Өзөктүк согушка себеп болуп кала жаздаган кокустуктар

Ракеты ПВО

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кансыз согуш бүткөнүнө көп болду. Ошондой болсо дагы айрым кокустуктар өзөктүк курал соккусуна себеп болуп калышы мүмкүн деген чочулоо дамокл кылычындай эле адамзат моюнунда турат. Кудай сактап, Үчүнчү дүйнөлүк согуштун чыгып кетишине алып келиши мүмкүн болгон кеминде 22 кокустукту алдын алып калышкан.

Бул окуя 1962-жылдын 25-октябрында түн ортосунда болду. Висконсин штатындагы аскер базасынын учуу тилкесинде катуу ылдамдык менен бараткан жүк тарткан унаа өзөктүк бомба менен учууга камынып турган учактарды токтотуп калышы керек эле. Аларды токтотуп калууга саналуу гана секунддар бар...

Мындан бир нече минута мурун Миннесота шаттындагы Дулут көзөмөл бекетинде күзөттө турган жоокер кайтаруудагы аймакка кирип келе жаткан караанды байкап калып, аны көздөй ок чыгарат. Советтер Союзу АКШга кол салдыбы деген коркунуч менен айгай (тревога) белгисин басат . Жака-белиндеги авиабазалардын баарында сигнализациялар иштеген.

Кырдаал өтө тездик менен курчуп кетти. Волк-Филддеги авиабазалардын биринде кимдир бирөө стандарттуу эскертүү кнопкасынын ордуна учкучтардын абага көтөрүлүшүн эскерткен кнопканы басып жиберген. Чыңалуу жаралып, бир нече учак өзөктүк бомба менен учууга даярдана баштайт.

Бул мезгил жан кулактын учунда болуп турган, Кариб кризиси курчуган маал эле. АКШда муну "Кубадагы ракеталык кризис" деп атап коюшат. 11 күн мурун чалгынчы учак Кубадан ракета системасын сүрөткө тартып алган болчу. Мунун өзү Советтер Союзу АКШдагы буталарга сокку урууга даярданууда дегендей белги болгон.

Дүйнө ошол маалда кайсыл бир өлкөнүн бир гана соккусу Жер шарын чоң бүлүнүүгө алып келерин жакшы түшүнүп турган.

Кийин Дулут көзөмөл бекетиндеги караан аюу экени белгилүү болот. Бул тууралуу Волк-Филд авиабазасына али кабар жете элек. Учкучтарга бул машыгуу эмес экенин кабарлашкан. Ошондуктан алар Үчүнчү дүйнөлүк согуш башталды деп ойлошкон. Базанын командирлеринин бири эмне болгонун дароо түшүнүп, жүк тарткан унаа менен учууга даярданган аскер учактарынын алдын тосуп чыга алды.

Эми бүгүнкү күнгө келели. Өзөктүк бомба коркунучу тээ өткөн кылымдын 60-жылдарында калды. Азыр мындай чочулоонун ордун климаттык өзгөрүү сыяктуу көйгөйлөр ээлеген.

Ошондой болсо дагы дүйнөдө мурдагыдай эле болжолу 14 000 өзөктүк дүрмөт бар экенин эч ким эстен чыгарган жок. Мындай курал үч миллиард кишинин өмүрүн алып, соккуга кабылган аймакты тыптыйпыл кылууга кудуреттүү.

Өзөктүк державалардын лидерлери мындайга жол бербей турганын жакшы түшүнөбүз. Бирок бул кокусутук болуп кетиши мүкүн экенин элестете да албайбыз.

Көктө учуп бараткан канаттуулардын тобу айгай белгисинин иштешине себеп болгон учурлар аз эмес

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көктө учуп бараткан канаттуулардын тобу айгай белгисинин иштешине себеп болгон учурлар аз эмес

Өзөктүк куралды ойлоп табышкандан бери кеминде 22 жолу өзөктүк согуш башталып кетиши мүмкүн болгон кооптуу абал түзүлгөн экен. Болбогон себептер менен дүйнө астын-үстүн болуп кетишине аз калган. Айталы, компьютердин бузулушу, көктө учуп бараткан канаттуулар сыяктуу себептерден улам деле чыңалуу болгон. 1958-жылы америкалык аскер учагы өзөктүк бомбаны кокустук менен Түштүк Каролинадагы бир үй-бүлөнүн бакчасына таштап алган. Кудайдын кудурети менен ал жарылбай калып, болгону оор бомба басып түшүп тооктор гана өлгөн экен. АКШнын Аба күчтөрү 50 өзөктүк ракетасын башкарууну көзөмөлүнөн чыгарып жиберген мындай одоно, өтө опурталуу каталар 2010-жылга чейин эле кайталанып турган.

