Кансыз согуш: Орусия менен тирешүү совет доорундагы абалдан айырмаланабы?

Орусия менен Британиянын ортосундагы мамиле чыңалып баратканда, Батыш мамлекеттери Лондонду колдоп чыгышты.

АКШ 60 орус дипломатын өлкөдөн чыгаргандан кийин эки мамлекеттин мамилеси сууду

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ 60 орус дипломатын өлкөдөн чыгаргандан кийин эки мамлекеттин мамилеси сууду.

Дүйшөмбү күнү АКШ баш болгон бир нече мамлекет орус дипломаттарын өлкөдөн чыгып кетүүгө буйрук беришти. Буга мурдагы орус чалгынчынын Британияда ууландырылганы себеп болду. Британия кол салуунун артында Кремль турат деген пикирден танбай турат.

"Кансыз согуш" доорунан бери биринчи жолу көп сандагы орус дипломаттары Батыш мамлекеттеринен чыгып кетүүгө мажбурланды.

Москва менен Батыштын ортосундагы абал чыңалып, жаңы "кансыз согуш" башталабы деген талкууга жем таштады.

АКШнын австронавты Нил Армстронг айга конгон. Советтер Союзу менен АКШ космостук изилдөө боюнча дагы жарышкан.

Сүрөттүн булагы, NASA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын австронавты Нил Армстронг айга конгон. Советтер Союзу менен АКШ космостук изилдөө боюнча дагы жарышкан.

Кансыз согуш деген эмне?

Термин 1945-жылдан тарта 1989-жылга чейинки АКШ менен СССР ортосундагы тирешүүнү мүнөздөйт.

Эки тарап өзөктүк согуштан кооптонуп, бири-бирине каршы түздөн-түз салгылашууга барган эмес. Тарыхчылар Кансыз согушту эки атаандаш башкаруу системанын күрөшү катары сыпаттайт. АКШ жана Батыш мамлекеттери капитализмди колдосо, Советтер Союзу коммунизмди кубаттаган.

Эки тарап карама-каршы башкаруу системасын тандап, бири-бирин өзүнүн системасын дүйнөгө жайылтуу аракетин көрүп жатат деп шектенген.

Кансыз согуш кантип башталган?

Так дата жок, бирок тарыхчылар Экинчи дүйнөлүк согуштун аягы, 1945-жылды маанилүү бурулуш катары сыпаттайт.

Согуштан кийин Европа ыдырап, дүйнөдө эки чоң держава пайда болгон. Алар эки башка системаны тандагандыктан, согуштан кийин Европа кандай система менен башкарылышы керек деген атаандаштыкка жол ачкан.

Дал ушул курч атаандаштыктан улам эки державанын мамилеси бузулуп, үстөмдүк кылуу үчүн кансыз согуш башталган.

Кансыз согуш учурунда кандай окуялар орун алган?

Эки держава күчтүү альянстарды түзгөн. АКШ жана Батыш НАТО уюмун негиздесе, Советтер Союзу чыгыш Европадагы өнөктөштөрү менен Варшава келишимин түзгөн.

Эки держава бири-биринен кооптонуп, согуштук куралдарды өнүктүрүү күч алган.

1960-жылдары АКШ менен Советтер Союзу өзөктүк дүрмөтү бар континент аралык ракеталарды иштеп чыгышкан. 1960-жылдардын аягында эки мамлекет ракеталарга каршы системасын дагы сыноодон өткөрүүгө жетишкен.

1962-жылы Кариб кризисинде АКШ менен Советтер Союзу өзөктүк согушка жакындаган. Эки тарап бири-бирине каршы курал-жаракты түздөн-түз колдонбосо дагы дүйнөнүн бир нече аймагында башка топторду же мамлекеттерди колдоп, салгылашууларды жүргүзгөн.

Азыркы тирешүүлөрдү кансыз согуш дооруна салыштырса болобу?

Учурдагы дипломатиялык чыңалууда "кансыз согуш" доорунун издери байкалат.

Ronald Reagan

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1986-жылы АКШнын президенти Рональд Рейган СССРдин дипломаттарын өлкөдөн чыгарган

Мисалы, 1986-жылы АКШ менен Советтер Союзу бир нече жума бою дипломаттарын өлкөдөн чыгарган. АКШнын президенти Рональд Рейган Совет бийлигинин 80 дипломатын өлкөдөн чыгып кетүүгө буйруган. Алардын бешөө тыңчылык кылган деп шектелген.

Орусиянын чалгын кызматынын мурдагы офицери Сергей Скрипалдын ууландырылышы менен "кансыз согуш" учурундагы совет бийлигинин аракеттеринде окшоштуктар бар экенин айрым эксперттер белгилеп келишет.

"Советтер Союзу жактырбаган кишилерди чет өлкөдө жок кылууга умтулган. Демек, Орусия жаңы стратегияны ойлоп чыккан жери жок", -деди Лондондогу экономика жана саясат илимдери университетинин профессору Майкл Кокс.

Бирок Орусиянын чет өлкөдөгү өздөрү коркунуч жаратат деп сыпаттаган адамдарды жок кылуу саясаты Кансыз согуш дооруна чейин эле болуп келген.

"Азыр жаңылыктардын башка сабында турган тактикалардын тамыры - Кансыз согушка чейинки доорго байланыштуу. Ал себептен бул тактикалардан жаңы Кансыз согуш башталат деген ой жаңылыштык", -дейт Ливерпулдагы Жон Мурс университетинен окутуучусу Малколм Крейг.

Анда кооптонууга негиз жокпу? "Өзөктүк куралдар дагы деле бар. Бул түздөн-түз согуштук аракеттер болбойт дегендин белгиси. Андан тышкары Орусия менен Европа Биримдигинин ортосундагы экономикалык алакаларды дагы эске алышыбыз зарыл. Анын көлөмүн четке кагууга мүмкүн эмес. Батышта көп сандагы орус жарандары дагы бар экенин айтып кетишибиз керек", -дейт Майкл Кокс.

Совет бийлиги менен азыркы Орусиянын айырмасы дагы чоң.

The Kremlin

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиянын Европа Биримдиги менен тыгыз экономикалык байланыштар бар. Демек, Орусияга каршы экономикалык санкциялар жемиштүү болушу ыктымал.

"Орусия менен Советтер Союзун салыштырса болбойт. Эки державанын эл аралык позициясы дагы айырмаланып турат. СССРге салыштырмалуу Орусия глобалдык экономикалык системага тыгыз байланган. Демек, экономикалык кысым Москвага оор тийиши мүмкүн", -деди Малколм Крейг.

Бирок эксперттер бүгүнкү күндөгү чыңалууда күтүлбөгөн окуялар болуп жатканын белгилешүүдө.

"Кансыз согуш доорунда, 1989-жылдары эки державанын таасир этчү чөйрөсү так болчу. Эки мамлекет аны кабыл алышкан. Учурда мурда түзүлгөн чек толугу менен жоголду", -деп кошумчалады Майкл Кокс.