Владимир Путин: Орус президентинин Индияга болгон сапары дүйнөлүк саясат үчүн эмнени билдирет?

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Индиянын премьер-министри Моди

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиянын президенти Владимир Путин менен Индиянын премьер-министри Моди

Орус президенттеринин Индияга жасаган иш сапары ар дайым ностальгия сезимин жаратат. Москва менен Делинин мамилеси Кансыз согуш доорунан башталган жана ошондон бери бекем болуп келет.

Бул туруктуу өнөктөштүк, глобалдык дипломатиянын ийгиликтүү окуяларынын бири жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен Индиянын премьер-министри Нарендра Моди үчүн дүйшөмбү күнү Делиде жолуккан кездеги берилүүчү жогорку баасы. Бирок наркы кымбат коргоо келишимдеринен, соода боюнча жарыяларынан, кол алышуудан жана Моди мырзанын өзгөчө белгилүү кучактоосунан тышкары, эки мамлекеттин алдында олуттуу кыйынчылыктарды жеңүү милдеттери турат. Бул негизинен эки өлкөнүн акыркы айларда жана жылдарда жасаган ар кандай геосаясий тандоосуна байланыштуу. Алардын бул маселелерди чечүү жолдору аймактык жана глобалдык саясатка таасирин тийгизет.

Индия-АКШ байланыштары жана Кытай фактору

Индия-АКШ мамилелеринин өнүгүп жатышы, акыркы он жылда Дели менен Москванын алакаларына олуттуу таасир эткен кыжырдантуучу факторлордун бири болуп саналат. Моди мырза Дональд Трамп үчүн, ал 2020-жылы Индияга барганда чоң жолугушуу өткөргөн.

Бул Вашингтонго колдоо көрсөтүүнүн байкамдуу көрүнүшү болду. Акыркы жылдарда Вашингтон менен мамилеси тынымсыз начарлап баратканына карабай, Москва мындай кыжырдантуучу моменттерди көз жаздымда калтырган. Бирок Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Индия “Төрттүккө” – АКШ, Жапония жана Австралия катышкан альянска кошулганда позициясын ачык айтууну туура көрдү.

Уюм “Төрттүк” аскерий эмес альянс экенин жана конкреттүү түрдө кайсыл бир өлкөгө багытталган эмес деп билдирди, бирок Лавров буга макул болгон жок. Анын айтымында, Батыш "Инд-Тынч океан стратегияларын жайылтуу менен Индияны Кытайга каршы оюндарга тартууга аракет кылып жатат".

Москвада кызмат өтөгөн Индиянын мурдагы дипломаты Анил Тригунаяттын айтымында, "Төрттүк" Орусия үчүн кызыл сызык жана бул сөзсүз түрдө эки лидердин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн бир бөлүгү болуп калат. Москванын "Төрттүк" боюнча тынчсыздануусун анын акыркы жылдары Пекин менен болгон мамилесинен дагы түшүнсө болот.

Тригунаят мырза кошумчалагандай, Орусия Азиядагы экономикалык жана геосаясий кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн Кытай менен тыгыз байланыш түзүүгө аргасыз болду, анткени АКШ баштаган Батыш дагы аймакта үстөмдүк кылууга умтулууда. Кытайдын АКШ менен болгон мамилесинин начарлашы да Пекин менен Москваны жакындаштырды көрүнөт.

Маселени андан ары татаалдаткан нерсе - акыркы убакта чыңалган Индия-Кытай мамилеси - эки өлкөнүн аскерлеринин ортосунда Ладактын Галван өрөөнүндө союлдар жана таштар менен кандуу кагылышуу болуп, 20 индиялык аскер набыт болгон. Кытай кийинчерээк бул кагылышууларда анын да аскерлеринин бир канчасы өлгөнүн тастыктаган.

Индия менен Кытайдын чек ара талаштары көптөн бери болуп келген

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Индия менен Кытайдын чек ара талаштары көптөн бери болуп келген
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Вашингтондогу Уилсон борборунун директорунун орун басары Майкл Кугельман жаңы геосаясий реалдуулуктар “Индия-Орусия мамилесине потенциалдуу коркунуч” деп эсептейт. Бул контекстте Путин мырзанын сапары өзгөчө мамилелерди колдоо үчүн маанилүү.

