Кытайдын ракеталык арсеналы: АКШ эмнеден кооптонот?

Сүрөттүн булагы, AFP
АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон Орто жана кыска аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимден чыгарын жар салды. Трамп бул чечимге Орусияга туруштук берүүдөн тышкары, Кытайдын аракеттеринен дагы кооптонуп жатканы себеп болгонун айтты.
Соңку жылдары Кытай күчтүү державага айланганы калетсиз.
1987-жылы АКШ менен СССР Орто жана кыска аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимге кол койгондо, Кытай тууралуу сөз болгон эмес. Эки ири держава беш жүздөн беш жүз миң чакырым аралыкка чейин уча алган ракеталарды жок кылууга макул болушкан.
Кытайдын баллистикалык ракеталары бар болчу. Бирок ошол доордогу Бээжин арсеналынын деңгээлин АКШ менен СССРге салыштыруу төмөн болчу.
"Бүгүнкү күнү Кытай дүйнөдөгү экинчи ири экономикалык державага айланды. Кытайдын үч же төрт мобилдүү Орто аралыктагы ракеталык системасы бар. Вашингтон дал ушул системалардан кооптонот. Аларды каалаган аймакка жеткирип, тоолордо жашырып койсо болот, бул ракеталарды шаардын көчөлөрүндө дагы орнотуу мүмкүн. Муну Кытай каалаган жеринде учура алат", -дейт курал-жарак боюнча адис Говард Чжан.
"АКШ Бээжиндин ракеталык системасынан чочулайт. Себеби АКШ жана анын өнөктөштөрү Тынч океандагы Вашингтондун аскердик кемелери коопсуздукту камсыздайт деп ишенет. Ал эми "Дунфэн" түрүндөгү ракеталар (өзгөчө ДФ-21) үч миң чакырым алыстыктагы кемелер тобун жок кыла алат", -дейт Чжан.
Кытай ракеталарынын көбү "Дунфэн" (Dongfeng) же чыгыш шамалы деп аталат. Аларды советтик ракеталардын көчүрмөсү деп атасак болот.
Бээжин ракеталарынын так санын жарыялабайт. Аны аскердик сыр катары карашат. АКШ жана башка аскерий адистердин баамдоосунда, Кытай Орто жана кыска аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимге кошулган болсо, армиясынын жүздөгөн ракеталары жок кылынмак.
Ал себептүү Бээжин келишимге кошулбай келет.
Өткөн аптада Трамп ракеталык келишим тууралуу сөз көтөргөндө, айрым адистер АКШ президенти олуттуу маселени соода келишиминдей эле карап жатат деп сындашкан. Трамп 1987-жылкы макулдашуудан чыгам деп коркутуп, кайрадан сүйлөшүүлөрдү көздөп жатат деп айтылган. Вашингтон Орто жана кыска аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимди кайра карап чыгып, ага Кытайды дагы кошууну көздөйт.
Бирок Трамптын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон 22-23-октябрда Москвага келип, Кытайды келишимге кошуу мүмкүн эмес экенин айткан.
"Балким башкы этаптарда ишти баштасак, Кытай дагы келишимге кошулмак. Азыр Кытайдын баллистикалык ракеталарынын жарымы келишимдин талаптарына дал келбейт. Бээжин ракеталарынын жарымын жок кылат деп үмүттөнүү кыял болуп калат", -деди Болтон.

Сүрөттүн булагы, AFP
Курал-жарак боюнча адис Говард Чжан АКШ Бээжинди ынандырууга аракеттенбейт деген пикирде.
"Вашингтон Орто жана кыска аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимден чыккандан кийин мобилдүү ракеталык системаларын Жапония менен Кореяда орнотот деген жоромолдор бар. Бул кадамы аркылуу АКШ өзүнүн коргонуу чегин бекемдейт жана региондо Бээжинге туруштук берүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Вашингтон Орусия, Кытай менен жаңы келишимди түзүүнү көздөп турабы же жокпу, аны айтуу оор", -деди Чжан.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
Дональд Трамп келишимден чыккандан кийин сүйлөшүүлөр эмес, регионалдык жарыша куралдануу аркылуу максатына жетүүнү көздөп турганын так айтты.
"Орусия келишимдин талаптарын аткарбай жатат. Башкалар биздин байлыгыбыз, кубатыбыз баарынан көп экенин түшүнгүчө, биз куралдана беребиз", -деди Трамп.
Орусия болсо АКШнын дооматтарын четке кагып келет. Европанын бир нече мамлекеттери дагы президент Трамптын кадамын кескин сынга алды. (AT)







