АКШ шайлоосу: Кытай кайсыл талапкердин жеңишин каалайт?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШдагы президенттик шайлоого бүтүндөй дүйнө көз салып турат. Шайлоонун жыйынтыгы дүйнөлүк экономикага жана дипломатиялык мамилелерге түздөн-түз таасир этет. Кытайдын Коммунисттик партиясы АКШдагы шайлоону бир четинен интрига катары караса, экинчи тарабынан ага кыжырданат.
Калкынын саны 1.4 миллиардды түзгөн Кытайда маалымат эркин эмес. АКШдагы шайлоо тууралуу көптөрдүн бир тараптуу гана маалыматы бар.
Бул жолу АКШдагы шайлоо коронавирус пандемиясы, экономикалык каатчылык, саясий кризис учурунда өтүп жатат. Мунун баарына байкоо жүргүзгөн Кытай дүйнөлүк арена өзгөрүп жатканын сезгендей. Бул ирет Кытайдын авторитардык бийлиги эмес, Батыштын демократиялык баалуулуктары коркунучка кептелди.
Дүйнөдөгү эң кубаттуу экономика, ачык-айкын коом деп саналган өлкөдө коронавирус кеңири жайылууда. Жоопкерчиликти алган расмийлер жок. Ал тапта Кытай дүйнө коомчулугунун сынына кабылганына карабастан, коопсуздук кызматкерлеринин көзөмөлү, эркин кыймылды чектөө, карантин чараларын бекем сактоо, вирусту аныктоо үчүн жалпы тестирлөө ыкмалары менен Covid-19 вирусун көзөмөлгө алды.
Учурда Кытайда дүкөндөр, ресторандар, заводдор, мектептер жана университеттер ачык. Жүргүнчүлөр каалаган учурда коомдук транспортко олтуруп, каалаган жерине бара алат. Өлкөнүн экономикасы дагы кайрадан өсүп жатат.
Бээжин буга диалог, талкуу аркылуу эмес, тескерисинче цензура жана коркутуу аркылуу жетти. Кыязы, Кытайдын саясий системасындагы кемчиликтери пандемия учурунда артыкчылыкка айланды.
"Кытайдын Covid-19 вирусу менен күрөшү Коммунисттик партиясынын башкаруудагы стратегиялык жетишкендиктерин ачык көрсөттү",-деп айтты Кытайдын лидери Си Цзиньпин.
Си мырзанын дал ушул сөзү мамлекет көзөмөлдөгөн ТВ каналдарында желдей тарады. Аны менен бирге Кошмо Штаттарындагы коронавируска каршы натыйжасыз күрөш, шайлоо өнөктүгүндөгү кайым-айтыштар, коомдогу бөлүнүү улам баяндалууда. Шайлоодо ким жеңишке жеткени маанисиз, Америкадагы саясий абал кыйынчылыкта, анын кемчиликтери ачык көрүнүп жана дүйнөгө болгон таасири кемиди деп айтылат кабарларда.

Чынында эле Кытайдын өзүнүн саясий системасына болгон ишеними өсүп жатат. Батыш мамлекеттери коронавирус менен алпурушуп жатканда, Бээжинде ири унаа көргөзмөсү өттү.
Албетте, бул өтө кызык абал - экономикалык кызматташуу идеологиялык тирешүүдөн бийик турушу керек деген доордо, тарыхта болгон окуялар кайра кайталанып жаткандай.
Кытайда заводдор ачылып, соода кайра жанданып, жада калса унаа көргөзмөсүн уюштуруп, коронавируска каршы күрөшү ийгиликтүү болгону, Бээжин дүйнөлүк сооданы өз кызыкчылыгына колдонуп кете аларын көрсөттү.
Унаа көргөзмөсүндө Кытайлык Hongqi компаниясы чыгарган, жалаң электр кубаты менен жүргөн 80 миң долларлык унаа дагы көрсөтүлдү.
"Кытайда өндүрүлгөн бренддерди колдонушубуз керек",-деп айтты көргөзмөгө келген кытайлыктардын бири.
Бул сөзгө Кытай менен дипломатиялык мамилелерди чыңдоону баштаган АКШ президенти Ричард Никсон кандай карайт эле?

1972-жылы Никсон тарахый сапары менен Бээжинге келгенде, аны Hongqi компаниясы чыгарган унаа менен ташып, шаар көрсөтүшкөн. Андан бери дээрлик кырк жыл өттү. Ушул жылдар аралыгында АКШ президенттери дүйнөлүк сооданы кубаттап, бул аркылуу бир гана Кытай же АКШ эмес, дүйнөнүн булуң-бурчундагы мамлекеттер утат деген саясатты карманып келген. Бирок андан дагы маанилүүсү, кызматташтык аркылуу Кытай либералдык саясий системаны жактап, реформаларды ишке ашырат деген үмүт бар эле.
Чындыгында, Батыш мамлекет лидерлери жаңылды. Кытай ушул жылдары өзүнүн негизги максатына жетти - глобалдык аренадагы ордун ээледи. АКШда 2016-жылы шайлоо болуп жатканда Кытай дүйнөдөгү экинчи ири экономикага айланган жана эң көп көлөмдө экспорттогон мамлекет болуп калган.
Аны менен бирге Бээжин интеллектуалдык мүлктү уурдаган, Экинчи дүйнөлүк согуштан бери башка этникалык топторду массалык түрдө камаган мамлекетке айланды. Дал ошол 2016-жылы болгон АКШдагы президенттик шайлоодо талапкерлер Кытай менен кызматташуу опурталдуу экенин аңдашкандай.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Президенттикке талапкер Дональд Трамп Кытайдан импорттолгон товарларга каршы чара көрүп, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү коргойм деген убада берген. Бээжин эркин соода абалынан пайдаланып, экономикалык державага айланганы калетсиз.
Президент Трамп баштаган АКШ-Кытай соода согушунан улам, $362 миллиард долларга тете товарлардын импортуна бажы төлөмдөрү жогорулады. Быйыл, Вашингтон адам укуктары тебеленгени үчүн Кытайга каршы санкцияларды дагы жарыялады.
Hongqi чыгарган унаалардын жанында туруп, көргөзмөгө келген кытайлыктан "АКШдагы шайлоодо кимдин жеңишке жетерин каалайсыз" деп сурадым.
"Байден утса жакшы болмок. Трамты жек көрөм",-деп жооп берди алды.
"Кытайга каршы катаал саясатынан уламбы",-деп сурадым.
"Жок, менимче ал акылынан адашкан",-деп кошумчалады ал.

