Кытай расмийлери мусулмандарды куугунтукка алганы үчүн АКШ санкциясына кабылды

Сүрөттүн булагы, AFP
АКШ Шинжаң аймагындагы "тарбиялоо лагерлери" боюнча Кытай расмийлерине каршы санкция жарыялады. Алар адам укуктарын тебелеп, аймактагы мусулмандарды куугунтукка алган деп айтылууда.
Вашингтон Шинжаң-уйгур автоном районунун коммунисттик партиянын жетекчиси Чэнь Цюаньго жана үч жогорку даражадагы расмийге санкция жарыялады.
Ошондо АКШ биринчи жолу коммунисттик партиянын жогорку даражадагы расмийине каршы санкция чыгарды. Вашингтон Чэнь Цюаньгону "тарбиялоо лагерлерин" уюштурган адам катары атады. Буга чейин Цюаньго Тибетти башкарган эле. Мындан ары америкалык компаниялар бул кишилер менен бизнес жүргүзө албайт жана алардын кошмо штаттарындагы мүлктөрү тоңдурулат.
Кытайдын "тарбиялоо лагерлеринде" миллионго жакын уйгур, казак, кыргыз жана башка этникалык азчылыктар кармалып турганы боюнча маалыматтар бар. Сот жана тергөөсү жок эле мусулмандарды эркинен ажыратып жатат деген дооматтарды Бээжин четке кагып келет. Кытай бул кишилер терроризм жана экстремизмге каршы туруу үчүн өз ыктыяры менен "кайра тарбиялоо мектептеринен" өтүп жатканын айтууда.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Буга чейин президент Трамп "соода келишимине" жакындап калгандыктан Шинжаң аймагындагы "тарбиялоо лагерлери" боюнча Кытай расмийлерин кошумча санкцияга алуудан тартынганын мойнуна алган. Дональд Трамп Axios жаңылыктар агенттигине "эң мыкты келишимге" жетүү үчүн кошумча санкция жарыялоого мүмкүнчүлүк жок болгонун айткан.
Бул көйгөйгө президент Трамптын мурдагы кеңешчиси Жон Болтон дагы өз китебинде маани берген. Ал жазгандай, өткөн жылы Трамп Си Цзиньпин менен жолукканда "тарбиялоо лагерлерине" каршы эмес экенин айтып, "туура эле жасап жатасың" деп кубаттаган. АКШ лидери бул дооматтарды четке кагып келет.
Шинжаңда эмне болуп жатат?
Укук коргоочулар Кытайдын Шинжаң аймагында эч кандай сот жана тергөөсү жок эле жүз миңдеген мусулман камакка алынганын айтууда.
Бээжин дооматтарды четке кагып, мыкты кайтарылган жайларды экстремизм менен күрөшкөн билим берүү борбору катары көрсөтүп, ага шинжаңдыктар өз ыктыяры менен келип жатканын маалымдоодо.
Кытай бийлигинин тарбия өнөктүгү 2017-жылы башталган. Анда коммунисттик партияга жакын адамдар уйгур жана башка азчылыктардын үйлөрүн кыдырып, маалымат чогулткан. Мисалы, үйдө канча куран китеби бар экени же алар кандай кийинип жатканы жазылган.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
Өткөн жылдын аягында Кытай бийлиги "билим берүү борборлорундагы" окуу бүткөнүн жарыялаган. Бирок бул "тарбия лагерлери" жабылды дегенди билдирбейт. Мындай лагерлерден бошогон он миңдегендер Кытайдын булуң-бурчундагы заводдордо бекер иштеп жатканы боюнча маалыматтар бар. Бээжин алар ишке өз ыктыяры менен барып жатканын айтууда.









