ФБР: Кытай АКШга коркунуч жаратат

Fists with the US and Chinese flags

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Федералдык иликтөө бюросунун (ФБР) башчысы Кристофер Рэй Кытай бийлиги тарабынан жасалган "тыңчылык" жана "интеллектуалдык менчикти уурдоо" АКШнын келечегине "коркунуч жаратат" деп билдирди.

Вашингтондогу сөзүндө Рэй Кытай узакка созулган өнөктүгүн улантып, эми чет өлкөдө жашаган кытайлыктарды чагымчыл аракетке колдонуп жатканын айтты.

"Кытай дүйнөдөгү жалгыз дөө-шаа мамлекетке айлануу үчүн бардык аракетин көрүп жатат. ФБР аргасыздан Кытайдын чалгындоо аракеттерине байланыштуу атайын бөлүм ачты. Учурда беш миңге чукул контрчалгындоо иши каралып жатат",-деп белгиледи Рэй.

FBI Director Christopher Wray, pictured in February testifying before Congress, described a wide-ranging campaign by the Chinese government to disrupt US life

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ФБРдин башчысы Кристофер Рэй Кытай АКШга каршы аракеттерин күчөткөнүн белгиледи

Бир саатка созулган сөзүндө ФБРдин башчысы Кытайдын чалгын кызматынын иштери, экономикалык тыңчылык, маалымат жана интеллектуалдык менчикти уурдоо, АКШнын саясатчыларына пара сунуштоо же опузалоо сыяктуу фактылар тууралуу сөз кылды.

Андан тышкары Кристофер Рэй Кытайдын лидери Си Цзиньпин баштаган "Түлкүгө аңчылык" аттуу долбоорго кеңири токтолду. Ага ылайык, чет өлкөдө жашаган кытайлыктар Бээжинге коркунуч катары каралат.

"Саясий атаандаш, диссидент жана сынчылар тууралуу сөз болуп жатат. Бул кишилер Кытайдын адам укуктарын тебелеп жатканын байма-бай көтөрүп келишет. Кытай бийлиги алардын өлкөгө кайтып келүүсүн каалайт жана бул максатына жетүү үчүн алардын тактикасы үрөй учурат",- деди Рэй.

Presentational grey line

Вашингтон Бээжинди дүйнөлүк лидерликке атаандаш катары карайт

Жаоин Фең, Би-Би-Си Кытай кызматы

Анализ

Федералдык иликтөө бюросунун башчысы Кристофер Рэй биринчи жолу Кытайды "коркунуч" катары сыпаттап жаткан жок. Бирок шейшемби күнү болгон сөзүндө жетекчи Бээжин жалгыз дөө-шаа мамлекетке айлануу үчүн "мамлекеттик ресурстарды колдонуп" жатканын ачык айтты.

Эми АКШ Бээжинди бир гана агрессивдүү атаандаш эмес, амбициялуу мамлекет катары көрөт.

Covid-19 вирусу дүйнөгө жайылгандан бери президент Трамптын администрациясы Кытайдын вируска карата мамилесин кескин сындап, Бээжин жетиштүү чара көргөн эмес деп келген. Эми президент Трамп кырк жылдан кийин Кытайга карата саясатты өзгөртүү керек экенин ашкерелеп жаткандай.

Сынчылардын айтымында, Трамп бул кадамы менен жергиликтүү тургундардын көңүлүн ички көйгөйдөн башкага буруп жатат. Ошондой эле айрым адистер президент Трамп жаңы тышкы душман түзүп, президенттик шайлоодо жеңишке жетүүнү каалайт деп дагы белгилешүүдө.

Бирок ФБРдин башчысынын сөзүнөн кийин Кытай менен АКШнын ортосундагы мамиле өзгөргөнү калетсиз. Эмдиги президент бийликке келгенде дагы Кытай-АКШнын чыңалган мамилеси улана бермекчи.

Presentational grey line