Шинжаң: “Тарбиялоо лагеринде” кармалып турган уйгур видео таратты

- Author, Жон Судворд
- Role, BBC News

Мердан Гаппар камера алдында турууну мыкты өздөштүргөн. 31 жаштагы модель Кытайдын белгилүү интернет дүкөнү Taobao иштеген. Модага кызыккандар анын жаңы кийимдерди жарнамалаган сүрөт менен видеолорун жакшы билет.
Бирок бул жолу Гаппар мырзанын видеосу өзгөчө болду. Мурдагы жаңы кийимдер жок, ал камера алдында тынч отуруп, айланасындагы көрүнүштү дүйнөгө көрсөттү.
Оң колунда камераны кармап, Медар Гаппар шишип калган тизелерин, колдору кишенделип, керебетке байланып турганын жана бөлмөнүн шартын тарткан.


Гаппар мырза тарткан видео менен бир нече тексти Би-Би-Сиге берилди. Бул материалдар мурда Би-Би-Синин колуна тийген документтерге шайкеш келет. Кытай бийлиги сеператизм, терроризм жана экстремизм менен күрөшүү аракетине жамынып, адам укуктарын тебелеп жатат.
Соңку бир нече жылдын ичинде Кытайдын "тарбиялоо лагерлеринде" миллиондон ашуун уйгур, кыргыз, казак жана башка этникалык азчылыктар кармалып жатканы боюнча маалымат бар. Кытай болсо лагерлерди "билим берүү борборлору" деп атап, ал жайга "экстремисттик идеологияга" азгырылгандар өз ыктыяры менен келип жатканын айтууда.
Өткөн жылдын аягында Бээжин "билим берүү борборлорундагы" окуу бүткөнүн жарыялаган. Бирок бул видео "тарбиялоо лагерлери" дагы деле иштеп жатканынан кабар берет.



Учурда коронавирус пандемиясынан улам Шинжаң аймагы карантинге жабылган. Би-Би-Си Кытайдын Тышкы иштер министрлиги жана Шинжаң аймагынын жетекчилигине абал боюнча суроолорду жөнөтүп, эч жооп алган жок.
Гаппардын мырзанын үй-бүлөсү смс жана видеолорду беш ай мурун алган. Андан бери Гаппарды абалы тууралуу эч кабары жок. Алар төрт мүнөт отуз сегиз секундка созулган видеону жарыялоо Гаппардын өмүрүнө коркунуч алып келерин билишет. Бирок жалпы уйгурлардын абалын чагылдыруу үчүн бул кадамга аргасыз барганын айтышууда.
Видео жана СМСтерди Мердан Гаппардын агасы Абдухаким Гаппар жөнөткөн. Ал Нидерланддарда жашайт жана бул видео АКШдагы Жорж Флойддун окуясынан кийин дүйнөлүк коомчулуктун расизмге каршы талкуусуна жем таштайт деп үмүттөнөт.
"Этникабыз үчүн куугунтукка кабылдык. Америкада көптөр көчөгө чыгып, пикирин билдиришти. Бизге келгенде жымжырттык",-деди ал.

Мердан Гаппар 2009-жылы башка уйгурлардай эле жумуш издеп Шинжаңдан Кытайдын башка чоң шаарларына көчүп барган. Ал Кытайдын Фошан шаарында модель катары иштеп, анын тааныштары күнүнө бир миң долларга чейин акча таап жатканын айтышууда.
Башкача айтканда Гаппар өлкөнүн лидери Си Цзиньпиндин "Кытай кыялы" долбоорунун мыкты мисалы. Алыскы аймакта туулуп-өскөн жигит өлкөнүн экономикалык ийгиликтерин колдонуп, өзү дагы бийиктикке жетип жаткан. Бирок анын теги уйгур, маданияты Борбор Азия өлкөлөрүнө жакын жана дини мусулман болгону коркунуч катары каралды.


Сүрөттүн булагы, Wu Zi Yang Agency

Гаппардын жакындары ал батир сатып алып, өзүнө каттоодон өткөрө албай койгонун айтышууда. Аргасыздан теги кытай досуна каттаткан экен.
2013 жана 2014-жылдары болгон терррдук чабуулдардан кийин Кытай бийлиги уйгур жикчилдерге каршы аракетин күчөттү. Айрым сынчылар Бээжин уйгур маданиятын жок кылууну көздөп жатканын айтышууда.
Кытай бийлиги тарбия өнөктүгүн 2017-жылы баштаганда, Гаппар Фошан шаарында жашап жаткан. Анда коммунисттик партияга жакын адамдар уйгур жана башка азчылыктардын үйлөрүн кыдырып, маалымат чогулткан. Мисалы, үйдө канча куран китеби бар экени же алар кандай кийинип жатканы жазылган.
2018-жылы август айында Гаппар баңгизат соодасына тийешеси бар деп айыпталып, 16 айга абакка кесилген. Чынында баңгизат сатканбы же жокпу белгисиз. Кытайда сот алдына чыккандардын 99 пайызы күнөлүү деп табылат.


