Путин ыйлаган күн
Орусия 18-мартта өтчү президенттик шайлоого даярдык чараларын көрүп жаткан кезде, Би-Би-Синин кабарчысы Габриел Гэйтхаус Путиндин карьерасына кылчайып - ал биринчи президенттик мөөнөтүнө ишке кирип жаткан учурга көңүл бурду.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Орусиянын президенти 18 жыл бийликте болсо да, анын ыйлаган учуру абдан сейрек көрүнүш экени бышык. Президент Путин башкарып турганда каргашалуу окуялар көп болду, бирок ал эл алдында бир эле жолу ыйлаганы белгилүү. Бул окуя 2000-жылы 24-февралда Анатолий Собчак жерге берилип жатканда болду.
Собчак - Горбачев жана Ельциндей эле Советтер Союзунун урап түшкөнүнө салым кошкон. Реформатор деп саналган Собчак катардагы КГБ офицерине саясий кызмат берген адам катары таанымал.
Собчак бул кадамга эмнеге барганы белгисиз бойдон калды. Бирок адистердин айтымында, совет доорунда атайын кызматта иштеген офицерлер бүгүнкү күнү Орусияны башкарып келет. Алардын таасиринен улам бул мамлекетти демократия деп атабай деле койсо болот дегендер дагы бар.

Сүрөттүн булагы, Alamy
Президенттик шайлоого сегиз адам катышып жатат. Бирок Путин "негизги талапкер" экени түшүнүктүү.
Президенттикке талапкерлердин бири шайлоону "жасалма" деп атады. Орусиянын демократиясы "казино сыяктуу эле, качан болсо казино утат. Бизде дайыма Путин жеңишке жетет", -дейт ал.
Кызыгы, президенттикке талапкердин бири Ксения Собчак - Путиндин устаты жана досу Анатолий Собчактын кызы.
36 жаштагы Ксения Собчак мурда телекөрсөтүүлөрдү алып баруучу болчу. Кийин оппозициялык журналистке айланды. "Чыныгы оппозиция" деп саналган Алексей Навальныйдын тарапкерлери Собчакты Кремль же Путиндин өзү мурдагы досунун кызын даярдады деген пикирде. Навальный болсо шайлоого катышууга уруксат ала алган жок.
Чынында, бийлик уруксат бербесе Собчак шайлоого катыша алмак эмес. Орусиянын демократиясынын өзгөчөлүгү ошондо.
Арийне, Кремлдеги боз костюм кийген адистер Собчакка шайлоого катышууга уруксат берген чечимине өкүнүп жатат окшойт. Ксения Собчак ТВ программаларды кыдырып, Путиндин айланасындагы коррупцияга баткан атка минерлерди бирден атап жатат. Андан тышкары Собчак Орусиянын Крымды басып алганы мыйзамсыз болгонун улам кайталап, бул идеяны коомчулукка таратууда.
Собчактын өзү жеңишке жетүү үчүн эмес, көз карашты өзгөртүү үчүн президенттик шайлоого катышып жатканын белгилеп келет.
Анда эмне болуп кетти?
Ксения Собчактын атасы Анатолий Собчак тууралуу сөз кылалы. Ал Санкт-Петербург шаарынын мэри болгон. Путин анын орун басары эле. Экөө бири-бирине абдан жакын болчу. Собчак коррупция боюнча айыпталганда, Путин аны чартер учагы менен өлкөдөн чыгарып кеткен. Бул окуялар 1990-жылдары болгон.
Ал күндөрү Орусияда тополоң болуп жаткан. Президент Борис Ельцин бир нече жолу маанилүү жыйындарга мас абалында келип, уят болгон.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Кремлдеги адамдардын максаты - боз костюм кийген дагы бир адамды бийликке алып келип, Ельцинден кийин жаңы доорду баштоо эле. Алар Путинди даярдай баштаган.
Владимир Путин биринчи жолу президенттик шайлоого талапкер катары даярданып жатканда, анын жакын досу жана устаты Анатолий Собчак 62 жашында Калининградда көз жумат.
Тергөө иштеринен кийин Анатолий Собчактын жүрөгү кармап каза тапты деген тыянак чыгарылган. Бирок инфаркт болгонуна эч далил табылган эмес. Ал себептен Собчактын жубайы тергөөгө ишенбей, күйөөсү өлтүрүлгөн деген пикирин айткан. Ал өз алдынча аутопсия жүргүзгөн.

Сүрөттүн булагы, Alamy
Собчактын жубай Людмила Нарусова менен дагы жолуктум. Андан күйөөңүздү өлтүрүп кетиштиби деген суроо жолдосом, ал жооп кайтараардан мурун көп ойлонду. Пауза учурунда Нарусова айым он жолу "ооба" деп жооп бере алмак, бирок ал "билбейм" деп айтты.
Собчактын өлүмүнө Путиндин дагы тиешеси бар деген сөздөр дагы айтылган. Бирок Нарусова айым бул маалыматты четке какты.
Анатолий Собчакты жерге берип жатканда тартылган видеолордо Путин кайгырып жатканы көрүнөт. Ал Людмила Нарусовага көңүл айтып, өз эмоцияларын кармай албай жатканы байкалат.
Путиндин актёрлук чеберчилиги жок жана ал эл алдында эмоциясын көп билдирбейт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Путин бийликке алып келген адамдар болгон", -деди Нарусова. Чынында Путин бийликке келгенде Кремлдеги бир нече топту ала келген. Азыр деле абал өзгөргөн жок деп айтсак болот.
Анда Собчактын таасиринен кооптонуп, КГБ аны өлтүрүп кетти беле? Балким...
Нарусовадан аутопсиянын тыянагы тууралуу дагы сурадым. Ал анын жыйынтыгын коомчулукка жарыялаган эмес. Мен андан маалыматты эмнеге жашыруун кармап жүрөсүз деп сурадым.
Нарусова айым аутопсия тууралуу сүйлөшкүм келген жок деп жооп берди.
Бирок мен "сизде кандайдыр бир компромат бар окшойт" деп сөзүмдү уланта бердим.
Нарусова "ооба, ошондой деп айтсаңыз болот" деп жооп берди.
"Коркуп жатасызбы? Өзүңүздүн өмүрүңүзгөбү же кызыңыздынбы?" деп сурадым.
Ал жооп кайтарардан мурун көп ойлонду.
"Билесизби, бул мамлекетте жашоо абдан коркунучтуу. Өзгөчө оппозициячыл ойдо болсоңуз. Ооба, мен корком...", -деди Нарусова.









