SWIFT деген эмне? Орусияны андан ажыратып салса эмне болот?

SWIFT деген эмне?

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, SWIFT деген эмне?

Украинага дагы чабуул жасалса, АКШнын Кремлди жазалайбыз деген коркутууларына байланыштуу жаңылыктарда “Орусияны SWIFT’тен ажыратуу” кайрадан жаңырды. Мындай кадам орус экономикасы үчүн жоготууларды алып келет жана аткаминерлер аны согуш жарыялоо менен салыштырып жатышат. Бирок, мындай санкцияларды киргизүү өтө кыйын жана алар жарандарга дээрлик таасир этпейт.

Анын себептери:

SWIFT деген эмне жана ал WhatsAppка эмнеси менен окшош

SWIFT чындыгында дүйнө жүзүндөгү финансисттер төлөм тапшырмаларын, келишимдерди, тастыктоолорду жана башка каржылык документтерди алмашуучу мессенжер. Бул төлөм системасы эмес, бирок бул планетанын дээрлик бардык өлкөлөрүндө 11 миң каржылык жана каржылык эмес уюмдардын ортосундагы акча жана башка баалуулуктарды которуу боюнча буйруктарды жиберүү үчүн негизги жана жалгыз универсалдуу канал. Жыл сайын SWIFT аркылуу 5 миллиарддан ашык мындай билдирүүлөр жөнөтүлөт.

Кээ бир өлкөлөрдө - АКШдан Россияга чейин - банктардын ортосунда өздөрүнүн ички байланыш системалары бар, бирок ал жерде да көптөр SWIFT колдонууну артык көрүшөт, анткени бул ыңгайлуу жана чет өлкөлүк валютадагы төлөмдөр боюнча бардык буйрутмалар баары бир ушул система аркылуу жөнөтүлөт.

Бул үчүн күнүмдүк турмуштан алынган абдан жөнөкөй салыштыруу жасаса болот. Ортодо бирдиктүү текшерилген жана ишенимдүү байланыш каналы болгон соң, эмне үчүн убара болуп, чоң энеңиз менен Viber аркылуу, кошуналарыңыз менен WhatsApp аркылуу, досторуңуз менен Telegram аркылуу жана кесиптештериңиз менен Slack аркылуу баарлашышыңыз керек. Банктар үчүн андай бирдиктүү канал - SWIFT.

Бирок андан ажыратуу башка байланыш каналдарын жокко чыгарбайт. SWIFT 1973-жылы акыры телефондун, пневматикалык почтанын жана телекстин ордун ээледи, бирок андан бери дүйнө факс менен электрондук почтадан блокчейнге чейинки телекоммуникация жана шифрлөө боюнча бир нече революцияларды башынан өткөрдү.

Эмне үчүн Америка Кошмо Штаттарынын өтүнүчү боюнча Россияны SWIFT’тен ажыратуу оңой эмес же анын ишке ашуусу күмөн

Буга эки негизги себеп бар. Биринчиден, SWIFT көз карандысыз жеке кооператив болуп саналат, ал анын 3,5 миң мүчөсү болгон банктарга жана финансылык уюмдарга таандык. Ал Европанын чок ортосу болгон Брюсселге жакын жайгашкан жана Батыштын 10 ири экономикасынын борбордук банктары тарабынан көзөмөлдөнөт. Ал Америка Кошмо Штаттарынын көзөмөлүндө эмес жана санкциялардын куралы катары колдонулушуна системанын уюштуруучулар катуу каршы.

Ошентсе дагы бир-эки жолу Кошмо Штаттар мындай жолду Иран менен Түндүк Кореяга каршы ишке ашыра алган. Бирок эки жолу тең бул өлкөлөр эл аралык коомчулуктун, эң негизгиси Евробиримдиктин санкцияларына кабылышкан болчу. Ошол кезде Бельгиялык уюм катары SWIFT Евробиримдик санкция салган банктарды жабууга аргасыз болуп, баш ийген.

Брюсселдеги SWIFT штаб-квартирасы

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Брюсселдеги SWIFT штаб-квартирасы
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бирок, 2014-жылы Крымды каратып алгандан кийин кезек Орусияга келгенде, SWIFT адаттан тыш демарш жасап, ага кысым көрсөтүүнү токтотууну талап кылган жана банктарды жабуу боюнча ар кандай жеке чакырыктарга көңүл бурбай турганын убада кылган билдирүү тараткан.

SWIFT байланыш каналдарын гана камсыздай турганын жана эч кимге каршы санкциялардын куралы болбой турганын ар дайым баса белгилеп келет. Аны банкты жабууга мажбурлоонун жалгыз жолу – Бельгиянын бийликтери жактырган Европарламенттин чечими. Америка Кошмо Штаттарынын же башка өлкөлөрдүн талаптары бул жерде иштебейт.

Мындай кырдаалда АКШ Евробиримдикти айланып өтүү менен эмне кыла алат? SWIFT’тин өзүн санкциялар менен коркутуу. Ырас, бул жагынан дагы союздаштардын ортосундагы келишпестик болот.

