Орусия үндөн он эсе ылдам учкан “Кинжал” ракетасын сынады

Сүрөттүн булагы, Russian ministry of defence
Орусиянын Коргоо министрлиги "гипер" ылдамдыкта учкан ракетасын ийгиликтүү сынады. Буга чейин президент Путин дүйнөнүн ар башка жеринде радарга түшпөй туруп, бутага жете алчу өзөктүк дүрмөтү бар жаңы ракеталар тууралуу сөз кылган.
Орусиянын Коргоо министрлиги "МиГ-31" аскердик учагынан атылган ракетанын видеосун жарыялады. Министрлик бул ракета бутага таамай тийгенин дагы маалымдады.

Сүрөттүн булагы, Russian ministry of defence
1-мартта Владимир Путин "Кинжал" ракетасы тууралуу айтып, өлкөдө өзөктүк куралдын жаңы мууну иштелип чыкканын билдирген. Мисалы, жаңы түрдөгү континенттер аралык баллистикалык ракета планетадагы ар бир аймакка радарга түшпөй туруп жете алат деп айтылган. Адистердин айтымында, "Кинжал" мурдагы "Искандер" ракетасынын жаңыланган үлгүсү.
Бул ракета үндөн он эсе ылдам учат жана эки миң чакырым аралыкка чейин жете алат.

Сүрөттүн булагы, Smityuk/TASS
Буга чейин Владимир Путин Вашингтондун ракетага каршы коргонуу системасын Европага орнотуу долбооруна нааразылыгын билдирген.

Сүрөттүн булагы, Russian ministry of defence
Эми болсо Орусиянын жаңы ракеталарын АКШнын ракеталарга каршы коргонуу системасы кармай албайт деп маалымдалды. Кошмо штаттары ракеталардан коргонуу системасы Орусияга каршы багытталган эмес деп айтып келет. (AT)



























