Америкада мусулмандар башкарган шаар

Мичиган штатындагы Хамтрамк шаарынын негизги көчөсүндө сейилдеп жүрүү дүйнө жүзүнө саякат кылгандай сезилет.
Польшанын колбаса азыктары сатылган дүкөн, Чыгыш Европанын наабайканасы, Йемендин универмагы жана бенгал кийим дүкөнү катар жайгашкан. Чиркөөнүн коңгуроосу азан менен бирге угулат.
“Эки чарчы милдеги дүйнө” — Хамтрамк өз ураанына шайкеш жашайт. 5 чарчы километр аймакта 30дай тилде сүйлөшөт.
Ушул айда АКШнын ортоңку батыш аймагындагы 28 миң калкы бар шаарча жаңы баскычты баштан өткөрдү. Хамтрамк шаардык кеңешине мусулмандар шайланып, мэрликке дагы мусулман киши келди. Бул АКШдагы америкалык мусулмандардан түзүлгөн эң биринчи өкмөт болуп калды.
Бир убактарда басмырланган мусулман тургундар көп маданияттуу шаардын ажырагыс бөлүгүнө айланып, азыр андагы калктын жарымынан көбүн түзүп калышты.
Экономикалык кыйынчылыктарга жана маданий талаш-тартыштарга карабастан дини жана маданияты ар башка болгон Хамтрамктын тургундары ынтымакта жашоо-турмуш өткөрүп келишет.
Бирок, Хамтрамк бөтөнчө учурбу же кабыл алынган эрежеби?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Хамтрамктын тарыхы көчөлөрүнө чегилген. Эң алгач немистер келип отурукташкан жер азыр Американын мусулмандар басымдуулук кылган шаарчасына айланды.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Дүкөн текчелеринде арабча жана бенгалча жазылган көрнөктөр коюлган. Ошондой эле, Бангладештин колго тигилген кийимдерин жана Йемендин ийилген канжарларын көрүүгө болот. Мусулман жашоочулар болсо поляктардын крем толтурулган пачки аттуу таттуу токочторyн сатып алуу үчүн кезекке турушат.
“Бир эле көчөдө кыска юбка, татуировка менен жүргөн жана бурка кийип сейилдеп жүргөндөрдү көрүү көп кездешкен көрүнүш. Бул биздин жашообуз”, - дейт Хамтрамктын борборунда кафе иштеткен босниялык иммигрант Златан Садикович.
Шаар бийлигинин жаңы курамы Хамтрамктын өзгөрүп жаткан демографиялык абалынан кабар берет. Шаардык кеңешке бенгал тектүү эки америкалык, йемен тектүү үч америкалык жана исламды кабыл алган поляк тектүү бир америкалык кирет.
Добуштардын 68% ээ болгон Амир Галиб АКШдагы эң биринчи йемен тектүү америкалык мэр болуп калмакчы.
“Башым көккө жетип, сыймыктанып турам. Бирок, бул чоң жоопкерчилик экенин билем”, - деди 41 жаштагы Галиб.
Йемендеги бир айылда төрөлгөн Амир Галиб 17 жашында АКШга келген. Алгач келгенде Хамтрамктын жанындагы машинанын пластикалык бөлүкчөлөрүн чыгарган заводдо иштеген. Кийинчерээк ал англисче үйрөнүп, медициналык билим алган. Азыр ал медицина кызматкери катары эмгектенет.
Шаардык кеңешке шайланган Аманда Яцковскинин айтымында, “эриген казан” же “салат чынысына” караганда Хамтрамк “жети катмарлуу торт” сыяктуу. Анда ар түрдүү топтор өздөрүнүн бөтөнчө маданияттарын сактап, ошол эле маалда бири-бири менен тыгыз байланышта жашашат.
“Бири-бириңе жакын жашаганда, ар түрдүүлүктү баштан өткөрүүгө мажбур болосуң”, - дейт 29 жаштагы Яцковски.
Бирок Хамтрамк “Диснейленд эмес” дейт кызматтан кетип жаткан мэр Карен Маевски. Ал шаар башчылыгын 15 жыл аркалаган. “Бул болгону кичинекей жер. Бизде дагы жаңжалдар чыгат”.