Экинчиден, Орусияны SWIFTтен чыгаруу оңой эмес, анткени саясий жактан алганда таяктын эки учу бар. Андай чечим Батыш үчүн да олуттуу тобокелчиликтерди алып келет. Эмнеге дейсиз?

SWIFT аркылуу төлөмдөр америкалык чалгын кызматтары үчүн ачык болуп саналат жана россиялык эл аралык банктык эсептешүүлөрдү Батыштын электрондук тутумунан альтернативалуу көмүскөгө толук чыгарып салуу АКШнын чалгын кызматынын жашоосун татаалдатат.

Бирок бул анчалык деле жаман эмес. Андан да өткөн глобалдык кесепеттери бар.

Батыш ЭВФ жана Дүйнөлүк банк сыяктуу глобалдашуу институттарын узак убакыттан бери түзүп келүүдө жана дүйнөнү бириктирүү инструменттеринин бирин саясий максаттарда пайдалануу чачырандылыкка жана Батыштын дүйнөнү бириктирген жетекчилиги астында Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин өзү үчүн тандап алган жолдун солгундашына алып келет. Алгачкы белгилер азыртадан эле байкалууда – Россия менен Кытай эсептешүүлөрдөгү жана резервдердеги доллардын үлүшүн азайтып, банктар аралык төлөмдөр үчүн өз системасын түзүү жөнүндө бир нече жолу кеп козгошту.

Ошентип, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин беш туруктуу мүчөсүнүн бири, өзөктүк держава жана Европага энергетикалык ресурстардын эң ири жеткирүүчүсү болгон Орусиянын SWIFT’тен ажыратылышы орус экономикасы үчүн эле эмес, дүйнөлүк тартип үчүн да олуттуу кесепеттерге алып келет.

Учурда абакта мөөнөтүн өтөп жаткан Орусиянын мурдагы экономика министри Алексей Улюкаев учурунда айткандай, бул “чындыгында акылсыздык жана аскердик иш-аракеттерге барабар”. Ошондой эле мамлекеттик банкир Андрей Костин 2015-жылдын январында Давосто эскерткендей, бул мамилелердин элчилерди чыгарууга чейин жеткире турган толук үзүлүшү жана Орусия менен АКШнын ортосундагы жаңы кансыз согуш.

SWIFT’ти өчүрүү Орусиянын банктарына жана экономикасына кандай коркунуч алып келиши мүмкүн

Чыгымдардын өсүшү - каржылык жана эң негизгиси, репутацияга коркунуч.

Буга чейин андай ыкма АКШ Кремлге жакын деп эсептеген “Россия” банкы сыяктууларга каршы абдан тандалма түрдө колдонулуп келген.

Сүрөттүн булагы, AFP

Орусиянын мурдагы каржы министри Алексей Кудрин 2014-жылы SWIFT’ке кирүү мүмкүнчүлүгүн жоготуу өлкөгө анын экономикасынын жылдык көлөмүнүн 5%на тете зыян алып келерин айткан. Ырас, ошондон бери Орусия окуялардын дал ушундай өнүгүп кетишине да даярданган, ошондуктан күтүлгөн сокку жумшагырак тийиши мүмкүн, бирок баары бир бизнести, банктарды нокдаунга алпарат. Ал эки негизги себептен улам болушу ыктымал.

SWIFT’тин 3 берилиштер чордону (дата центр) тең Россиянын чегинен тышкары жайгашкандыктан (АКШда, Нидерландыда жана Швейцарияда), орус банктарынан чыккан бүт билдирүүлөр же свифт маалымат Орусиянын башка банкына же көчөнүн аркы өйүзүндөгү орусиялык компаниянын казынасына жиберилген болсо дагы, чет өлкөгө кетет.

Андыктан, SWIFTти өчүрүү ал аркылуу банктын башка банктардагы эсептеринен акча, баалуу металлдарды жана баалуу кагаздарды которууга буйрук берген эл аралык телефон линиясын үзүп же интернет кабелин кесип салган жагдайга окшош. Антсе ыңгайсыздык болот, бирок андан акыр заман келип калбайт. Албетте, кат, же факс аркылуу иштесе болот - бирок бул узак жана кымбатка туруп калат.

Бул биринчи көйгөй. Банк кызматтарынын таш дооруна өтүшү, дүйнөлүк соода жана эл аралык технология жана жеткирүү чынжырлары доорунда баалардын өсүшү жана финансылык агымдардын кескин басаңдашы бизнеске олуттуу сокку урат.

Экинчи маселе - репутация.

Орус жана кытай лидерлери Владимир Путин менен Си Цзиньпин дүйнөнү АКШ менен доллардын гегемониясынан арылтуу ниетинде.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орус жана кытай лидерлери Владимир Путин менен Си Цзиньпин дүйнөнү АКШ менен доллардын гегемониясынан арылтуу ниетинде.

