Байден Украинага кол салуу коркунучунан улам Путинге "катаал чараларды көрөөрүн" эскертти

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШ Орусиянын Украинага басып кирүүсү тууралуу кооптонуулардан улам "чечкиндүү жоопторду" даярдап жатканын президент Байден менен Владимир Путиндин сейрек учурларда гана болуучу сүйлөшүүсүнөн кийин билдирди.
Вашингтон видео шилтемеде Байден мырза орус аскерлеринин санынын көбөйүшүнө байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирип, "катаал экономикалык жана башка чараларды көрөбүз" деп эскерткенин айтты.
Орусия Украинага кол салбай турганын айтууда.
Путин мырза Киевди чагымчылдык үчүн айыптап, НАТОнун чыгышты көздөй кеңейүүсү жана Орусияга жакын жерде чабуул коюучу куралдардын жайгаштырылуусу болбойт деген кепилдик берүүнү талап кылды.
Сүйлөшүүлөр АКШнын чыгыш убактысы боюнча 10:07де (GMT 15:07; Москва убактысы боюнча 18:07де) башталды, деп билдирди Ак үй.
Алар мурунку администрациялардын тушунда орнотулган, бирок мурда эч качан колдонулбаган коопсуз видеобайланыш аркылуу сүйлөшүү жүргүздү, деп орусиянын ТАСС агенттиги билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн башталып жаткан видеотасмаларында АКШ жана Орусия лидерлеринин достук мамиледе саламдашуусу чагылдырылган. Андан соң сүйлөшүүлөр жабык эшик артында уланып, эки саатка жакын созулду.
Путин мырза сүйлөшүүлөрдү түштүктөгү Сочи курортундагы резиденциясында өткөрдү, деп билдирет ТАСС.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Шейшемби күнкү видео чалуудан кийин АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан журналисттерге Вашингтон талап кылына турган болсо, алдыдагы жумаларда чечкиндүү жоопторду даярдап жатканын айтты.
Ал Батыштын Орусиянын Крымды аннексиялап алганына карата токтолуп: "2014-жылы кылбаган нерселерди азыр кылууга даярбыз.
"Компромисстер көп болду, сөөмөйдү кезөөлөр болгон жок, бирок президент бул маселелердин бардыгында Кошмо Штаттары кандай позицияда турганын айкын түшүндү" деп кошумчалады ал.
Бул чаралар экономикалык санкцияларды жана башка аракеттерди камтыган, мисалы, НАТОдогу союздаштарынын аймагында кошумча аскерлерди жайгаштыруу жана Украинаны коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу.
Ал экономикалык чаралар кандай болушу мүмкүн экенин айтуудан баш тартып, АКШ аларды түздөн-түз орустарга айтууну артык көрөрүн айтты.
Бирок анын айтымында, Түндүк Агым 2, Германияга карай кеткен, али ишке кире элек жаңы куур, АКШ жана анын союздаштары үчүн "рычаг" болуп берди.
"Эгер Владимир Путин газдын ошол куур аркылуу өтүшүн көргүсү келсе, Украинага басып кирүү тобокелдигине баргысы келбеши мүмкүн.
Буга чейинки маалыматтарда эгерде Украинага кол салуу болсо америкалык аткаминерлер Германия менен газ куурун жабуу боюнча макулдашууга жетишкени айтылган.
Башка мүмкүн болгон чаралар Орусиянын банктарынын рублди чет элдик валютага конвертациялоосун чектөө, ал тургай Орусияны Swift дүйнөлүк каржылык төлөм системасынан ажыратууну да камтыйт, деп айтылат билдирүүдө.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Мамлекеттик Департаменттин кабарчысы Барбара Плетт-Ашердин анализи
Байдендин администрациясы көңүлүн толугу менен Кытайга буруп турган учурда, Орусия менен мамилени бир калыпта сактоого үмүттөнгөн. Бирок АКШ Кремльдин Европага болгон потенциалдуу коркунучуна каршы турууда лидерликти колго алды.