Куну жогору болгон жана технологиялык кылдаттык менен иштелген заманбап өзөктүк куралдар (маселен, АКШ буга 2017-2026-жылдар аралыгында 400 млрд доллар коротушу мүмкүн деген божомол бар) кишинин өтө жөнөкөй катачылыгы менен оңой эле чоң коркунучкка айланып каларын тарых тастыктап турат.

Ельцин АКШга жооптук сокку урууга даяр болгон

1995-жылдын 25-январында ошол маалдагы Орусиянын президенти Борис Ельцин өзөктүк курал соккусун жолдой турган кнопкага өтө жакын келген алгачкы дүйнө лидери болуп калды. "Өзөктүк кутуну" активдештирүүгө чейин жеткен эмне окуя эле?

Орусиялык радарлар Норвегия жээктеринен ракеталар учканын каттаган. Ал ракеталар суу астында жүргөн атомдук кемелерден атылган баллистикалык ракетага окшош эле. Ракета тигинен учкандыктан анын кайсыл тарапка багытталганын билүү мүмкүн эмес болгон. Орусиянын Ракеталык-стратегиялык аскер бөлүктөрү күжүрмөн даярдыкка келтирилет. Президент Ельциндин алдына "өзөктүк куту" активдештирлип, алып келинген.

Коргоо министри Павел Грачев менен Башкы штабдын жетекчиси Михаил Колесников жана президент ортосунда телефондук конференц-байланыш болуп, жооптук сокку уруу тууралуу чечим кабыл алынган. Көп өтпөй ракета Орусия аймагынан алыстап кеткени белгилүү болду. Көрсө, бул өзөктүк сокку эмес норвегиялык-америкалык Black Brant XII илимий жабдыктар менен жабдылган ракета болуп чыкты.

ракета учуруу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Норвегиянын бийлиги алардын ракетасы орус тараптын ушунчалык будуң-чаң кылганына таң калганын жашырган эмес. Анткени бир ай мурун эскертүү иретинде кабарлашкан тура.

Өзөктүк курал катачылык менен же атайын максаттуу жолдонобу - чоң мааниге ээ эмес. Маселе ракетаны аткандан кийин аны кайра токтотуу мүмкүн эмес экенинде.

"Эгерде президент такталбаган белгиге ынанып алса, бул катачылыктын арты менен өзөктүк согуш тутанып кетет,-дейт президент Билл Клинтондун жана президент Картердин маалында коргоо министри жана орун басары болуп иштеген Уильям Перри. -Андан кийин эч нерсе кыла албайсың. Ракеталарды артка кайтаруу же абада атып жок кылууга мүмкүн эмес".

Учурда АКШнын планетага байкоо салган спутник түйүндөрү бар. Ушундай жолдор аркылуу ракеталардын атылганын байкап турушат. Бирок бул спутниктер ракетанын траекториясын аныктай албайт. Ошондуктан АКШда муну аныктаган жүздөгөн радар станциялары бар.

Өзөктүк кол салуу тууралуу жетиштүү маалымат болгон кезде гана АКШ президентине кабарлашат.

"Ракета атылгандан кийин болжолу 5-10 минута ичинде президент бул тууралуу кабардар болот",-дейт Перри. Ошондон кийин ал жооптуу сокку тууралуу чечим кабыл алат.

Президент Картердин уйкусун бузуу...

Катага алып келе турган эки жол бар - техникалык жана адамдын катасы менен болгон учурлар.

Биринчисине классикалык мисал катары 1980-жылдагы окуяны алсак болот, дейт Перри. Ал кезде Уильям Перри президент Жимми Картердин администрациясында иштечү.

"Бул өтө чыңалган окуя болду",-деп экерет Перри. Мунун баары таңкы саат үчтөгү телефон коңгуроосунан башталган. АКШнын Абадан коргонуу штабынын нөөмөтчүсү ага компьютердик система Советтер Союзу тараптан АКШга багытталган 200 ракетаны каттаганын кабарлаган.

Ал учурда бул кол салуу эмес, кандайдыр компьютердин катачылыгы болгону ачыкка чыкты.

