АКШ дипломаттары 2022-жылкы Бээжиндеги Кышкы Олимпиада оюндарына бойкот жарыялашты

Америка дипломаттары Бээжиндеги Кышкы Олимпиада оюндарына бойкот жарыялашты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

АКШ 2022-жылы Кытайдын Бээжин шаарында өтүүчү Кышкы Олимпиада 2022ге дипломатиялык бойкот жарыялады. Ак үй Кытайдагы адам укуктарынын абалына тынчсыздангандыктан бул оюндарга расмий делегация жөнөтүлбөй турганын билдирди. Билдирүүдө америкалык спортчулар олимпиадага катыша алары жана өкмөттүн толук колдоосуна ээ болору айтылган.

Кытай буга чейин бойкот жарыяланса "чечкиндүү каршы чараларды" көрөрүн билдирген. АКШнын президенти Жо Байден өткөн айда бул иш-чарага дипломатиялык бойкот жарыялай турганын айткан. Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки дүйшөмбү күнү бойкотту ырастап, администрация Олимпиаданын "шаңданышына" салым кошпой турганын айтты.

"АКШнын дипломатиялык же расмий өкүлчүлүгү КЭРдин (Кытай Эл Республикасынын) Шиңжан аймагында адам укуктарын одоно бузулуп жана зомбулук оорун алып жатканда, бул оюндарга адаттагыдай иш катары мамиле кылышы мүмкүн эле, бирок, биз андай кыла албайбыз" - деди ал.

Псаки айым АКШ өкмөтү "ушул учурга чейин машыгып келген спортчуларды ыңгайсыз абалга кою туура кадам" деп эсептебей турганын, бирок АКШнын расмий делегациясын 2022-жылкы Оюндарга жөнөтпөө "кескин билдирүүнүн белгиси экенин" кошумчалады.

Саясий манипуляция

АКШнын жарыясына жооп кылып, Кытайдын Вашингтондогу элчилиги бойкотту “Олимпиада Хартиясынын маанисин олуттуу бурмалоо” деп билдирди.

"Бул адамдардын келер-келбеши эч кимди кызыктырбайт жана бул Бээжин-2022 Кышкы Олимпиада оюндарынын ийгиликтүү өтүшүнө эч кандай таасир этпейт", - деди элчиликтин басма сөз катчысы Лю Пенгю, Рейтер агенттигине.

Лю мырза кошумчалагандай, америкалык саясатчыларга эч кандай чакыруу жиберилбегендиктен, "бул дипломатиялык бойкот жок жерден келип чыккан".

Кытайдын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чжао Лицзян бул билдирүүнүн алдында "эгер АКШ ушул жолду карманууну кааласа, Кытай чечкиндүү каршы чараларды көрө турганын" айткан.

"Мен Кышкы Олимпиада оюндары саясий басым жана манипуляция жасай турган жер эмес экенин баса белгилегим келет", - деди Чжао мырза кезектеги пресс-брифингде.

Кытайдын Weibo социалдык медиа платформасында "АКШнын Бээжиндеги Кышкы Олимпиадага дипломатиялык бойкоту" деген издөө темасы шейшемби күнү эртең менен цензурага алынды.

Мамлекеттик маалымат каражаты болгон Global Times жарыялаган билдирүүнүн астындагы комментарийлердин көбү да өчүрүлүп, 1500гө жакын комментарийдин сегизи гана калтырылган.

"Олимпиада спортчулар үчүн, мунун... саясатчыларга кандай тиешеси бар? Бойкот жарыялаган күндө да, андан өзүңөрдүн мекендештериңер (анын ичинде спортчулар) гана зыян тартып калат", - деп жазылган комментарийлердин биринде.

Олимпиадалык оюндарга адатта АКШдан жана башка өлкөлөрдөн жогорку деңгээлдеги өкмөт өкүлдөрү катышат. Ушул жылдын башында биринчи айым Жилл Байден Токиодо өткөн жайкы Олимпиадада АКШ делегациясын жетектеген.

Робин Бранттын анализи

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Робин Брант, Би-Би-Синин Шанхайдагы корреспонденти:

Кытай акыркы бир нече күн ичинде мындай кадамды маанисиз деп четке кагып, алдын алуу аракетин көргөн.

Расмийлердин айтымында, ковиддин чектөөлөрүнө байланыштуу Бээжин жана ЭОК эч кандай даражалуу конокторду ансыз да чакырган эмес.

Бул чечим "Кансыз согуштан калган менталитеттин" дагы бир белгиси катары шылдыңга алынарын күтсөңүз болот. Бирок Жо Байдендин же кандайдыр бир жогорку даражалуу саясий ишмердин геноцид кылып жаткан өкмөт өткөргөн Оюндарга келиши ар дайым күмөндүү болчу.

Бул чечимге чейин бир нече ай ичинде мен сүйлөшкөн АКШнын жогорку даражалуу дипломаты, алар өз спортчуларына Шинжаң менен Гонконгдо болуп жаткан окуялар тууралуу маалымат берүүнү аракет кылышарын айткан. Алар Пекиндеги иш-чаралардын ортосунда спортчулардын арасында жай отуруп сүйлөшүү сыяктуу нерсени караштырышкан.

Эми Улуу Британия да бул чечимди ээрчийби? Лондон расмий түрдө Си Цзиньпиндин коммунисттик режимин геноцид үчүн айыптабайт, бирок тышкы иштер министри Лиз Трасс жеке сүйлөшүүлөрүндө ушундай кепти бышыктаганы кабарланууда. (DO)