"Менин оюмча, Орусия үчүн бул окуянын максаты, геосаясий көрсөткүчтөр башканы көрсөтүп турган учурда, Москванын Нью-Дели менен мамилесинин маанилүүлүгүн бекемдөө", - деп кошумчалайт Кугельман мырза.

Бирок талдоочулар, анын ичинде Кугельман менен Тригунаят эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин мурдатан түзүлгөн пайдубалы алардын ортосундагы маселелерди чечүүгө жетиштүү деп эсептешет. Өлкөлөр кызматташууга боло турган бир нече багыттарга ээ – Ооганстан алардын бири. Дели Ооганстан менен мамилесин кармап калууга аракет кылгандыктан, бул сөзсүз түрдө талкуунун бир бөлүгү болот. Индиянын кошунасы жана эң негизги атаандашы болгон Пакистан азыр Ооганстанда стратегиялык терең позицияларга ээ, анткени ал Орусия, Иран жана Кытай менен бейрасмий биримдикти түзгөндөй.

Москва Делиге Ооганстанда жоготгон позицияларын калыбына келтирүүгө жардам бере алат, анткени экөө тең өлкөнүн келечегине тынчсызданышат.

"Орусия да, Индия да Талибан менен Хакканинин тармагынан, ошондой эле Ооганстандан чыгып, алардын өлкөлөрүнө таасир этүүчү террордук потенциалдан этият болушат. Демек, Ооганстан чындап эле Нью-Дели менен Москванын ортосундагы күчтүү келишимдердин аймагы болуп саналат", - дейт Дерек Гроссман, АКШда жайгашкан RAND корпорациясынын аналитикалык борборунун коргоо боюнча улук аналитиги.

Индия жана Россия буга чейин эле Брикс (ошондой эле Бразилия, Кытай, Түштүк Африканы камтыйт), Шанхай Кызматташтык Уюму (Ошондой эле Кытай, Пакистан жана Борбордук Азия өлкөлөрүн камтыйт) жана РИК (Орусия, Индия жана Кытай) сыяктуу бир нече көп улуттуу форумдарда өнөктөш. Бул форумдар Москва менен Делиге эки тараптуу жана глобалдуу маселелер боюнча тыгыз кызматташууга мүмкүнчүлүк берет.

Ал эми Кытай бул форумдардын мүчөсү экенин эске алганда, Москва Пекин менен Делинин талаш жараткан чек арадагы тынчтыкты сактоо максатында бири-бири менен мамиле кылуусун камсыз кылуу үчүн ачык болбосо да, өз таасирин колдоно алат.

Соода жана коргонуу

Визиттин көрүнүктүү бөлүгү катары Орусияда жасалган С-400 ракетадан коргонуу системасынын Индияга жеткирилгени болушу ыктымал. Бул дүйнөдөгү аба чабуулунан коргонуу системаларынын эң татаал түрүнүн бири. Ал 400 км (248 миль) аралыкка жете алат жана бир эле учурда 80ге чейин бутаны атып, ар бирине экиден ракетаны багыттай алат.

Система Индияга Кытай менен Пакистанга каршы чечүүчү стратегиялык коргонуу мүмкүнчүлүгүн берет, ошондуктан Индия АКШнын санкциялар менен коркутууларына карабай ракеталарды алууну чечти. Вашингтон бир нече орус фирмасын санкцияга алган. Санкциялар аркылуу Американын душмандарына каршы күрөшүү мыйзамы (Caatsa) 2017-жылы Орусия, Иран жана Түндүк Кореяга экономикалык жана саясий санкцияларды киргизүү үчүн киргизилген.