Президент Байдендин орус кесиптеши Владимир Путин менен болгон видео чалуусу европалык өкмөттөр менен туруктуу дипломатиялык алакалар болуп жаткан тушта уюштурулду. Жолугушууга бир нече жума калганда администрация өкүлдөрү батыштык өнөктөштөр менен Москванын Украинанын чек арасына жакын жерде аскерлерин топтоп жатканын көрсөткөн чалгындоо отчеттору менен бөлүштү. Сыягы, аларды дагы бир басып кирүүнү токтотуу максатында катуу санкциялар керек экенине ынандырды.
Бул Байден мырза орус лидерине аскерий аракеттердин баасы буга чейинки болгон бардык нерседен да кымбатка турарына ынандыруу максатында көрсөткүсү келген бирдиктүү фронт болчу. Ал муну жолугушууга чейин жана андан кийин европалык лидерлерге жасаган чалуулар менен бекемдеди.
Америкалыктар болуп көрбөгөндөй санкциялар пакетин иштеп чыгуу үчүн европалыктар менен тыгыз координацияда иш алып барууда, жана, эгерде Путин мырза бул билдирүүнү көңүлгө албоону чечсе, санкцияларды ишке киргизүүгө даяр.
"Ишенимдүү кепилдиктер"
Ошол эле учурда Кремлдин билдирүүсүндө (орус тилинде) Путин мырза Орусия бул чыңалуу үчүн жооптуу деп айтылбашы керек, анткени НАТО “Украинанын аймагын басып алуу аракетин кылып,” Орусиянын чек арасына жакын жерде “аскердик потенциалын жогорулатуу менен коркунучтуу аракеттерди жасап жатат” деп баса белгилеген.
"Ошондуктан Орусия НАТОнун чыгышты көздөй экспансиясына жана чабуулдук курал системаларынын Орусия менен чектеш өлкөлөрдө жайгашуусуна жол бербөө үчүн мыйзамда бекитилген ишенимдүү кепилдиктерди алууга олуттуу кызыкдар", - деп айтылат билдирүүдө.
Украинанын президенти Владимир Зеленский сүйлөшүүлөр “эч кандай сенсация алып келбесе да, Байдендин “чексиз колдоосуна” ыраазы экенин айтты.
Байден мырза менен Путин мырза акыркы жолу июнь айында Швейцарияда жекеме-жеке жолуккан, бирок өз элчилерин кайра жөнөтүү жана өзөктүк куралды көзөмөлдөө боюнча диалогду баштоо тууралуу макулдашуулардан тышкары эч кандай жылыш болгон эмес.
Ак үй дүйшөмбү күнү кечинде болгон конференц-чалууда АКШ, Улуу Британия, Франция, Германия жана Италиянын лидерлери Орусия кол сала турган болсо, “орус экономикасына олуттуу жана оор зыян келтирүү үчүн” биргелешкен стратегияны түзүшкөнүн билдирди.
Байден мырза Путин мырза менен болгон сүйлөшүүлөрүнөн кийин Европанын төрт лидери менен дагы сүйлөштү.
Украинанын чек арасына жакын жерде 90 миңден ашуун орус аскери топтолгон деп болжолдонууда. Орусиянын соңку куралдуу күчтөрүнүн чоң бөлүгү Орусия Украинадан тартып алып, андан соң 2014-жылы аннексиялап алган Крымда жайгашып турат. Аскерлер Украинанын чыгышындагы бир бөлүгү Орусия колдоп жаткан сепаратисттердин көзөмөлүндө турган Донецк жана Луганск аймактарына жакын жерде да чогулуп жатат. Украин бийликтери Москва январдын аягында аскерий чабуул жасоону пландап жатышы мүмкүн деп билдирген. Орусия колдогон күчтөр Украинанын чыгышындагы ири аймактарды басып алгандан берки жети жылдык кагылышууда 14 миңден ашуун адам каза болду. (DO)












