Путиндин заманында президенттик такты талашкандар кимдер?

Кандидаты

Сүрөттүн булагы, TASS

Бир аптадан кийин Орусияда президенттик шайлоо өтөт. Орусиядагы шайлоо чөлкөмдөгү башка өлкөлөр үчун дагы мааниси чоң. Ошондуктан орус шайлоосуна батыштан да, чыгыштан да көз салып турушат.

18-мартта шайлоо бюллетенинде кимдин аты-жөнү болот? Би-Би-Си талапкер тууралуу өтө кыска маалыматтарды сунуштайт.

РСФСР Жогорку советине жана Мамдумага депутат болгон. Бир учурда вице-спикер дагы болуп турган. Бирок мунун баары 90-жылдардын соңу, 2000-жылдардын башында болгон эле. Мамдумадан он жыл мурун кеткенден бери, кайра шайланып келген жок.

Бабурин - "Орусиялык жалпы элдик биримдик" улуттук-консервативдүү партиянын негиздөөчүсү. Москвадагы улутчулдардын "Орус маршынын" уюштуруучуларынын бири болгон.

Мурунку президенттик шайлоолорго катышкан эмес.

Президенттик жарышка күтүүсүз жерден кошулган талапкер. Компартиянын декабрь соңундагы курултайына чейин анын талапкер болуп чыгышы тууралуу сөз да болгон эмес.

"Ленин атындагы совхоз" деп аталган чарбанын директору. Бул өлкөдөгү белгилүү кулпунай өстүргөн жер. Мурда-кийин Грудиндин коммунисттер менен эч кандай деле мамилеси болгон эмес. 2000-жылкы шайлоодо Путиндин ишенимдүү кишиси катары катталган. 2010-жылга чейин "Бирдиктүү Орусиянын" мүчөсү болуп турган.

ММКлардан чыгып жаткан негативдүү жана компромат кабарлардын саны боюнча лидер. Шайлоо алдында басылмалар анын чет өлкөдөгү банка эсептери, жер сатты деген кинелер айтылыды. Бирок сындарга сейрек учурда гана жооп берет. Ал Иосиф Сталинди акыркы 100 жылдыктагы эң мыкты башкаруучу деп атаган.

Мурунку президенттик шайлоолорго катышкан эмес.

ЛДПРдин өлбөс-өчпөс лидери. Орусиядагы президенттик шайлоого беш ирет катышып, экинчи орунга дагы жеткен эмес.

Бир гана жолу - 2004-жылы өткөн шайлоодо талапкерлигин койгон жок. Өзүнүн ордуна Олег Малышкинди койгон.

Жеңилерин билсе дагы тажабай, улам-улам шайлоого катышат. Балким анын шайлоо чыгымын бирөө көтөрөт го деген божомолдор көп айтылат.

Мурунку шайлоодогу жыйынтыктары:

1996: 5,7%

2000: 2,7%

2008: 9,35%

2012: 9,35%

2000-жылдан бери үч жолу мамлекет башына келди. Бир гана жолу төрт жылга тизгинди Дмитрий Медведевдин колуна берген. Кийин кайра эле президенттик жарыштан утуп чыгып, бийликке келди.

Башында айрымдар Путиндин үчүнчү мөөнөткө барышын сынга алып, Баш мыйзамга каршы келет деп чыгышкан. Бирок кийин БШК мыйзамдардын данегин чагып туруп, мына, эки жолу катарынан барса болбойт экен, мындай жол менен барса мыйзамдуу деп түшүндүрдү.

Болжолу, Путин бул шайлоону утуп чыгары айтылып жатат. Сурамжылоолордо аны 70%га жакын колдоп жатышканы белгилүү болгон.

Мурунку шайлоолордогу жыйынтыктары:

2000: 53%

2004: 71,31%

2012: 63,6%

Теле алып баруучу, бирок аны көпчүлүк Путиндин мурдагы жетекчиси - Санкт-Петербургдун губернатору Анатолий Собчактын кызы катары билишет.

Собчак шайлоого бийлик менен келишип алып бара жатат деп айрым басылмалар жазып чыкты. Кремль оппозиционер Алексей Навальныйдын элдин көңүлүн буруш үчүн атайын Собчактын талапкерлигин тандады деп айтылууда. Бирок бул айтылгандарды ал кескин четке какты. Бардык талапкердлердин ичинен кескин, радикалдуу билдирүүлөр менен белгилүү болду. Аннексияланган Крымды украиналык (юридикалык жактан) деп айтты, сексуалдык азчылыктардын укугун коргоп, Чечнстандын президенти Рамзан Кадыровду катуу сындады.

"Орусиянын коммунисттери" партиясын Сурайкин 2012-жылы каттодон өткөргөн. Ал учурда 500 кишиден ашуун мүчөсү болсо, партия кылып катоого мыйзам мүмкүндүк берген. Аталган партияны мурунку компартияны мурастап калдык деген Орусиядагы компартия "көчүрмө" катары атап келе жатат. Ал тургай Орусиянын компартиясы "биздин символикаларды колдонуп жатат" деп "Орусиянын коммунисттерин" сотко берип, бирок утулуп калган.

Ишкерлердин укугун коргоо боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Борис Титов шайлоого катышуу тууралуу чечимди капыл-тапыл декабрь соңунда кабыл алды. Титовдун бүлөсү шарап чыгарган "Абрау-Дюрсо" ишканасына ээлик кылат. Титов көп жылдар аталган компаниянын директорлор кеңешин башкарып турган.

Титов "Өркүндөө" партиясынын лидери. Думага болгон шайлоодо анын партиясы 1,29% добуш алган.

"Яблока" партиясынын негиздөөчүсү президенттик шайлоого эки ирет - 1996-жылы жана 2000-жылы катышкан.

2012-жылы кол топтоодо мүчүлүштүктөр бар деп БШК анын талапкерлигин каттабай койгон.

Мурунку шайлоодогу жыйынтыктары:

1996: 7,34%

2000: 5,8%

(AbA)