Сүрөттүн булагы, Reuters

2019-жылы ноябрда түрмөдөн чыккандан кийин полиция аны Шинжаңга кайтып барып, документтерди тууралап келүүгө үндөгөн. 2020-жылы январда анын достору аба майданга келип, жылуу кийим жана уюлдук телефонун жеткирип беришкен. Полициянын коштоосу менен Гаппар Шинжаңга учуп кеткен.
Би-Би-Синин колуна тийген документтерге ылайык, Кытайдын башка шаарларында жашаган көптөгөн уйгурлар Гаппар сыяктуу Шинжаңга жеткирилген.
Гаппардын үй-бүлөсү ал "тарбиялоо лагерлеринде" башкалардан эле жоголуп кетет деп ойлогон. Бирок бир айдан ашуун убакыттан кийин Гаппар мырза байланышка чыккан. Буга чейин мындай болуп көргөн эмес эле.

Мердан Гаппар абактагы бөлмөсүнөн WeChat мессенжери аркылуу жазып жатканын айткан. Анын Шинжаңга келгенден кийин окуясы үрөй учурат.
Гаппар Шинжаңга конгондо алгач өзү туулуп-өскөн Куча шаарындагы полиция абагында кармалган экен.
"50 чарчы метр бөлмөдө элүүдөн алтымышка чейин адам кармалды. Эркектер оң тарапта, аялдар сол тарапта турду. Камактагылардын башына кара кап кийгизип, колдору, буттары кишенделип турду",-деп жазды Гаппар.



Бул жайда жатып турууга мүмкүн эмес эле, ошондуктан көптөр уктай алган эмес.
"Мен башымдагы капты алып, колдорум кишенделип тургандыктан ооруп жатканын полиция кызматкерине айттым. Ал мага кыйкырып "капты дагы бир жолу алсаң, өлгүчө сабайм" деп коркутту. Ошондон кийин сүйлөбөй калдым. Бул жерде өлгүм келбейт",-дейт ал.
Гаппар абакта отурганда башкалар кыйноого алынганын дагы укканын жазган. Чакан бөлмөдө ондогондор кармалгандыктан айрымдар биттеп кетишкен экен. Желимден жасалган идиш-аяк дагы жетишсиз болгондуктан, аны бөлүшүүгө аргасыз болушкан.
"Полиция "кимде жугуштуу оору бар болсо колуңарды көтөргүлө" деп айтты да, "силер тамакты эң артында жейсиңер, идиш жетишсиз" деп кыйкырды. Анан "эгерде курсак ачкан болсо тынч отура бергиле, тамак тез жетет" деп күлүп коюшту",-деп жазат Гаппар.
22-январда Кытай бийлигинин коронавирус эпидемиясына каршы күрөшү Шинжаңдагы түрмөлөргө дагы жеткен. Бээжин Шинжаңда катаал карантин чараларын киргизди.
Полиция абактагылардын баарын беткап кийип жүрүү талабын койду. Бирок киши жык толгон чакан абакта беткапчап отуруу абдан оор экени талашсыз.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
Бир нече күндөн кийин абактагыларды автобуска отургузушуп белгисиз жайга алып кетишиптир. Гаппар сасык тумоо сыяктуу симптордору бар болгондуктан, аны бөлүп алышып, башка жайга алып кетишкен. Дал ошол жерден ал видео тартып алууга жетишкен. Гаппар бул жайды "эпидемияны көзөмөлгө алуу борбору" деп атады.
"Денемде биттер жүгүрүп жүрөт. Күн сайын аларды өлтүрүүгө аракет кылам, денем кычышып жатат. Бул жер полиция түрмөсүнө салыштырганда кыйла жакшы экен. Бөлмөдө жалгыз отурам, эшиктин сыртында эки күзөтчү бар",-деп жазган Гаппар.

Сүрөттүн булагы, EPA
Бөлмөдө жалгыз отургандыктан 18 күн бою полиция түрмөсүндө кармалган Гаппар тышкы дүйнө менен байланышка чыккан. Бир нече күн бою Гаппар өзү күбө болгон окуяларды жазып турду. Дааратканада жаткан кагазды дагы тартып алып, документти агасына жөтөкөн. Андан кийин байланыш үзүлдү.
Андан бери Гаппардын тагдыры кандай болгону белгисиз. Кытай бийлиги Гаппар тууралуу суроолорго жооп бербей койду.
Медар Гаппар жөнөткөн видео менен тексттерин көз карандысыз булактар аркылуу тастыктоо мүмкүн эмес. Бирок эксперттер алар жасалма эмес экенин айтышууда. (AT)











