Америка шайлоосундагы диний ишенимдин ролу

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Оо кудай, Америкага ырайым кыл". АКШ президентинин эл алдындагы кайрылууларынын баары ушундай сөз менен аяктайт. Дин америка саясатында ар дайым сезилерлик таасирге ээ болуп келген. Ошондуктан президенттик шайлоо өнөктүгүндө республикачылар дагы, демократтар да динге ишенгендерден колдоо сурайт.
Америка мурдагыдай эле өтө динчил өлкө. Gallup компаниясы өткөргөн сурамжылоонун тыянагында, 64 пайыздан 87 пайызга чейинки америкалыктар кудайга ишенерин айткан.
АКШ саясатчылары мындай шайлоочулардын светтик темадагы, айталы, экономика, аборт, ЛГБТ, экология маселеси боюнча диний ынанымдары менен эсептешүүгө мажбур. Талапкерлердин расмий биографиясында ал кайсыл багыттагы чиркөөгө таандык экени дагы так көрсөтүлүүгө тийиш. Конгресстин бардык мүчөлөрүнүн (535 киши) ичинен жалгыз гана демократтардын өкүлү Кирстен Синема эч кандай динге тиешеси жок экенин айтып келет.
Азыркы президент Дональд Трамп кайрылууларында дайыма кудайды оозанат жана динге ишенгендерге түз кайрылат. Коомдун алдында болсо өзүн консервативдүү баалуулуктардын коргоочусу катары көрсөтөт. Бойдон алдырууга каршы, бир жыныстуу никеге каршы тескери пикирлерин мисал тартса болот.
Эксперттер Трамптын негизи электораты - ак түстүү христиандар деп көрсөтөт. АКШдагы динге ишенгендердин эң чоң бөлүгү ушулар экенин эсепке алганда, Трамптын колунда күзүрү бар деген ой келет. Бирок баары жөнөкөй эмес.
"Кара" жана "ак" чиркөөлөр
Америкалыктардын диний иденттүүлүгүнүн түзүмүн түшүнүү үчүн матрешканы элестетүү керек, дейт Gallup изилдөөчүлөрү. Чоң куурчакты өйдө көтөрүп, алдынан дагы ошондой кичирээк куурчакты көрөсүң. Бул ушунтип улана берет.
АКШдагы христиандар эки чоң топко бөлүнөт - католиктер жана протестанттар. Бирок америкалык протестанттарды бир нече түрдүү конфессияларга бөлсө болот. Иш жүзүндө мунун өзү бир диндеги кишилер бир гана талапкерди колдойт дегенди түшүндүрбөйт дегенге мисал.
Дональд Трамп ушул агымды карманат. Аны колдогондор көп болушу мүмкүн. Ошол эле маалда расалык фактор дагы мааниге ээ экенин унутпоо керек.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШда азырга чейин протестанттык чиркөөлөр "ак" жана "кара" болуп, чоң ажырым сакталып калган. Ак жана кара терилүү протестанттардын жолу дээрлик кесилишпейт. Соңку Pew Research Center сурамжылоосуна ылайык, ак түстүү евангелдик чиркөөнүн багытын кармангандардын 78 пайызы Трампты колдоого даяр. Ал эми "кара " евангелдик коомдун 90 пайызы демократтардын талапкери Жо Байден үчүн деп турат.
Ошону менен бирге эле АКШдагы эң динчил топ - кара терилүү америкалыктардын улуу мууну. Дал мына ушулар демократтардын негизги электоратын түзөт. Анын үстүнө "Каралардын өмүрү да мааниге ээ" кыймылы дагы диний коомдорго таасирин тийгизди.
Католиктер АКШдагы экинчи орунда турган диний коом саналат. Өлкөнүн жашы 18ден жогору калкынын 22 пайызынын башын кошот. Демократтардын талапкери Жо Байден дал ушул багытты карманат. Америкалык шайлоонун тарыхында үч гана талапкер католик болгон (баары демократтар): Жон Керри 2004-жылы, Жон Кеннеди 1960-жылы жана Альфред Смит 1928-жылы.
Pew сурамжылоосуна ылайык 51% католиктер гана бул жолку шайлоодо демократтар үчүн добуш берүүгө даяр экенин билдирген. Мунун өзү аларды монолиттүү топ катары карабаш керектигине бир далил.
Андан сырткары дайыма сыйынып турган жана АКШ калкынын 5 пайызын түзгөн ак түстүү католиктердин көпчүлүгү (62 пайыз) Дональд Трамптын ишмердүүлүгүнө оң көз карашта.
Gallup изилдөөчүлөрүнүн пикиринде, өтө динчил америкалыктар адатта республикачыларды кубаттайт. Мунун негизги себептеринин бири алардын бойдон алдырууга каршы пикири. Шайлоодо аялдар укугун колдоп чыккан Байден үчүн бул жагдай дагы маселе жаратышы мүмкүн. Салтка айланып калгандай демократиялык партияны либералдуу маанайды карманган чиркөөлөр колдоп келет. Демократтарды мусулмандар жана иудаизмдин прогрессивдүү жактоочулары колдошот.

Сүрөттүн булагы, AFP
Мыйзам боюнча чиркөөлөргө кайсыл бир талапкерди шайлагыла деген үгүт жүргүзүүгө тыюу салынган. Иш жүзүндө динаятчылардын өзү муну бузган учурлары кездешип жүрөт.
Динчил электоратты тартуу аракети
"Менин администрациям динге ишенген америкалыктардын укугун коргоо үчүн күрөштү эч качан токтотпойт",-деген Дональд Трамп ушул жылы тарапташтарынын митингинде.

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Рейтер агенттигинин эсеби боюнча, Трамп президенттигинин алгачкы 200 күнүндөгү сүйлөгөн сөздөрүндө 100 жолу Кудайды оозанган. Салыштырсак, Барак Обама 43 жолу жана Жорж Буштун кичүүсү 60 жолу оозанган экен. Ошол эле маалда Дональд Трамптын канчалык динге ишенери дагы чоң суроо болуп, маал-маалы менен талкууга түшүп келүүдө.
Кайсыл бир диний топтордун добушу кимге берилерин салттуу келе жаткан көрүнүштөрдөн улам болжоого мүмкүн. Бирок Трамптын динчилдерди өзүнө тартуу аракетинен майнап деле чыкпай калышы ыктымал. (AbA)