Эскертүү системасы канчалык татаал болбосун, компьютер дагы катага жол берет

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эскертүү системасы канчалык татаал болбосун, компьютер дагы катага жол берет

Перринин айтымында, ага чейин президентке чалышкан. Телефон коңгуроосуна улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи жооп берген. Бактыга жараша, ал дароо эле президентти ойготууга шашкан эмес. Бир нече минутага маалкатып, маалыматты такталышын күткөн. Бул аралыкта ракеталардын атылганы тууралуу маалымат жалган болуп чыкты.

Эгерде мындай бир нече минуталык тыным болбой, президент Картерди дароо уйкусунан ойготушканда дүйнө азыркыдан такыр башкача болуп калышы мүмкүн эле.

"Балким президент телефон коңгуроосуна өзү жооп берген болсо, анын ракеталык жооптук сокку уруу туралуу чечим кабыл алышына беш гана минута убактысы болмок. Бул түн бир оокум, кеңешүүгө киши жок",-деп кырдаалды сүрөттөдү Перри.

Бул ирет катачылыктын негизги булагы - улуттук эскертүү системасындагы компьютердеги чип болду. Аны алмаштырууга кийин болгону бир долларга жетпеген чыгым кеткен.

Америкалык аскер учактары машыгуу маалында

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Америкалык аскер учактары машыгуу маалында

Эң коркунучтуу элемент - кишилер, өзгөчө президенттер

"АКШ президенти өзөктүк куралдуу колдонуу маселесинде толук укука ээ. Болгону президентте гана ушул укук бар",-дейт Перри.

Мындай укук Гарри Трумэндин президенттиги учурунда келди. Кансыз согуш маалында өзөктүк куралды колдонуу чечими жогорку аскер командачылыгынын моюнунда эле. Бирок Трумэн өзөктүк курал саясатчылардын колунда болушу керек деп эсептеген.

Америка президентинин жардамчысы өзөктүк ракетаны активдештире турган куту менен

Сүрөттүн булагы, Reuters/Tom Brenner

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Америка президентинин жардамчысы өзөктүк ракетаны активдештире турган куту менен

Ошондон бери карай президент Дональд Трампка чейин кайсыл жакка барса жардамчылары бир кутуну көтөрүп жүрүшөт. Анда өзөктүк куралды активдештире турган карточка бар. Азыр Трамп кайсыл жерде болсо дагы өзөктук куралдан сокку ура алат. Ошондуктан көптөгөн уюмдар жана эксперттер бир кишинин колунда чоң тобокелчилик бар экенин белгилеп келүүдө.

Катастрофаны алдын алуу

Жакында эле Перри өзөктүк куралды таратпоо багытында иш алып барган Ploughshares Fund кайрымдуулук фондунун өкүлү Том Коллина менен китеп жазды: The Button: The New Nuclear Arms Race and Presidential Power from Truman to Trump ("Кнопка. Өзөктүк куралдануунун жаңы жарышы жана президинттердин бийлиги - Трумэнден Трампка чейин").

Китепте өзөктүк куралдарды колдонбоо кепилдиги ишенимсиз экени жана бир катар болжолдуу чечимдер тууралуу сөз болгон. Авторлор массалык кыргынга алып келе турган куралдарды колдонуу боюнча президенттердин колундагы жеке укукту алып салууга чакырат.

Коркунуч реалдуу экенин билүүнүн бир гана жолу бар - ракета өлкө аймагына келип түшүшү керек. Перри менен Коллинанын тыянагына кайрылсак, алар өзөктүк державалар куралды эч качан биринчи болуп колдонбошу керек деген пикирде.

"Кытай буга кызыктуу мисал боло алат. Алар "эч качан биринчи болуп колдонбоо керек" деген саясатты карманып келе жатышат,-дейт Коллина. - Аларга ишене турган себептер бар, анткени Кытай өзөктүк дүрмөттү ракетадан өзүнчө сактайт".

Ошондуктан Кытай ракетаны атардан мурун өзөктүү дүрмөттү системага алып келиши керек болсо, спутниктердин бири сөсзсүз муну байкашы керек. АКШ менен Орусияда мындай саясат жок. Президент Обаманын администрациясы "эч качан биринчи болуп колдонбоо" концепциясын кабыл алуулуну караштырган. Бирок иш жүзүнө ашкан эмес. Китептин авторлору эң жакышысы - өлкөлөр континенттер аралык баллистикалык ракеталардан толук баш тартканы эле оң болот деген тыянакты берген.

(Макала кыскартуулар менен сунушталды. Түп нускасын BBC Future сайтынан англис тилинде окуңуздар)