Кытайдын өтүмүшү келечегине кандай таасирин тийгизүүдө?
- Author, Рана Миттер
- Role, Оксфорд университети, профессор
Кытайдын эл аралык соода, интернеттеги чектөө, башка өлкөлөр менен мамилеси тууралуу саясатын түшүнүү үчүн өлкөнүн өтүмүшүнө сереп салуу керек.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бардык эле улуттар өз тарыхын жакшы билгенге умтулат. Бирок кытайлар тарыхын баарынан жакшы билет десек, жаңылышпаган болор элек. Ооба, өткөн тарыхка тандалма мамиле кеңири жайылган. Айталы, Мао Цзэдундун "маданий революциясын" азырга чейин Кытайда ачык талкуулоо мүмкүн эмес. Бирок таң калычтуусу, өткөндүн жаңырыгы биздин күндөрдө дагы угулуп турганы.
Эл аралык соода
Кытай бир мезгилде өзүнүн эркине каршы соода кылууга мажбурлаган учурду эсинен чыгара элек. Батыш өлкөлөрүнүн Пекинди өзүнүн базарын ачууга чакырган аракеттерин ошол өткөн кайгылуу мезгилди эске салуу катары карап жатат.
АКШ болсо Кытайды товарларын ташып келгени менен, өзүнүн базарын америкалык компаниялар үчүн жабып салууда деп айыптады. Бирок соода балансы ар дайым эле Кытай үчүн пайдалуу болгон эмес.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытай өзүнүн соодасын дээрлик көзөмөлдөбөй калган дагы учурлар болгон.
"Aпийим согушу" деп аталган 1839-жылдан тарта Улуу Британия бир нече ирет Кытайга кол салган. Ушундан кийин Лондон Императорлук деңиз бажы кызматын негиздеп, Кытайдан ташылган товарлардан бажы төлөмүн алып баштаган.
Бул кызмат формалдуу түрдө Кытай өкмөтүнүн курамында болгон. Бирок анын жетекчилигине кытайлык чиновник эмес, британдык Роберт Харт дайындалган. Британдыктар Кытайдын бажы кызматын бир кылым бою башкарды.
Харт чынчыл киши болгон. Ал Кытайдын Бажы кызматын жетектеп турган учурда, Пекиндин казынасындагы киреше кадыресе көбөйгөн. Бирок Кытайда ал мезгил тууралуу жалаң гана тескери эскерүүлөр сакталып калды.
Мин империясынын учурунда XV кылымдын башында баары башкача болчу. Анда адмирал Чжэн Хэ сооданы жөнгө салуу жана Кытайдын кубатын даңазалоо үчүн Түштүк-Чыгыш Азияга, Цейлонго, ал тургай Чыгыш Азиянын жээктерине чейин жеткен ири флотилияны жети ирет жетектеген.
Адмиралдын жүрүштөрү чет жерликтерди дагы таң калтырган. Ал мезгилде айрым гана ири державалар океанды кесип өткөн ири флотторго ээ эле. Чжэн Хэ сапарынан кайтканда, Кытайга таң калычтуу буюмдарды жана кытайлар мурда көрбөгөн жаныбарларды алып келген. Мисалы, акыра (жирафты) алып келген.
Албетте, соода маанилүү болгон. Өзгөчө Азия өлкөлөрү менен соода алакаларын түзүү маанилүү эле. Керек учурда адмирал күчүн дагы көрсөтүп койгонго укугу бар эле. Ал аны Цейлондун өкмөтүнө көрсөттү.

Сүрөттүн булагы, Alamy
Бирок Чжэн Хэнин мамлекет тарабынан уюштурулган деңиз экспедициясы Кытайдын тарыхындагы сейрек көрүнүш болуп калды. Кийинки жүз жылдыкта Кытайдын эл аралык соодасынын чоң бөлүгү бейрасмий жол менен жүргөн.
Коңшулар менен маселе
Кытай ар дайым өзүнүн чек арасындагы мамлекеттерди жана урууларды жараштырып, жакшы мамилени карманып келген.
Дал ушундан улам ал Түндүк Кореяга сактык менен мамиле кылат. Кытайда коңшулары менен көйгөй биринчи жолу жаралып жаткан жери жок. Кытайдын жакында эле күтүүсүз Пекинге келип кеткен Ким Чен Ындан дагы начар коңшулары болгонун тарых жакшы билет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сун империясынын учурунда 1127-жылы Ли Цинчжао ысымдуу аял Кайфын шаарындагы үйүнөн чжурчжэндер бастырып кирерин угуп качып кетет. Ал белгилүү сүрөтчү жана акын эле. Ошол учурда анын ырлары популярдуу болуп турган.
