Кансыз согуштун карааны: АКШ кытайлык окумуштууларды камакка алды

Сүрөттүн булагы, AFP
Кытай менен АКШ ортосундагы мамиле курчуп жатат. Хьюстондогу (Техас штаты) Кытай консулдугунун артынан эле башка дипломатиялык кеңселер дагы жабылышы мүмкүн, деди Дональд Трамп. Тагыраагы, Сан-Францискодогу Кытай консулдугу жөнүндө кеп болууда.
АКШ бийлиги Сан-Францискодогу Кытай консулдугунда кытайлык окумуштуу биолог Цзюань Тан жашырынып жүрөт деп эсептейт. Калифорния университетинде иштеген Танды америкалык виза боюнча манипуляция кылган жана кытайлык аскерлер менен байланыштары боюнча шек санашкан. Июнь айында Федералдык иликтөө кызматы аны менен маектешкен. Тан Кытайдын аскер кызматында эч качан болбогонун айткан. Бирок алардын колунда Тандын аскер кийимчен сүрөтү болгон. Ошондой эле Тандын үйүн тинткен учурда анын Кытай куралдуу күчтөрү менен байланышы боюнча кошумча далилдер табылганы айтылды. Прокурорлор Цзюань Тан Кытай консулдугуна жашырынып калууга үлгүрдү деп эсептейт.
Башкы прокуратуранын көрсөтмөсү менен виза боюнча көз боёмочулук кылган деген шек менен бир нече кытайлык окумуштуу камакка алынды.
Кытай бул аракеттердин баары саясий чагым катары баалады. Мунун алдында эле америкалык бийлик 72 сааттын ичинде Хьюстондогу Кытай консулдугун жабууга буйрук берди. АКШ кытайлык хакерлер Covid-19 вакцинасынын маалыматтарын уурдоого аракет кылганын айтып чыккан.
Байкоочулар кырдаал курчуп бара жатканын эскертип, муну кансыз согуш учурундагы кырдаалга салыштырууда.
Вакцина маалыматтарын уурдоо, консулдуктун жабылышы
Америка бийлиги 72 сааттын ичинде Хьюстондогу Кытай консулдугун жабууга буйрук берди. Мунун алдында АКШ кытайлык хакерлер Covid-19 вакцинасынын маалыматтарын уурдоого аракет кылганын айтып чыккан.
Кытайлык эки жаран лабораториянын компьютерлерине хакердик чабуул жасаган деп айыпталууда. Алар мамлекеттик колдоого таянган дейт америка бийлиги. Бээжин Вашингтон саясий чагым кылып жатат деген дооматтарын айтууда. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги консулдукту жабуу талабын кескин айыптады. Бирок АКШнын мамдепартаменти мындай чечим "америкалык интеллектуалдык менчикти коргоо үчүн" кабыл алынганын айтты.
Коомдук сайттарда Хьюстондогу Кытай консулдугунун короосунда кишилер кагаздарды өрттөп жаткан тасма тарады. New York Times басылмасы түтүн алыстан эле көрүнүп турганын жазды.
Мамдепартаменттин билдирүүсүнөн эки сааттан кийин эле кытай өкмөтү дагы буга жооп иретинде Ухандагы АКШ консулдугун жаба турганын билдирди.
Коронавирус пандемиясы башталганда Трамп аны "кытайлык тумоо" деп атаган. Айрым серепчилер АКШ президенти өз өлкөсүндөгү эпидемиялык курч кырдаал үчүн айыпты Кытайга оодаргысы келгенин белгилейт. Вашингтон менен Бээжин ортосундагы мамиле курчуп жатат. АКШ илдет менен күрөшүп жаткан маалда Кытай Гонконгдо кысымын күчөттү. Иш жүзүндө коммунисттик бийлик "бир өлкө - эки система" принцибинен баш тартты. Ошондой эле Шиңжаңдагы "тарбиялоо лагерлерин" кеңейткени Вашингтонду адам укугу бузулган жаңы учурлар тууралуу айтууга аргасыз кылды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мамлекетти катчы Майк Помпео бир нече аптадан бери Бээжинге дипломатиялык чабуул жасап жатат. Батыш өлкөлөрүнүн Кытайга каршы коалициясын чакыруу тууралуу дагы ачык эле айтты. Лондонго болгон иш сапары учурунда Помпео британ премьери Борис Жонсонго кытайлык Huawei компаниясын 5G түйүнүн курууга уруксат бербөөгө чакырды. Кытайды агрессор атап, кытайлык өндүрүштөгү смартфондор жана программалык камсыздоо аркылуу батыш колдонуучуларынын өздүк маалыматтарын жыйнап жатат деп айыптады.
Трамп жакынкы күндөрү Бээжиндин Гонконгго киргизген коопсуздук мыйзамына каршы Кытайга жаңы санкцияны киргизиши мүмкүн.
"Биз Гонконгдун эркиндигин сактап калышын каалайт элек. Буга мүмкүн болбосо, биз кытайлык компартияны буга жооп берүүгө мажбур кылабыз",-деди Майк Помпео. (AbA)












