Күлгө айланган Хиросима кантип бутуна турду?

    • Author, Стив Жон Пауэлл
    • Role, BBC Travel

Биринчи жолу бул шаарды көздөй сапар алган киши өткөн трагедиянын изин көрөм, кайгылуу көрүнүштөргө күбө болом деп түйшөлөрү турган кеп. Бирок аны меймандос, келечекке ишенимдүү караган жаркыраган шаар күтүп алат. Хиросиманын тажрыйбасын көптөр үйрөнүшү керек.

Атомный купол Хиросима

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Аптаптуу августтун күндөрүндө Хиросимадагы Тынчтык мемориалдык паркындагы коңгуроого жакын жердеги көлмөдө лотос гүл ачып турат.

Кызыл-тазыл кийинген башталгыч класстын окуучуларынан турган топ Тынчтык коңгуроосун какканга кезекке турууда. Каалоочулардын баары какканга уруксат болгондуктан, Тынчтык коңгуроосунун үнү парктын үстүнөн жаңырып турат.

Лотос Жапониядагы маанилүү символдордун бири. Чиркөөлөрдөн лотостун үстүндө олтурган Будданын айкелин көрүүгө болот.

Лотос гүлү саздак жердеги көлчүктө өсөт. Будда муну көргөндөн кийин аң сезими өзгөрүп, пенделик азаптарынан арыла алган деп айтылат.

Тынчтык мемориалдык паркындагы лотос кошумча дагы маанини туюндуруп турат. Күлгө айланган шаар өзүнүн кайра жаралуусуна чоң эмгек кылып, гүлдөгөн.

Экинчи дүйнөлүк согуштун соңунда, 1945-жылдын августунда америкалыктар шаарга атом бомбасын таштаган. Хиросиманын он миңдеген тургундары мерт болду.

Шаар жер менен жексен болуп, катуудан туулга, жумшактан күл калгандай абалга түшкөн. Алдыдагы 70 жылдын ичинде бул жерде эч нерсе өспөйт жана бул жерди өздөштүрөм дегендерди ажал күтөт деп болжошкон.

Мындай божомолду, тагыраагы вашингтондук окумуштуу, «Манхэттендик долбоордун» катышуучусу (АКШдагы өзөктүк куралды иштеп чыгуу программасынын жашыруун аталышы- котормочунун эскертүүсү) Гарольд Жейкобсон айткан.

Каалоочулардын баары какканга уруксат болгондуктан Тынчтык коңгуроосунун үнү парктын үстүнөн жаңырып турат.

Сүрөттүн булагы, Angeles Marin Cabello

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Каалоочулардын баары какканга уруксат болгондуктан Тынчтык коңгуроосунун үнү парктын үстүнөн жаңырып турат.

Бирок Хиросима тарыхта үрөй учурган трагедия орун алган жер катары гана эмес, башкаларга дем күч берген жер катары да калат.

1945-жылдын күз айында эле америкалык окумуштуунун божомолун жокко чыгарып, күлгө айланган жерден биринчи өсүмдүктөр баш көтөрө баштаган. Кийинки жылдын жай айында жийде гүлүн ачкан. Анан лавр бүчүр жарган. Тирүүлүктүн илеби сезилген бул белгилер кишилердин жүрөгүн ойготту.

Кийин жийде жана лавр дарагы Хиросиманын расмий таанылган символикасы - баалуу гүлү жана дарагы болуп калды.

Шаардын кайра бутуна турушуна бүтүндөй Жапониянын булуң-бурчунан жардамдар келген. Сырткы өлкөлөрдөн да шаардын транспорттук системасын кайра куруу, бактарды калыбына келтирүүгө жардамдар болгон.

Хиросима тарыхта үрөй учурган трагедия орун алган жер катары гана эмес, башкаларга дем күч берген жер катары да калат.

Сүрөттүн булагы, Angeles Marin Cabello

Бирок шаарды калыбына келтирүү жана кайра куруудагы негизги кадам 1949-жылы Хиросиманын «Тынчтыктын шаары» деп жарыяланышы болду. Ошондо шаарды куруу боюнча атайын мыйзам күчүнө кирген.