Манжурияны жердеген чжурчжэндер Кытайга бастырып кирген. Өлкө боюнча шаарлар өрттөлүп, жергиликтүү бийлик төбөлдөрү туш келди качышкан. Ли Цинчжаонун сүрөттөрү , чыгармалары бүтүндөй өлкө боюнча чачылып, бытыраган.
Чжурчжэндер менен Кытай императору көп жыл союздаш болуп келген. Сун империясынын тагдыры коңшулар менен таттуулашуу түбөлүккө уланбай турганын көрсөттү.
Чжурчжэндер Цзинь империясын негиздеп, Кытайдын түндүк бөлүгүн башкарган. Сун империясы болсо өлкө түштүгүндө бийлик кылган. Бирок мезгилдин өтүшү менен эки империя тең монголдордун кол салуусунан кулаган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытайдын маданиятын тил, тарых, дүйнө таанымы, маселен конфуцийлик менен тыгыз байланышта.
Кытайды басып алган манжурлар болобу, монголдорбу өлкөнү түпкүлүктүү элдин принциптери, эреже, каадасы менен гана башкарышкан. Кытайды басып алган коңшулары көпкө турган эмес. Бирок алар көп учурда кытай баалуулуктарын кытайлардын өзүнөн кем эмес сиңирип алышкан.
Маалымат агымы
Азыр Кытайда интернет көзөмөлдө болуп, бийликке жакпаган саясий көз карашын билдиргендерди эң кур дегенде камакка алуу күтөт. Балким андан да катуу чарага кабылып калышы мүмкүн.
Бийликке чындыкты айтуу Кытайда ар дайым көйгөй болуп келген. Көптөгөн кытайлык тарыхчылар маанилүү деп эсептеген нерсени эмес, бийликтегилерге ыңгайлуу болгонду жазабыз деп эсептешет.

Сүрөттүн булагы, Alamy
Кытайдын тарыхы боюнча негизги эмгектерди жараткан Сима Цянь башка жол менен кеткен.
Сима Цянь биздин заманга чейинки I кылымда жашаган. Ал маанилүү салгылаштан жеңилип калган кол башчыны коргоп чыгууга батынган. Мына ушунусу менен ал императорду мазактады деп, бычылган.
Анын мурасы азырга чейин жашайт, азырга чейин кытай тарыхчылары Сима Цянды өзүнө үлгү катары эсептейт.
Анын "Тарыхый каттар" ("Ши цзи") деген эмгеги түрдүү булактардан алынган маалыматтарды анализденген. Ал өткөн окуяларды оозеки сурмажылап, тарыхый тактоолорду киргизип, ал учурда эмне болгонун түшүнүүгө аракет кылган.
Бул тарыхка жасалган революциялык мамиле болду. Бирок ал кийинки муунга сабак калтырды: өзүңдүн жеке өмүрүңдү тобокелге салгың келсе, тарыхый окуяны боексуз, болгонун болгондой жазгын. Эгерде ага даяр болбосоң, өзүңдү цензура менен чекте.
Дин тутуу эркиндги
Мао Цзэдундун учуруна караганда азыр Кытайдын бийлиги динге алда канча толеранттуу (белгилүү бир чекке чейин) болуп калды. Бирок өткөн тажрыйбаны эске алып, теориялык жактан алар көзөмөлдөн чыгып, бийликке каршы чыгышы мүмкүн деп, кандай гана диний кыймылдарга болбосун шектенүү менен карайт.

Сүрөттүн булагы, Alamy
Архив материалдарга карасак, Кытайдагы динге карата салыштырмалуу түтүмдүү мамиле өткөн кылымдардын тереңинде калгандай.
VII кылымда Тан доорунда канайым У Цзэтянь конфуцийлик менен чектелүүгө моюн сунбай буддист болгон.
Мин династиясынын башкаруусу учурунда император сарайына иезуит Маттео Риччи келип, аны урмат-сый менен тосуп алышкан. Кытайларды көбүрөөк батыштагы илимий жетишкендиктер кызыктырган. Ошондуктан анын христианчылыкка көңүл бурдурууга жасаган аракети майнапсыз болгон.
