өлкө чыгышында козголоңду козутуп Украинадан өч алган. Анда Орусиянын колдоосуна ээ болгон сепаратисттер украин күчтөрүнө каршы согушуп, натыйжада 14 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылган.
2021-жылдын аяк ченинде Орусия Украинанын чек арасын бойлой көп сандаган аскерлерди алып келип жайгаштыра баштаган. Ал кезде Орусия кол саларын четке кагып келген. Андан соң Путин 2015-жылдагы тынчтык келишимин бузуп, козголоңчулар көзөмөлдөгөн аймактардын көз карандысыздыгын тааныды.
Орусия Украинанын Европа Биримдигине көздөй таштаган кадамына жана Батыштын НАТО аскердик альянсына көптөн бери каршылык көрсөтүп келет. Орусиянын кол салуусу туурасында жарыялап жатып Путин НАТОну “улут катары биздин тарыхый келечегибизге” балта чаап жатат деп айыптады.
Орусия канчага чейин согушат?
Азыр эми Орусия Украинанын демократиялык жол менен шайланып келген өкмөтүн кулатууну көздөп жатканы түшүнүктүү болуп калды. Анын көздөгөнү Украинаны басымдан бошотуп, “фашисттерден тазалоо”.
Президент Зеленский “душманымдын номур биринчи бутасы мен; экинчиси менин үй-бүлөм” деп айтты.
Украинаны 2014-жылы фашисттер басып алды деген жалган “жомок” Кремль көзөмөлдөгөн телеканалдарда үзгүлтүксүз көрсөтүлүп келатат. Путин “жай тургундарга каршы көптөгөн кандуу кылмыштарды жасагандарды” сот жообуна тартарын айткан.
Орусиянын Украинага карата кандай планы бар экени белгисиз, бирок ал терең касташкан калктын катуу каршылыгына туш болуп жатат.
Январда Британия Москваны Украинанын өкмөтүнө орусиячыл адамды алып келүүгө аракет кылып жатат деп айыптаган. Мындай билдирүүнү ал кезде Орусия болбогон кеп деп четке каккан болчу. Дагы бир ырасталбаган маалыматка караганда Орусия өлкөнү экиге бөлүүнү көздөөдө.

Кол салуунун алдында, 200 миңдей аскер Украинанын чек арасына жакын жайгашкан кезде, Орусиянын көңүлү Луганск жана Донецк аймактарына гана бурулуп турган болчу.
Орусиячыл адамдар көзөмөлдөгөн сепаратист аймактарды таануу менен Путин ал жерлер Украинанын бир бөлүгү эмес экенин дүйнөгө айтып чыкты. Кийин ал Украинанын көбүрөөк аймагын алгысы келгендердин оюн колдогонун ачыкка чыгарды.
Өз алдынча эгемендигин жарыялап алган “республикалар” Украинанын Луганск жана Донецк облустарынын үчтөн биринен көбүрөөгүнө ээлик кылат, бирок козголоңчулар калган бөлүгүн алууну дагы эңсеп турушат.
Бул чабуул Европа үчүн канчалык кооптуу?
Азыр Украинанын элинин башынан оор күндөр өтүп жатат. Континенттин калган бөлүгү үчүн да коркунучтуу мезгил. Экинчи дүйнөлүк согуштан бери алгачкы жолу ири держава Европадагы коңшусуна кол салганына күбө болуп жатат.
Германия “Путиндин согушу” деп атаган жаңжалда жүздөгөн адамдар мерт болушту. Арасында жай тургундар да, жоокерлер да бар. Европадагы лидерлер үчүн бул чабуул 1940-жылдардан берки эң караңгы убактарга жол ачты.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон Европанын тарыхында бурулуш мезгил болуп жатканын айтса, Германиянын канцлери Олаф Шолц “Путин Орус империясын көздөп жатат” деп эскертти. Кансыз согуш маалындагы Советтер Союзун эскерген Владимир Зеленский Украина жаңы темир торго жол бербөө жөнүндө сөз кылды.
Орусиянын президенти өзөктүк күчтөрүн жогорку даярдыкка келтирүүгө жетишти.

