Дүйнө жаңы "кансыз согуштун" босогосунда турабы?

Xi Jinping and Donald Trump, shown in a composite image

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын президенти Трамп, Кытайдын лидери Си Цзиньпин жана БУУнун баш катчысы Гутерриш Башкы Ассамблеяда кайрылуу жолдошту
    • Author, Лора Тревелиян
    • Role, BBC News, New York

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин түзүлгөн Бириккен Улуттар Уюмуна 75 жыл болду. Бирок уюмдун негизги принциптери коркунучта экени айтылууда.

БУУнун мурдагы башкы катчысы Пан Ги Мун көп тараптуулук олуттуу чабуулга кабылганын белгиледи.

Президент Трамптын "Американы биринчи орунга коюу" саясаты көп тараптуулукту четке какты. Дүйнөнүн ири өлкөлөрү кол койгон Париж климат келишиминен жана Иран менен өзөктүк курал боюнча келишиминен Вашингтон бир тараптуу чыгып кетти. Ал тапта Кытай өзүн Бириккен Улуттар Уюмунун принциптерин колдогон держава катары көрсөтүүдө.

UN in New York

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Башкы Ассамблеядагы жыйын биринчи жолу онлайн өттү

БУУнун баш катчысы Гутерриш уюмдун пайдубалы - биримдик тууралуу сөз кылды. Гутерриш согушту жана көп кишинин өмүрүн алган пандемияны көргөн муун биримдиктин маанисин жана наркын жакшы түшүнгөнүн белгиледи. Бириккен Улуттар Уюму ошол идеологиянын пайдубалына тургузулган, деп айтты Гутерриш.

Бирок БУУ 75 жылдыгын белгилеп жатканда, дүйнө лидерлери АКШ-Кытай атаандаштыгы дүйнө туруктуулугуна кедергисин тийгизип жатканын билдиришти. Франциянын президенти Макрон видео кайрылуусунда дүйнө Кытай-АКШ атаандаштыктын көлөкөсүндө калбашы керек экенин айтты.

Эки державанын соода согушунан улам дүйнөлүк экономика олку-солку абалга кептелди. Бул аз келгенсип президент Трамп Башкы Ассамблеядагы кайрылуусунда учурдагы коронавирус пандемиясын "Кытай вирусу" деп атап, ага Бээжин жоопкерчиликти алышы керек экенин айтты.

АКШдагы шайлоого кырк күндөй убакыт калганда Кытайды сынга алуу президент Трамптын үгүт иштериндеги тактикасына айлангандай.

President Trump delivers a speech

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамп Башкы Ассамблеядагы кайрылуусунда учурдагы коронавирус пандемиясын "Кытай вирусу" деп атады

Кытай менен АКШнын атаандаштыгы аскердик тирешүүгө алып барышы мүмкүнбү? БУУнун баш катчысы Гутерриш дал ушул суроого жооп бергендей болду. Ал жаңы "кансыз согуштун" тутанышына кооптонуп турганын жашырган жок.

"Биз өтө коркунучтуу багытта бара жатабыз. Дүйнөнүн алдыңкы эки экономикасы Жер шарын экиге бөлүп, өзүнүн соода, каржылык эрежелери жана интернет, жасалма акыл мүмкүнчүлүктөрү менен келечекте планетада чоң жарака пайда кылуусуна жол бербешибиз керек",-деди Гутерриш.

"Чоң жарака" тууралуу кызуу талкуулар дүйнө тез өзгөрүп жана дипломаттар бул өзгөрүүлөрдү кууп жетпей жатканынан кабар берет.

Президент Си Цзиньпин өз кезегинде "Кытай эч бир мамлекет менен кансыз жана кандуу согушту каалабайт" деп белгиледи. Бул билдирүүнүн өзү президент Дональд Трамптын саясаты тирешүү тууралуу ар түрдүү талкуулар менен жоромолдорго жол ачканын айгинелейт.

Тажрыйбалуу дипломаттардын бири БУУнун Башкы Ассамблеясындагы жыйынды чыгармачыл башаламандык деп атаган. Мурда дүйнө лидерлери чогулуп, бетме-бет сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, дипломатия орун алса, азыр башаламандык гана калды, ар бир лидер өзүнүн тар кызыкчылыгын гана көздөйт, дейт ал.

Пандемия болсо дүйнөдөгү бөлүнүү менен адилетсиздикти ачык көрсөттү. Тажрыйбалуу дипломат бүтүндөй калктар кыйынчылыкка туш болду, планета өрттөнүп жатканда Covid-19 пандемиясы алдыдагы чакырыктарга репетиция болуп калганын белгиледи.

Айталы, Гутерриш биримдик жана анын мааниси менен наркы тууралуу сөз кылып жатса, АКШнын президенти Трамп дүйнө лидерлерин анын саясатын мисал катары кармап, өз өлкөлөрүн биринчи орунга коюу керек экенин билдирди.

Мындай багытта кете берсек эл аралык дипломатияга эмне болот? БУУнун келечектеги ролу кандай болот? НАТО сыяктуу уюмдар алсызданабы?

АКШдагы президенттик шайлоодо Жо Байден жеңишке жеткен күнү дагы, АКШ-Кытай атаандаштыгы жоголуп кетпейт.

Дүйнө өзгөрдү, эми негизги суроо эски деп саналган көп тараптуу тартип ийкемдүү боло алабы жана аны ким алдыга сүрөйт?