Эркин сооданын жаңы доору

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2018-жыл соода тармагы үчүн оор жыл болду. Баалу кагаздар рыногу олку-солку абалга туш болуп, дүйнөнүн ири экономикасы эркин соодага каршы саясатын жүргүздү.
Бир учурда АКШ дүйнөдөгү эркин соода тармагында жол баштаган өлкө катары таанылган болчу. Эми президент Трамп америкалык ишканалар "кыйроого жеткирген соода келишимдеринен" жабыркап жатканын айтып, айрым келишимдерден чыгып кеткен.
Бирок 2019-жылы Европа жана Азия чөлкөмүндө эркин сооданы колдогон аракеттер күчөйт деп жоромолдонууда.
Жаңы жылда эки ири келишим күчүнө кирет. Ага ылайык, дүйнөнүн чоң экономикалары эч тоскоолдуксуз соода жүргүзөт. Бирок бул келишимдерге дүйнөнүн эки ири экономикасы - АКШ менен Кытай кошулган эмес.
Эркин соода деген эмне?
Эркин соода келишими бажы төлөмдөрдү кыскартат же толугу менен жок кылат, товар жүгүртүүдө жеңилдиктер болот.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бажы төлөмдөрдү чек арадагы салык деп түшүнсөк болот. Демек, импорттолгон товарларга салык салынат. Бул кадамга дүйнөдөгү өлкөлөр ички базарды же мамлекетте өндүрүлгөн товарларды коргоо үчүн барышат.
Чыныгы эркин соода бүт салыктарды, соода тармагындагы тоскоолдуктарды жок кылат. Ошондой эле импортко болгон квоталар дагы жоюлат. Мындай абалда атаандаштык күчөп, товарлардын баасы төмөндөйт жана сапаты жогорулайт деп айтылууда.
2019-жылы кайсы келишимдер күчүнө кирет?
АКШ Транс-Тынч океан өнөктөштүгүнөн (TPP) чыгып кеткенден кийин, ал Транс-Тынч океан өнөктөштүгүнүн ар тараптуу жана прогрессидүү келишимине (CPTPP) айланган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Келишимге 11 мамлекет кол койгон. Анын ичинде Австралия, Жапония, Канада, Мексика жана Сингапур дагы бар.
CPTPP келишими 500 миллион калкы бар аймакты камтыйт жана бажы төлөмдөрүнүн 95 пайызы толугу менен алынат. Бул келишим Австралия, Канада, Жапония, Мексика, Жаңы Зеландия жана Сингапурда эмитен эле күчүнө кирди.
Андан тышкары Европа Биримдиги менен Жапониянын ортосундагы эркин соода келишими 1-февралда күчүнө кирет.
2013-жылдан бери сүйлөшүүлөр аркылуу жетишилген келишим 600 миллион калкы бар аймакты камтыйт. Келишимде эркин соодадан тышкары, климаттык өзгөрүүнү эске алып өнүгүү жолдору дагы каралган.
Жогоруда айтылган эки келишим, АКШнын өз рыногун коргоо саясатына каршы келет. 2018-жылы Дүйнөдөгү эң кубаттуу экономикага ээ болгон АКШ менен Кытайдын ортосунда 600 млрд доллар көлөмүндөгү сооданын талашы ырбап кетип, соода тармагы жабыркады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эми 2019-жылы күчүнө кире турган келишимдер глобалдык эркин соода аракеттерин күчөтөт деп жоромолдонууда. Дүйнөнүн үчүнчү ири экономикага ээ болгон Жапония эки келишимге кошулганы көптөрдү кубандырууда.
Серепчилердин айтымында, жаңы эркин соода келишимин бизнес тармагы жылуу кабыл алышты жана бажы төлөмдөр жок болгондуктан дароо жеңилдиктерди сезишти. (AT)