Сүрөттүн булагы, EPA
Эки тараптын тең куралдуу күчтөрүнүн үй-бүлөлөрү үчүн алдыда тынчы жок күндөр келатат. Украиналыктар эбак эле Орусиянын ишенимдүү өкүлдөрү менен согушуп, сегиз жылдан бери жабыркап келди. Армия 18 жаштан 60 жашка чейинки резервдегилердин баарын аскерге чакырды.
Бул Орусиянын калкы даярданган согуш эмес. Анткени басып кирүүнү негизинен парламенттин жогорку палатасы бекитти.
Натыйжада Орусия менен да, Украина менен да чектешкен өлкөлөргө таасири тийди.
Польша, Венгрия, Румыния, Молдова жана Словакия качкындардын чоң агымына күбө болду. Евробиримдик жети миллиондон ашуун адам үй-жайын таштап кетиши мүмкүн экенин айтып жатат.
Батыш эмне кыла алат?
НАТОнун коргоо альянсы Украинанын өзүнө согуштук күчтөрдү жөнөтүү планы жок экенин ачык айтты. Азырынча мүчө мамлекеттер курал-жарактарды жана убактылуу ооруканаларды жиберди. Евробиримдик өзүнүн тарыхында биринчи жолу куралдарды жана башка жабдууларды сатып алып жөнөтүп жатат.
НАТО Балтика өлкөлөрүндө жана Польшада бир нече миңдеген аскерлерин жайгаштырып, биринчи жолу ыкчам аракетке өтүү боюнча күчтөрүнүн бир бөлүгүн ишке киргизип жатат. НАТО айткан жок, бирок Румынияга, Болгарияга, Венгрияга жана Словакияга барышы ыктымал.
Ошол эле учурда Батыш Орусиянын экономикасын, каржы институттарын жана жарандарын бутага алып жатат:
- Евробиримдик, АКШ, Британия, Жапония жана Канада Орусиянын банктарын эл аралык Swift акча которуу системасынан чыгарып жатышат. Аталган система аркылуу акчаны оңой жана ыкчам которууга болот
- Евробиримдик, Британия жана Канада Орусиянын авиакомпаниялары үчүн аба мейкиндигин жапты
- Евробиримдик, Британия жана АКШ тарабынан Путинге жана орус тышкы иштер министри Сергей Лавровго каршы жеке санкциялар киргизилүүдө. Ал эми 351 орус эл өкүлү Евробиримдик тарабынан бутага алынууда
- Германия Орусиянын “Түндүк агым 2” газ түтүгүнүн курулушун токтотуп койду. Аталган газ түтүгү Орусиянын дагы, Европанын дагы компанияларынын ири инвестициялык долбоору
- Орусиянын мамлекеттик “Спутник” жана “Орусия Бүгүн” аттуу медиа компанияларына Евробиримдик боюнча тыюу салынууда
- Орусиянын Санкт-Петербург шаары быйыл Чемпиондор лигасын өткөрө албайт жана Сочиде Орусиянын Гран-приси болбойт

Путиндин көздөгөнү эмне?
Ал Украина НАТОго эч качан кирбесин деп талап гана кылбастан аталган альянс 1997-жылдагы абалына кайтсын деп, чыгышты көздөй таштаган кадамын артка жылдырууну талап кылууда. Ал Орусия “чегине турган башка жай калган жок, алар бизди жөн эле кол куушуруп карап отурат деп ойлоп жатышабы?” деп арызданууда.
Ал НАТОдон өз күчтөрүн жана аскердик инфраструктурасын 1997-жылы альянска кирген мүчө мамлекеттерден чыгарып кетүүсүн жана “Орусиянын чек арасына жакын аймакта сокку уруучу куралдарды” жайгаштырбоосун каалайт. Ал Борбордук Европа, Чыгыш Европа жана Балтика аймактарын камтыйт.
Бирок бул НАТОнун алкагынан да кең. Германиянын канцлери Олаф Шолцтун сөзү менен айтканда, Орусиянын лидери “өзүнүн көз карашы менен Европаны колго алууну каалайт”.
Былтыр Путин орустар менен украиндерди “бир эл” деп сүрөттөгөн көлөмдүү макаласын чыгарган. Ал 1991-жылы Советтер Союзунун урашын “тарыхый Орусиянын тароосу” деп сүрөттөгөн.
Ал азыркы Украина толугу менен коммунисттик Орусия тарабынан негизделгенин айткан. Анын айтымында, Украина Батыш тарабынан көзөмөлдөнгөн куурчак өлкө. Путиндин басымынан улам Украина 2013-жылы Евробиримдик менен ассоциация жөнүндө келишимге кол койбой, натыйжада нааразылык акциялары күчөп, орусиячыл президент бийликтен кулатылган.
Путиндин ою боюнча, Батыш 1990-жылы НАТО “чыгышты көздөй бир карыш да” жылбоого сөз берип, бирок баары бир кадам таштаган.
Ал Советтер Союзунун урашынан мурда болгон. Бирок ошол кезде Совет бийлигинин президенти Михаил Горбачевго берилген убада бириккен Германиянын шартында Чыгыш Германияга гана тиешелүү болчу. Горбачев кийинчерээк “НАТОнун кеңейүүсү жөнүндө тема эч качан талкууланбаганын” айткан.
НАТО эмне деди?
НАТО — коргоону альянсы. Жаңы мүчө болуп кирүүнү каалагандарга эшиги ачык. Анын 30 мүчөсү бар.
Украинанын президенти так убакытты каалап жатат, бирок жакынкы келечекте Украинанын мүчө болуп кирүү ыктымалдыгы жок экенин Германиянын канцлери ачык айтты.

Дипломатиялык жол барбы?
Кандайдыр бир сүйлөшүүлөр пландалып жаткан болсо да, учурда дипломатиялык жол табуу ыктымалдыгы өтө төмөн.
Орусия Киев курал-жарактарын таштап, демилитаризация болот деп көшөрүп жаткан менен андай болбойт.
Согуштан тышкары кандай гана сүйлөшүү болбосун ал Чыгыш Украинанын статусун жана Батыштын куралын көзөмөлдөө маселесин камтышы керек болот.

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШ кыска жана орто аралыкка учкан ракеталарды чектөө, континенттер аралык ракеталар боюнча жаңы келишим туурасында сүйлөшүүлөрдү баштоо сунушун айткан. Орусия АКШнын бардык өзөктүк куралдарын өзүнүн аймагынан алыс чыгарууну каалайт.
Орусия ракета базаларын эки тараптуу көзөмөлдөө боюнча “ачык айкындуулук механизмине” карата оң көз карашын билдирген. Алардын экөөсү Орусияда, экөөсү Румыния менен Польшада. (EA)