1947-жылы Хиросимада өткөн биринчи Тынчтык фестивалында ошол кездеги шаардын мэри Синдзо Хамаи: "Келгиле, биз биргеликте планетабызды согуштун каарынан бошотуп, чыныгы тынчтыкты орнотобуз",-деп кайрылган.

Жапон өкмөтүнүн Хиросиманы кайра куруу боюнча мыйзамында жөн гана шаардын реконструкциясы каралбастан, шаарды «тынчтыкты курууга умтулуунун символу» катары образ берип, мемориалдык шаарга айлантуу каралган.

Биринчи жолу тарыхта тынчтык үчүн күрөшүүгө өзүн арнаган шаар пайда болду.

Хиросиманын борбордук бөлүгүндөгү Мотоясу дарыясынын жээгинде Тынчтык мемориалдык паркы курулган. Ал жалпы аянты 12 гектар жерди ээлейт. Мемориалдык музей, көптөгөн эстеликтер жана Тынчтык коңгуроосу, кенотаф бар.

Хиросиманын борбордук бөлүгүндөгү Мотоясу дарыясынын жээгинде Тынчтык мемориалдык паркы курулган. Ал жалпы аянты 12 гектар жерди ээлейт.

Сүрөттүн булагы, Angeles Marin Cabello

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хиросиманын борбордук бөлүгүндөгү Мотоясу дарыясынын жээгинде Тынчтык мемориалдык паркы курулган. Ал жалпы аянты 12 гектар жерди ээлейт.

Парктын каршы тарабында урпактар үчүн деп сактап койгон, бомба жардыруусунан кийинки азгантай имараттар орун алган. Алар - Купол Гэмбаку, «Атомный купол». Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда бул жерде Хиросиманын өндүрүш палатасынын көргөзмө борбору болгон.

Купол - ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк баалуу мурастар тизмесине киргизилген. Жыл сайын миллионго чукул туристтер келип кетет.

Тынчтык дарбазасында "тынчтык" сөзү 49 тилде жазылган.

Сүрөттүн булагы, Yoshikazu Tsuno/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тынчтык дарбазасында "тынчтык" сөзү 49 тилде жазылган.

1980-жылдан бери «Мэрлер тынчтык үчүн» деген долбоор иштеп келе жатат.

Аны Хиросиманын ошол кездеги мэри Такеси Араки иштеп чыккан. Азыр бул долбоорго 162 өлкөдөн 7469 шаар тартылган. Ушул жылдын октябрь айында эле дагы 16 шаар кошулду. Мэрлердин күн тартибинде жакырчылык менен күрөшүүдө бири-бирине көмөк көрсөтүүдөн баштап, көптөгөн глобалдык көйгөлөр камтылган.

Кайра жаралган Хиросиманын образы, талкаланган Хиросимага караганда алда канча кубаттуу.

Купол - ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк баалуу мурастар тизмесине киргизилген. Жыл сайын миллионго чукул туристтер келип кетет.

Сүрөттүн булагы, travelgame/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Купол - ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк баалуу мурастар тизмесине киргизилген. Жыл сайын миллионго чукул туристтер келип кетет.

Хиросимада тынчтыкка тарбиялоо бала кезинен башталат. Башталгыч класстарда жыл сайын Тынчтык жумалыгы өткөрүлөт. Каникул учурунда көптөгөн студенттер волонтер катары Мемориалдык паркта иштешет.

Бул шаарга келген кишилер шаардын бир нече муунуна терең урмат-сый менн таазим этип кетет.

Сүрөттүн булагы, Hiroshi Higuchi/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул шаарга келген кишилер шаардын бир нече муунуна терең урмат-сый менн таазим этип кетет.

Азыркы Хиросима меймандос, ачык шаар. Анын аймагы аркылуу алты дарыя агып өткөндүктөн Хиросиманы Суу шаары деп да атап жүрүшөт.

Бул шаарга келген кишилер шаардын бир нече муунуна терең урмат-сый менн таазим этип кетет. (AbA)

Айрым кыскартуулар менен берилди. Макаланын түп нускасын англис тилинде BBC Travel сайтынан окуңуздар.