Хиросимадагы атомдук бомбадан аман калгандар: үч аялдын бейнеси
6-9-августта Хиросима менен Нагасакиге атом бомбасы ташталганына 75 жыл толду. Бул экинчи дүйнөлүк согуштун аягында болгон окуя.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Алааматтан каза тапкандар тууралуу так маалымат жок. 350 миң киши жашаган Хиросимада болжолу 140 миң киши каза тапканы айтылып жүрөт. Нагасакиде кеминде 74 миң кишинин өмүрү кыйылган.
Бомба чабуулу Азиядагы согушту токтотту. Жапон императору 1945-жылдын 14-августунда союздаштарга багынып берген. Көптөр Жапония ансыз деле капитуляция босогосунда турганын айтып келишет. Атомдук жардыруудан тирүү калгандар "хибакуся" деген ат менен бегилүү. Алар алааматтын өтө оор кесепетин тартышты - радиациялык нурлануу, психологиялык жаракат.
Британдык фотожурналист Карен Ли Стоу маанилүү тарыхый окуялардын күбөлөрүн сүрөткө тартып, алардын айткандарын жазып алып, бүтүндөй өмүрүн ушул ишке арнаган. Ал атомдук бомбадан аман калган үч аялдын бейнеси тууралуу айтып бермекчи.
Макалада үрөй учурган сүрөттөлүштөр бар.
Тэруко Уэно
Хиросимага атом бомбасы ташталган учурда Тэруко 15 жашта эле.

Сүрөттүн булагы, Lee Karen Stow
Ал мезгилде Тэруко Уэно "Кызыл чырымдын" ооруканасынын алдында ачылган медайымдар мектебинде экинчи курста окуйт эле. Бомба түшкөн учурда студенттик жатакананы өрт чулгады. Тэруко дагы өрттү өчүрүүгө далбастагандардын катарында болду. Бирок анын курбалдаштарынын көбү тирүүлөй өрттөнүп кеткен.
Андан кийинки апталарда күн менен түн аралашып, уйку бетин көрбөй калышты. Жаракат алгандар саны өтө көп болгондуктан колдон келген жардамын кылып жүрүштү. Иче турган суу таңкыс болуп, ал эми тамак-аш таптакыр жок эле.
Тэруко медайымдар мектебин бүтүрүп чыккандан кийин ошол эле "Кызыл чырымдын" госпиталында операциялык бөлүмдө иштеп калган. Көп учурда ал терини бир жерден экинчи жерге жабыштырып тиккен операцияларда ассистенттик кылды. Адатта терини сандан кесип алып, күйүктөн катуу жабыркаган дене бөлүгүнө жамашчу.
Тэруко өзү сыяктуу алааматтан аман калган Тацуюкиге турмушка чыккан. Кош бойлуу кезинде ымыркай үчүн катуу кабатыр болушту.

Сүрөттүн булагы, Lee Karen Stow
Бактыга жараша кызы дени сак төрөлүп, өстү.

Сүрөттүн булагы, Lee Karen Stow
"Тозокту ким көрүптүр, анын кандай экенин эч ким билбейт. Бирок тозок биз жашап өткөн алаамат сыяктуу болсо керек. Мындай экинчи кайталанбаса экен",- дейт токсон жаштагы Тэруко.
"Көп кишилер бул жерде 75 жылдан кийин деле өсүмдүк өспөйт, жан-жаныбар байырлабайт деп ойлошкон. Бирок Хиросима шаары кайра жаралды, жапжашыл бак-дарактуу жана таза суулары менен укмуш кооз болуп жаралды. Болгону "хибакусялар" радиация кесепетинен азап тартып келүүдө",- дейт Томоко.

Сүрөттүн булагы, Lee Karen Stow
"Хиросима менен Нагасакидеги алаамат акырындап кишилердин эс-тутумунан чыгып барууда. Биз жолдун айрылышында турабыз. Келечек өзүбүздүн колубузда. Тынчтык болуш үчүн биз баарыбыз ошого умтулуп, ага салым кошуп, башкалар тууралуу ойлоно билишибиз керек",- дейт Томоко.
Тэруконун небереси Кунико болсо Хиросиманын күлү көккө сапырылып, катуудан туулга, жумшактан күл гана калган көрүнүшүн сүрөттөрдөн гана көрдү.
"Биз ошол алааматты жашап өткөн кишилерден укканыбыз боюнча ал күнү шаарда бүт баары оттун ичинде калды. Кишилер, канаттуулар, чөп, дарактар күйдү".
Жардыруудан кийин куткаруу иштери менен жүргөндөр же башка аймактан жакындарын издөө үчүн жетип келгендердин көбү кийин каза тапты. Тирүү калгандары оорукчан болуп калышты",- деп эскерди Тэруко.