Кытайдын жетекчилери Американын демократиясы эскирди деп эсептеши ыктымал. Бирок алар Трамптын жеңишин каалабайбы?
Дал ушундай тыянакка АКШнын атайын кызматтары дагы келди. Алар Коммунисттик партия Трамптын жеңилип калышын каалайт деп маалымдашты. Бирок Кытайлык окумуштуулар бул пикирге кошулбайт.
"Кытай лидерлери кимдин жеңишин каалайт деп сурасаңыз. Менимче, алар Трамтын кайра шайланышын каалайт. Трамп Байденге салыштырганда Кытайга каршы каталырак саясат жүргүзгөнү үчүн эмес, Трамп Байденге салыштырганда АКШны көбүрөөк бөлүп, бүлүндүргөнү үчүн",-дейт Бээжиндеги Цинхуа университетинин Эл аралык мамилелер факултетинин башчысы профессор Ян Хутоң.
Кытайдын белгилүү эксперттери АКШнын экономикалык жана саясий кубатынын азайганы, Кытайдын глобалдык лидер катары кызыкчылыгына дал келерин айтышууда. Айрым серепчилер, АКШ коронавирус пандемиясы жана Трамп бийликке келгенге чейин эле глобалдык лидер катары ордунан түшкөнүн белгилешет. Бир гана өзгөрүү, учурда АКШ аны мойнуна алып жатат. Мындай жагдайда Кытайга Трамптын кайра шайланышы жагымдуу. Анын демократиялык баалуулуктарды колдогону үчүн эмес, тескерисинче бул баалуулуктарды четке кагып, тебелегени үчүн.
Трамптын сөз эркиндигине болгон чабуулу, Кытайлык лидерлерге музыкадай эле угулду. Ал эми Трамптын Бээжиндин Шинжаң аймагындагы мусулмандарга карата саясатынан улам санкция жарыялаганы, АКШ лидери өзүнүн экономикалык кызыкчылыктарын көздөп жатканын көрсөттү деп айткандар бар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Президент Трамптын мурдагы коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтондун айтымында, АКШ президенти Кытайдын лидери Сиге уйгурларга каршы саясаты туура болгонун билдирген. Трамп бул айыптарды четке кагууда.
Жо Байден Кытай менен тыгыз мамилени жактаганы үчүн сынга кабылып келет. Бирок Бээжин Байден демократиялык баалуулуктарды колдоп, Кытайга каршы катаал позицияны карманат деген кооптонуулар бар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мындай жагдай Батыш демократиясы коркунучта экенин айгинелейт. Кытайдын өзүнүн системасына болгон ишеними өсүп жатканына карабастан, кытайлыктардын көбү дагы деле Американын баалулуктарын жактырат. Буга 2018-жылы 360 миң кытайлык студент АКШдан билим алганы далил. Бул көрсөткүч Кытайда билим алган Америкалык студенттерден отуз эсе жогору.
Кытайдын өзүнүн системасы гана коронавирус пандемиясы менен ийгиликтүү күрөштү деген пропагандасын түз кабыл алууга болбойт. Демократиялык баалуулуктарды жактаган Жапония, Жаңы Зеландия жана Түштүк Корея сыяктуу мамлекеттер дагы вируска каршы ийгиликтүү күрөш жүргүздү.

Демек, коронавирус пандемиясы түзгөн абалдан улам дүйнөлүк коомчулук тоталитардык системага демократиялык түзүлүштөй эле артыкчылык берип калат деген Кытайдын идеясы жаңылыштык.
АКШ-Кытай алакаларын алсак, демократиялык баалуулуктарды колдогон талапкер саналган Байден бийликке келсе, ал адам укуктарын коргоо үчүн катаал саясат жүргүзөт, бирок соодага келгенде позициясын жумшартат. Трамп болсо тескери саясатты колдойт.
Бул тарыхый ирония, себеби Кытайга демократиялык баалуулуктарды жактаган лидердин келгени, соода саясатынан улам өлкөнүн кызыкчылыгында болуп калышы ыктымал. Ага карабастан, Кытайдын лидерлери кыска мөөнөттөгү кызыкчылыгын көздөгөн жок. Алар доордун алмашуусун каалап турат.
Дал ошол себептен Бээжин Трамптын бийликке келишин каалайт. Кытай Американын кайрадан универсалдуу баалуулуктарынын чемпиону катары ордун ээлегенинен кооптонуп турат.