Бирок ошол эле кезде бийликтин көз карашында, дин коркунуч жаратышы мүмкүн эле.
XIX кылымдын соңунда Кытай өзүн Христтин инисимин деп жарыялаган Хун Сюцюандын уюштуруусундагы көтөрүлүштүн кучагында калат.
Тайпин көтөрүлүшү Кытайдын тарыхындагы эң кандуу жарандык согушка алып келген. Айрым булактарга таянсак, 20 миллионго чукул киши каза тапкан.
Өкмөттүк аскерлер башында көтөрүлүштү баса алган эмес. Армияда реформа кылууга арагасыз болушкан. Ошондон кийин гана 1864-жылы Тайпин көтөрүлүшү ырайымсыздык менен басылган.
Ондогон жылдар өткөндөн кийин христианчылык кайрадан көтөрүлүштүн чордонунда болуп калды.

Сүрөттүн булагы, Alamy
"Мушкер көтөрүлүшү" Кытайдын түндүгүндөгү айылдардан дүрт алган. "Мушкерлер" христиандык миссионерлерди өлтүрүп, христианчылыкка баш койгон кытайларды мекенинин саткан чыккынчы катары өлтүрүшкөн.
Башында бул көтөрүлүш император сарайында колдоого алынган. Жыйынтыгында көптөгөн кытай христиандарынын башы кеткенден кийин, акырындап көтөрүлүштү күч менен басышкан.
ХХ кылымдан бери Кытай бийлиги бир туруп динге түтүмдүү мамиле кылса, кээде коркунуч жаратат деп кооптонуу менен карап келе жатат.
Технология
Кытай азыр жаңы технологиянын өнүккөн борбор болгусу келет. Бир кылым мурун өлкөдө индустриалдык революция жүз берген. Азыр дагы ошондогудай эле бул жараянда дагы аялдар маанилүү роль ойноп жатат.
Жасалма интеллектти, добуштан таануу системасын өнүктүрүүдө Кытай дүйнөдөгү алдыңкы лидерлердин бири болуп калды.
Дүйнө жүзү боюнча көптөгөн смартфондорго кытайлык чиптер колдонулат. Аларды чыгарган ишканаларда негизинен жаш кыз-келиндер оор шарттарга карабастан иштешет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мына ушундай эле көрүнүш мындан 100 жыл мурун Шанхайда жана Яньцзы дарыясынын жээгиндеги аймактарда орун алган. Ал мезгилде фабрикаларда жибектен жана пахтадан жасалган текстиль буюмдарын чыгарышкан.
Жумуш абдан оор болуп, жумушчулардын өпкө ооруларына чалдыгуу, жаракат алуу коркунучу тооруган. Жумушчуларга түзүлгөн шарт начар болчу. Бирок аялдар кандай болгондо дагы өздөрү каражат иштеп таап жатканы жакшы экенин айтышып, кааласа театрга, жарманкелерге барса болот дешкен.
Көптөр Шанхайдын борборуна дүкөндөрдөгү товарларды көруү үчүн эле келип турушкан. Ал учурда Шанхай заманбап жашоонун үлгүсү катары эсептелчү.
Бүгүн дагы Шанхайдын ошол эле борборунан кишилердин кеңири колдонулган буюмдарды сатып алып жатканын көрсөсүз.
Тарыхчылар келечек тууралуу эмне дешет?
Биздин көз алдыбызда Кытайда кайрадан чоң өзгөрүүлөр болуп жатат.
Келечекте тарыхчылар 1978-жылы жакыр жана артта калган өлкө чейрек кылым ичинде эле дүйнөдөгү эң кубатту экономикага ээ өлкөгө айланганын белгилешет.
Ошондой эле тарыхчылар, бүтүндөй дүйнөгө тарап, токтотууга мүмкүн болбогондой көрүнгөн демократиялаштырууга каршы күрөштө Кытай негизги ролду ойнгонун жазышат.
Балким тарыхчыларды Кытайдын өнүгүүсүндөгү башка аспектилер кызыктыраар. Айталы, бала төрөгөндү чектеген саясаттан тартып, жасалма интеллектин жардамы аркылуу жарандарды аңдууга чейинки.
Канадай болгондо дагы XXII кылымда Кытай өтө кызыктуу өлкө болуп калары айдан ачык болуп калды.
Бул өлкөнүн тарыхы мурдакыдай эле анын өнүгүүсүнө таасирин тийгизе бермекчи. (AbA)












