АКШ президенти Жо Байден "кымбаттуу досу" Боб Доулга таазим кылды

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШнын президенти Жо Байден 98 жаштагы республикачы Боб Доулдун каза болгонуна карата Америкадагы саясий атаандаштыктын эки тарабынан тең айтылып жаткан көңүл айтуулардын сап башында турду.
Президент Байден Доулду "кымбаттуу дос" жана "биздин тарыхыбызда сейрек кездешкен америкалык мамлекеттик ишмер" деп белгиледи.
Доул узак убакыт Канзас штатынын сенатору болгон. Ал 1996-жылы Республикалык партиядан президенттикке талапкер болуп, демократ Билл Клинтонго утулуп калган.
Ал ошондой эле Экинчи Дүйнөлүк Согуштун уруш талаасында курман боло жаздаган ардагери болчу.
Доулдун өлүмү тууралуу кабарды анын жубайынын фонду жарыялап, ал "Америка Кошмо Штаттарына 79 жыл бою берилип кызмат кылды" деп билдирген.
Доулдун 1996-жылкы шайлоодогу атаандашы Билл Клинтондун айтымында, Доулдун үлгүсү "азыркы күндөгү жана кийинки муундагы адамдарды шыктандырышы керек".
Мурдагы республикачыл президент Жорж Буш Доул "америкалык баалуулуктарды алып жүргөндөрдүн эң сонун өкүлү болгон" деп айтса, анын демократ мураскери Барак Обама аны "согуштун баатыры, саясий лидер жана мамлекеттик ишмер" деп атады.
Конгрессте, Өкүлдөр Палатасынын спикери, демократ Нэнси Пелоси АКШнын Капитолийиндеги желектерди аза күтүү белгиси катары жарымына чейин ылдый түшүрүүнү буйруду.
Сенаттын республикачыл лидери Митч МакКоннелл Доул "ага канчалык сый-урмат көрсөтсо дагы жетишсиз болгон, толуккандуу, окуяларга бай жана өтө ардактуу Америкалык жашоодо жашап өткөн" деп билдирди.
Тамашакөйлүгү менен белгилүү
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Доул Канзас штатында Улуу Депрессия маалында чоңойгон жана саясий карьерасын баштаганга чейин, анын оң колун иштен чыгарган жаракаттардан аман калган, ага карабай, кийинчерек ал АКШнын Канзас штатынын сенатору болуп беш жолу шайланган жана Сенатта көпчүлүктүн жана азчылыктын лидери катары кызмат кылган.
Ал 1976-жылы Жералд Форддун вице-президенттигине талапкер болуп, демократтар Жимми Картер менен Уолтер Мондейлге утулуп калган.
Доул 1996-жылдагы президенттик жарышта Билл Клинтондон кийинки экинчи орунда турган. АКШнын экономикасы гүлдөп турган маалда, ошол кездеги жаш президентке каршы чыккан.
Саясий жактан ал демократтар менен эки тараптуу демилгелерде, атап айтканда, майыптардын укуктары боюнча иштөөгө даяр болгон прагматик катары белгилүү болгон.
Ал ошондой эле ачык сүйлөгөн, курч, кээде өзүн-өзү сындаган акылмандыгы менен да белгилүү болгон.
1976-жылы вице-президенттик дебатта кетирди делген кемчилигинен кийин ал: "Мен талылуу жерге согушум керек болчу. Мен дал ошондой кылдым – бирок өзүмдү" деди.
Билл Клинтон 1997-жылы ага Президенттик Эркиндик медалын тапшырганда ал президенттер ант бергенде окула турган антты окуп баштап, кайрадан "кечиресиздер, бөлөгүн айтып алыптырмын " деп тамашалаган. (DO)












