АКШ Шинжаңда өндүрүлгөн айрым товарларга тыюу салды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШ Шинжаң аймагында өндүрүлгөн айрым товарлардын өлкөгө экспортуна бөгөт койду. Буга товарлар жумушчуларды мажбурлап иштетүү жолу менен өндүрүлүүдө деген айыптоо себеп болду.
Бөгөт коюлган товарлардын арасында пахта менен помидор, ошондой эле компьютерге тетиктер жана чач жасалгалоо каражаттар бар.
"Муну заманбап кулчулук деп атаса болот",-деп билдирди АКШ бийлигинин өкүлү Кеннет Сусинелли.
Президент Трамптын администрациясы Кытай бийлигинин Шинжаң аймагындагы мусулмандарга карата катаал мамилесин токтотуу үчүн кысымын күчөтүүдө.
Соңку жылдары Кытай бийлиги терроризм жана жикчил кыймылдары менен күрөшүү деген жүйөө менен Шинжаң аймагында коопсуздук чараларын катаалдаштырган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытайдын "тарбиялоо лагерлеринде" миллионго жакын уйгур, казак, кыргыз жана башка этникалык азчылыктар кармалып турат. Сот жана тергөөсү жок эле мусулмандарды эркинен ажыратып жатат деген дооматтарды Бээжин четке кагып келет. Кытай бул кишилер терроризм жана экстремизмге каршы туруу үчүн өз ыктыяры менен "кайра тарбиялоо мектептеринен" өтүп жатканын айткан.
АКШнын Бажы кызматы "жумушчуларды мажбурлап иштетүү аркылуу өндүрүлгөн товарларды токтотуу үчүн" атайын буйурук даярдап жатат. Бул буйрук адам укуктары тебеленген учурда колдонулат.
Ушул жылдын башында АКШнын депутаттары Шинжаңда өндүрүлгөн товарлардын баары мажбурлап иштетүү аркылуу өндүрүлгөн деген макам берген мыйзамды кабыл алууну сунуштаган. Эгерде жеке компания Шинжаңда өндүрүлгөн товарды АКШга экспорттогусу келсе, мажбурлап иштетүү болбогонун далилдеши керек.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШнын кадамы өлкөдөгү кийим-кече жана азык-түлүк өндүрүүчүлөрүнө терс таасир этет. Кытай дүйнө пахтасынын жыйырма пайызын өндүрөт. Алардын көбү Шинжаң аймагында өстүрүлөт. Андан тышкары аймакта көп көлөмдөгү нефтехимиялык заттар жана Кытайдын заводдорунда колдонулган буюм-тайым дагы чыгарылат.
Жакында эле АКШнын белгилүү "Дисней" көңүл ачуучу компаниясы "Мулан" аттуу көркөм тасмасын тартуу учурунда "тарбиялоо лагерине" тиешеси бар коопсуздук компанияга ыраазычылык билдиргени үчүн сынга кабылды. Бир нече өлкөнүн активисттери тасмага бойкот жарыялоого чакырууда.













