АКШ-Кытай соода согушунан ким жапа чегүүдө?

Dollar and yuan

Сүрөттүн булагы, Reuters

Кытайдын улуттук акча бирдиги юань долларга салыштырмалуу кунун жоготкондон кийин, АКШ Бээжинди "акча бирдиги менен чайкоочулук" кылды деп айыптады.

Кытайдын бул чечиминен кийин баалуу кагаздар базарында олку-солку абал жаралды. Өткөн аптада АКШнын президенти Трамп Кытайдан импорттолгон 300 миллиард долларга бааланган товарга бажы тарифтерин он пайызга көтөргөн. Бээжин Вашингтондун кадамына жооп кайтарабыз деп эскерткен эле.

Эми 2008-жылдан бери биринчи жолу бир доллар жети юанга теңелди. Дүйнөдөгү эң кубаттуу экономикага ээ өлкөлөрдүн 600 млрд. долларга тете соода талашы ырбап кетти. Соода согушу дүйнөлүк рынокко дагы таасирин тийгизүүдө.

Америкалык ишкерлер соода согушунун кесепети оор болуп жатканын даттанууда.

"Бизнесимди түптөп, жыл сайын өнүктүрүп жаткан элем. Андан кийин соода согушу чыкты",-дейт MinkeeBlue баштыктарын чыгарган ишкер Шеррилл Моси.

Sherrill Mosee models a MinkeeBlue tote bag

Сүрөттүн булагы, MinkeeBlue

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шеррилл Моси эки эсе көп бажы салыгын төлөп калганын айтат

Шеррилл кол баштыктарын Кытайдагы заводдон чыгарат, бирок кардарлары Кошмо Штаттарында.

Буга окшош компаниялар бир топ. Айталы, бут кийим чыгарган ишканалардан тартып, химиялык зат, технология жабдыктарын чыгарган ири компанияларга чейин.

Мосинин компаниясы чыгарган баштыктар Кытайдан АКШга ташылып келиш үчүн мурдакыдан эки эсе көп бажы салыгын төлөп калды.

Ушул аптада АКШ менен Кытайдын жогорку даражадагы расмийлери Шанхайда сүйлөшүүлөрдү өткөрөт деп күтүлүүдө. Бирок бетме-бет жолугушуудан кийин дароо эле маселе чечилип кетпейт деген пикирлер айтылып жатат.

US Trade Representative Robert Lighthizer (L) points at markers on the floor as he leads Chinese Vice Premier Liu (C) and US Treasury Secretary Steven Mnuchin (R) to their positions for a "family photo" at the Xijiao Conference Centre in Shanghai on July 31, 2019

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Талдоочулар бетме-бет жолугушуудан кийин дароо эле маселе чечилип кетпейт деген пикирде

Эки өлкөнүн бажы салыгын бири-бирине жооп кылып, улам көтөрө бергени ишкерлерге чоң сокку болду. Маселен, Моси мурда кол баштыктарын импорттоо үчүн 17,6 пайыз салык төлөсө, азыр 42,6 пайыз төлөйт. Бул каражат чек арада төлөнөт. Ошондуктан Моси аргасыздан насыя алды.

"Чакан бизнестерге каражат дайыма жетишсиз. Соода согушунан кийин акчам эч нерсеге жетпей калды. Бул жерде бир гана Кытай кыйналган жок, америкалык ишкерлерге абдан оор болуп жатат",-деди ишкер.

Моси айым ойлоп чыккан баштыктардын баасын 25 пайызга көтөрүүгө аргасыз болду. Ишкер баштыктарынан интернет аркылуу саткандыктан, Британия, Канада жана Автралиядагы кардарлары дагы баанын өскөнүнө нааразы болуп жатат. Дал ушундай көйгөй дүйнөлүк соодада байкалууда.

Айрым компаниялар бизнесин Кытайдан башка өлкөлөргө көчүрүп кетүүнү көздөп турушат. Соңку сурамжылоого ылайык, Кытайда ишканасы бар америкалыктардын 40 пайызы, ишин башка өлкөдө улантууда караштырууда.

Ошол эле учурда, чоң ишканалар заводдорду көчүрүп кетүүгө мүмкүнчүлүк жок экенин белгилешүүдө.

АКШ менен Кытай эмнени талашып жатат?

Дональд Трамп АКШ-Кытай ортосундагы соода дефицитин азайтууну көздөйт. АКШ жылына 500 млрд долларга Кытай товарларын сатып алат, ал эми Кытайдын өзүнө кайра сатканы 130 млрд долларды түзөт. Трамп мындай чоң айырма кытай бийлигинин өздөрүнүн экономикасын катуу кармаган "уятсыз саясатынын" айынан болуп жатат деген пикирде.

Ошондой эле Вашингтон Кытай америкалык компаниялардын интеллектуалдык менчигин уурдап жатат деп айыптоодо. Кошмо Штаттарынын компаниялары Кытайда иш алып баруу үчүн жергиликтүү компаниялары менен биргелешкен ишкана түзүүгө милдеттүү. Бул талаптан улам кытайлык компаниялар чет элдик ишканалардын технологиясын алып жатат дейт АКШ.

Кытай жетекчиси үчүн бул талашта жемин жедирип жиберүү - намыстын эле иши эмес, он жылдыктын эң ири долбоору болгон "Made in China 2025" стратегиясы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

Бул долбоорго ылайык, Кытай роботтехника менен таза энергиядан баштап, жогорку технологиянын он орчундуу тармагында Батышты кууп жетейин деп келет. Америкалык технология менен кооперациясыз бул ишти аткаруу кыйын болот.

Дал ошол себептен Кытай экономикалык түзүлүшүн өзгөртпөйт дейт талдоочулар. (AT)