SWIFT’тен банктарды чыгарууга мажбур кылган өлкө санкциялары азырынча Иран менен Түндүк Кореяга гана киргизилген. Эгерде Орусия эл аралык коомчулуктун катарынан чыгып калгандардын белгилүү чөйрөсүнө барып кошулса, анда Батыштын көптөгөн банктары жана компаниялары өздөрү өлкөдө иштөөдөн жана орус бизнеси жана мамлекети менен кызматташуудан баш тартышат.

SWIFT өчүрүлгөн болсо, Орусиялыктар Орусияда карта менен төлөп, валюталык эсеп ача алабы?

Кыскасын айтканда, ооба, андай кылса болот.

2014-жылы Крымды аннексиялап алгандан кийин, Орусия санкцияларга кабылып, SWIFT’тен ажырап калуу коркунучуна кабылганда, Россиянын Борбордук банкы СПФС деген ат менен орус банктарынын ортосунда төлөм тапшырмаларын алмашуу үчүн өзүнүн аналогун түзгөн. Кээ бирлер аны колдонушат, бирок SWIFT иштеп жатканда, көпчүлүгү бирдиктүү жана тааныш системада иштешүүнү артык көрүшөт. Бирок, керек болсо, алар өздөрүнүкүнө өтөт.

SWIFT өчүрүлгөн болсо, Орусиялыктар Орусияда карта менен төлөп, валюталык эсеп ача алабы?

Сүрөттүн булагы, AFP

Орусиялыктар өз ара эсептешүүлөрүн рубль менен гана жүргүзүшкөндүктөн, алардын операциялары боюнча инструкцияларды чет өлкөдөгү корреспондент-банктарга жөнөтүүнүн кереги жок, бул SWIFTти өчүрүү ички рубль төлөмдөрүн кечиктирбейт дегенди билдирет.

Төлөм карталары боюнча да абал ушундай. 2015-жылы эл аралык Visa жана MasterCard лидерлери ички төлөмдөрдү иштетүүнү жана клирингди Орусияга өткөрүп берүүнү макулдашышкан. Бирок, бир нерсе болсо, өлкөнүн өзүнүн улуттук төлөм системасы болгон "Мир" бар.

Чет элдик валютадагы эсептерге келсек, анда кайра эле, банкты SWIFT’тен ажыратып салуу аманатчыларды бардык аманаттарды рублга которууга мажбурлабайт. Анткени SWIFT Орусиянын банктары доллар, евро, фунт же юаньда корреспонденттик эсептерди ачкан корреспондент-банктарга тапшырыктарды гана жөнөтөт. Башкача айтканда, SWIFTтен техникалык жактан ажыратуу бул акчаны башка эсептерге буйрутмаларды которууну гана кыйындатат, бирок аларды андан баш тартууга мажбурлабайт.

Эгерде АКШ жана Евробиримдик орусиялыктардын доллар жана еврону колдонуусун чектөөнү кааласа, бул үчүн алар SWIFTти иштен чыгарууга караганда күчтүүрөөк курал бар - орусиялык банктарга жана компанияларга каршы түз санкциялар, бул аларды Батыш банктарында корреспонденттик эсептерди ачуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат, башкача айтканда валюталык операцияларды жүргүзүүгө бөгөт койот.

Буга чейин андай ыкма АКШ Кремлге жакын деп эсептеген “Россия” банкы сыяктууларга каршы абдан тандалма түрдө колдонулуп келген. Рубль эсептери, депозиттер жана эсептешүүлөр болсо мейли ал SWIFT, TARGET2 же "Facebook" болсун, эч кандай эл аралык системалардан көз каранды эмес.

SWIFT системасына бүтүндөй өлкөлөр эмес, ар бир банк өзүнчө туташкан. Демек, мамлекеттик банктар жана мамлекеттик компаниялар андан ажыратылган күндө да орусиялык банктардын бир бөлүгү системага кирүү мүмкүнчүлүгүн сактап кала ала турган жарым-жартылай вариант да болушу мүмкүн.

Орусиянын улуттук SWIFT ассоциациясынын директору Роман Чернов 2014-жылдын декабрында "Коммерсант" гезитине берген маегинде бул каналдан орус банктарын ажыратуу сунуштары кызуу талкууланып жатканда, андан келип чыгуусу мүмкүн болгон кесепеттерди айтып берген эле.

"Мен сизге эмне болорун айтып берейин: бул өлкөдө эч нерсеге таасир этпейт, жөнөкөй банк кардары муну байкабайт. Ал эми чет өлкөлүк контрагенттер менен өз ара иштешүү үчүн SWIFT’ке дээрлик альтернатива жок. Орус компаниялары, орусиялык банктар чет элдик банктарда ачылган корреспонденттик эсептерди башкара албай калат. Балким варианттар бардыр – факс же билдирүүлөрдү жөнөтүүнүн башка байыркы каражаттары, бирок мунун баары таш дооруна алып барат,"- деп ал билдирген. (DO)