Сүрөттүн булагы, Аманда Яцковскинин сүрөтү
Талаш-тартыш 2004-жылы күчөп кеткен. Анда азанды үн күчөткүч менен айтууга добуш берүү маселеси көтөрүлгөн эле. Айрым тургундар мечиттердин жанындагы барларга тыюу салуу жергиликтүү экономикага залакасын тийгизет дешкен.
Алты жыл мурда, бийликте мусулмандар көпчүлүктү түзгөн Американын эң биринчи шаарына айланганда, дүйнөнүн булуң-бурчунан журналисттер Хамтрамкка келишкен эле. Ошол учурдагы айрым маалымат каражаттары шаарчага мусулмандар агылып жаткандыктан кандайдыр бир “чыңалган” картинаны көрсөтүшкөн. Улуттук теле алып баруучу Маевскиден мэр болуудан коркуп-коркпогонун сураган.
Ал тургай айрымдар мусулмандар башкарган шаардык кеңеш шариат мыйзамдарын киргизиши мүмкүн деп жоромолдоп жиберишкен болчу.
“Хамтрамкта адамдар ошол сыяктуу сөздөргө көздөрүн сүзүп коюшат”, - дейт Маевски.
Ал Хамтрамктын меймандос коомчулугуна “канааттанарын” айтат. Анын айтымында, жаңы келгендердин өз тажрыйбасын жана тилин түшүнгөндөргө добуш бериши “табигый” көрүнүш.
АКШда эл каттоо дин жөнүндө маалыматтарды чогултпайт. Бирок Pew изилдөө борборунун эсеби боюнча, 2020-жылы АКШда 3,85 млн мусулман жашаган жана алар өлкө калкынын болжолдуу 1,1% түзгөн. АКШда 2040-жылга чейин мусулмандар христиандардан кийинки эле экинчи чоң диний топко айланат деген жоромолдор бар.
Саны көбөйүп жаткан болсо да Америкада мусулмандарга карата терс көз караштар жок эмес.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Хамтрамк — жеке маалымат алуу исламофобияны ооздуктай турганына жандуу мисал.
Нью-Йорктогу 9/11 теракт окуяларынан кийин эле шаардык кеңешке талапкерлигин койгон Шахаб Ахмед курч тирешти баштан өткөргөн.
“Мени учакка жетпей калган 20-айдап качкан адам деген кагаздар шаардын ар кайсы жеринде таратылган”, - дейт бенгал тектүү америкалык. 2001-жылы шайлоодо жеңилип калгандан кийин Ахмед өзүн тааныштыруу үчүн кошунасынын эшигин каккан. Ал эки жылдан кийин шайланып, Хамтрамк шаар бийлигинин эң биринчи мусулман өкүлү болуп калган.
Ошондон бери шаарда мусулман коомчулугун колдоо көбөйгөн.
2017-жылы Трамптын бийлиги сырттан келгендерге кирүүгө тыюу салганда хамтрамктыктар каршылык көрсөтүү үчүн биригишкен.
“Ал кандайдыр бир деңгээлде аябай көп адамды мобилизациялады. Анткени, Хамтрамкта жашоо үчүн башкаларды сыйлашың керек экенин баары түшүнөт”, - дейт “Хамтрамк, АКШ” аттуу даректүү тасманын режиссерлорунун бири Рази Жафри.
Улуттук деңгээлде алганда америкалык мусулмандар дагы саясий жактан көп көзгө көрүнө баштады. 2007-жылы миннесоталык демократ Кит Эллисон конгресстеги эң биринчи мусулман болгон. АКШнын азыркы конгрессинде төрт мусулман бар.
Ушул айдагы Хамтрамк шайлоо күнүндө ондогон тургундар бири-бири менен амандашуу үчүн добуш берүү участкаларынын алдында чогулушуп, көпчүлүгү “Мен добуш бердим” деген стикерлерди көрсөтүп жүрүштү.
“Иммигранттар демократиялык иш-чарага катышканы үчүн аябай кубанышкан. Адамдарды бириктире билүү — бул америкача”.

Бирок, өлкөнүн калган бөлүктөрүндөй эле бул шаарда да маданий жактан катуу талаш-тартыштар болуп турат.
Июнда шаар бийлиги мэриянын алдында гей прайддын байрагын илүүнү жактырганда айрым тургундар кыжырданган. Жеке менчик бизнестердин жана турак-жайлардын сыртында илинген прайд байрактарды айрып салышкан. Маевскинин шаардын ортосундагы винтаж кийимдер сатылган дүкөнүнүн сыртындагы прайд байракты да жыртышкан. “Бул адамдарга коркунучтуу белги берет”, - дейт ал.
Марихуана дагы талаш-тартыштарга жол ачкан. Хамтрамкта үч диспансердин ачылышы мусулмандарды дагы, поляк-католиктерди дагы чочулаткан.
Башка тургундар болсо консервативдүү мусулман жамааттарында аялдардын саясатка аз аралашканына тынчсызданышат.
Шайлоо өткөн түнү жаңы мэр болуп шайланган Амир Галиб көңүлү куунак йемен тектүү америкалыктардын курчоосунда баклава менен кебаб жешип, шайлоодон кийинки салтанатка катышты. Ал жерге 100дөн ашуун тарапташы чогулуп, алардын баары эркек кишилер эле.
Галибдин айтымында, шайлоо өнөктүгүнө аялдар катышкан, бирок аял-эркекке бөлүү, бир топ “америкалашып” кеткен жашыраак муун тарабынан дагы каршылыктар айтылса да, салт бойдон калган.
Хамтрамк “Дат баскан кур” шаарларына мүнөздүү болгон, талкаланган инфраструктура жана чектелүү экономикалык мүмкүнчүлүктөр сыяктуу көйгөйлөргө туш болууда. Жай ичи жааган кара нөшөр шаардын канализациясын толтуруп, көптөгөн турак-жайларды суу каптаган.
Шаардагы ичүүчү суунун үлгүлөрүнөн коргошундун чоң көлөмү аныкталып, өлкө боюнча баарынын көңүлүн өзүнө бурган. Шаардагы калктын дээрлик жарымы жакыр жашайт. Булар шаардын жаңы бийлиги туш боло турган орчундуу маселелердин айрымдары гана.
“Мусулмандар басымдуулук кылган шаарда демократия кандайбы? Башка жактардагыдай эле, баш аламан жана татаал”, - дейт даректүү тасма тарткан Рази Жафри. (EA)