Ошондой эле бул мамлекеттер менен коргонуу келишимдерин түзүүгө кандай өлкө болбосун тыюу салат. Келишим АКШ менен Индиянын ортосунда чыңалууну жаратуусу мүмкүн болсо да, Москва Делинин позициясына канааттангандай. Индиянын С-400 келишиминин көлөкөсүндө эки супер держава менен болгон алакаларда тең салмактуулукту кантип кармап жатканын көрүү кызыктуу болот. Индиялык дипломаттар С-400дү сатып алуу чечими Индиянын белгилүү "стратегиялык автономия" практикасына туура келет деп эсептешет жана АКШ муну сыйлашы керек экенин белгилешет.

Тригунаят мырзанын айтымында, Индиянын чоң коргонуу бюджети да ага стратегиялык артыкчылык берет. "Дүйнөлүк мамилелердин көбү транзакциялуу жана бул Москва менен Делиге да тиешелүү", - деп кошумчалайт ал.

S-400 дүйнөдөгү эң татаал ракетадан коргонуу системаларынын бири

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, S-400 дүйнөдөгү эң татаал ракетадан коргонуу системаларынын бири

SIPRI коргонуу аналитикалык борборунун отчетуна ылайык, Индия дүйнөдө экинчи ири курал импорттоочусу болуп саналат жана дүйнөлүк коргонуу соодасынын болжол менен 10% түзөт. Индиянын алып жаткан курал-жаракты диверсификациялоо жана ата мекендик коргонуу өндүрүшүн көтөрүү чечиминен улам Москванын үлүшү 70%дан 49% га чейин төмөндөп кеткенине карабастан, ал Индиянын эң ири курал берүүчүсү бойдон калууда.

АКШ 2011-2015-жылдар аралыгында Индиянын Орусиядан кийинки экинчи ири курал-жарак сатып алган өлкөсү болгон, бирок 2016-2021-жылдар аралыгында ал Франция менен Израилден артта калган. Вашингтон мындан да жакшыраак иштегиси келет жана талдоочулар бул Индияга рычаг берет деп айтышат.

Россия ошондой эле Индияга коргонуу экспортун көбөйтүүгө аракет кылат жана ушуга улай кээ бир ири келишимдер дүйшөмбү күнү жарыяланышы мүмкүн. Бирок эки өлкөнүн ортосундагы коммерциялык соода алардын потенциалынан бир топ төмөн бойдон калууда. Индия өкмөтүнүн отчетуна ылайык, 2019-жылы эки тараптуу соода-сатык (пандемияга чейинки деңгээл) 11 миллиард долларды түзгөн жана ал Россиянын пайдасына бурулган, анткени ал 7,24 миллиард долларлык товарларды жана кызматтарды экспорттогон. Салыштыруу үчүн, Индия менен АКШнын эки тараптуу товар жана кызмат соодасы ушул эле мезгилде 146 миллиард долларды түзгөн.

Эми Орусия менен Индия 2025-жылдын аягына чейин эки тараптуу сооданын көлөмүн 30 миллиард долларга жеткирүү максатын коюшту. Алар ортодогу сооданы диверсификациялоону көздөп, энергетика жана минералдык ресурстардан башка дагы соода-сатыктын түрүнө чыгууну көздөшөт. Билим берүү, кибер коопсуздук, айыл чарба, темир жол, фармацевтика жана таза энергетика алар көңүл бура турган башка тармактардын кээ бири.

Индиянын Россиянын Ыраакы Чыгыш аймагына инвестиция салуусу үчүн ишканаларга 1 миллиард доллар кредит берүү чечими да өлкөлөр ортосундагы сооданы өнүктүрүүгө жардам берет. Сунушталган Ченнай-Владивосток деңиз коридору боюнча да сүйлөшүүлөр күтүлүүдө. Бул маршрут бизнестин кошумча жолдорун ачат. Орусия жетектеген Евразиялык экономикалык биримдиктин Индия менен болгон эркин соода келишими боюнча сүйлөшүүлөр да алдыга жылышы мүмкүн.

Келишим ишке ашса, бул ишкерлерге товарларды эки аймактын ортосунда оңой алып өтүүгө жардам берет. "Соода, коргонуу келишимдери актуалдуу бойдон калса, бул эки өлкө геосаясаттагы айырмачылыктарды чечүүнүн жолун табат" деп кошумчалайт Кугельман мырза. (DO)