Эмико Окада
Хиросима атомдук бомбалоого кабылган учурда Эмико сегиз гана жашта эле. Анын бир тууган эжеси Миэко жана төрт жакын тууганы каза тапты.

Сүрөттүн булагы, Yuki Tominaga
Үй-бүлөлүк сүрөттөрдүн көбү бомба чабуулунда соо калбады. Бирок башка шаарларда жашаган туугандарында сакталып калган сүрөттөр бар. Миэконун сүрөтү дагы ошентип сакталып калган.

Сүрөттүн булагы, Emiko Okada
"Эжекем аябай шайыр эле. Ал болгону он эки жашта болчу. Эрте менен жадырап жайнап коштошуп чыгып кеткени эсимде. Ошол бойдон дайынсыз болду. Издөө иштери эч кандай натыйжа берген жок. Аны тирүү деп көпкө чейин күтүштү. Апам кош бойлуу экен. Ушул окуядан кийин боюнан түшүп калыптыр",- деп айтып берди Эмико.

Сүрөттүн булагы, Emiko Okada
"Менин чачым түшө баштады, тишимдин бүлөөсү канайт. Алсырап, шалдыроо басып, башым тийген жерге эле жата калып жүрдүм. Бул радиация экенин эч ким билген эмес. Он эки жылдан кийин гана менден апластикалык анемияны аныкташты".

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Рэйко Нада
Рэйко Нада Нагасакиден аман калгандардын бири. 1945-жылдын 9-августунда шаарга атом бомба түшүп, күлү көккө сапырылганда болгону тогуз жаштагы эселек эле.

Сүрөттүн булагы, Lee Karen Stow
Эрте менен аба чабуулу тууралуу эскертүү берилген маалда Рэйко үйүндө болчу. Кайра тынчып калганда ал жакын эле жердеги балдар окуган храмды көздөй жөнөгөн. Аба чабуулун эскерткен сигналдар тез-тез эле болуп турчу. Бирок ал күнү бир эле сабак өтүштү дагы мугалимдер окуучуларды үйүнө кайра жиберди.
"Үйгө кайтып келип, ичкери кирейин деп кадам таштаганда эле көзүмө жарк эткен жалын урунду. Андан кийин кулак тундурган үн чыгып, эсимди жоготупмун".

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Бир нече убакыттан кийин өзүмө келдим. Мугалимибиз бомба түшкөн учурда баш калкалоочу жайларды тапкыла деп какшап эле айта берчү. Эсиме келип эле ошону ойлодум. Үйдө апам бар экен, ал мени бомбадан баш калкалаган жайга ээрчитип келди",- деп эскерди Рэйко.
"Мен эч кандай жаракат алган жокмун. Мени Конпира тоосу сактап калды. Тоонун аркы бетиндегилер өтө катуу жабыр тартышты. Ал жактан тирүү качып келгендердин кебетесин көрсөң, үрөй учат эле. Баары жыпжылаңач, анткени кийимдери күйүп кеткен, денесинде күйүк, көздөрү чыгып кеткендер...".
Ошол жерден кишилер бири-бирине жардам кыла баштаган.
"Суу сурашканда, мага өзөндөн суу алып келүүмдү айтышты. Алар суудан аптыга жутуп, биринин артынан экинчиси кайтыш болуп кете берди. Алардын ысымын аныктоо деле мүмкүн болгон эмес. Жай болгондуктан денелери жыттанып кетти. Сөөктөрдү өрттөгөнгө аргасыз болушту",- деп эскерди Рэйко.

Сүрөттүн булагы, Reiko Hada
"Болочок муун мындай өзөктүк курал алааматын эч качан көрбөйт деп үмүт кылам.Тынчтыкты адамдар өздөрү орнотот. Биз ар башка тилде сүйлөп, ар башка өлкөдө жашайбыз. Бирок тынчтыкка болгон каалообуз баарыбыздыкы окшош". (AbA)

Сүрөттүн булагы, Lee Karen Stow
*












