Кариб кризиси: СССРдин ачыкка чыгып кеткен жашыруун планы

База центра правительственной связи в Скарборо
    • Author, Гордон Корера
    • Role, Би-Би-Си

Британиянын Скарбородогу жашыруун базасы Кариб кризиси учурунда маанилүү ролду ойногон. Анда дүйнө өзөктүк алааматтын босогосунда турган эле.

Түндүк Йоркширдеги бийик дөңсөөдө жайгашкан бул жай дүйнөдөгү радио толкундарды кармаган эң эски станциялардын бири саналат.

Бул станция Улуу Британиянын Байланыш боюнча борборунун карамагында болуп, Биринчи дүйнөлүк согуштун алдында ачылган. Станция жайгашкан жерди атайын тандап алышкан. Анткени бул жерден Түндүк деңиздеги немис флотунун радио толкундарын кармап алуу жеңил эле.

Экинчи дүйнөлүк согуш маалында станция немис аскер кемелеринин радио билдирүүлөрүн кармап турган. Кансыз согуштун жылдарында советтик радиотелеграммаларды уга баштайт.

Станциянын кызматкерлери сыз жана караңгы бункерде иштеген.

"Бөлмөдө кулакчын тагып алган көп киши олтурчу. Негизгиси эч нерсени өткөрүп жибербешибиз керек эле",-деп эскерет ардагерлердин бири.

"Кисловодск" кемесинин багытын өзгөрткөнү тууралуу билдирме

Сүрөттүн булагы, GCHQ

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Кисловодск" кемесинин багытын өзгөрткөнү тууралуу билдирме

Кансыз согуш маалында беш өлкө - АКШ, Улуу Британия, Австралия, Канада жана Жаңы Зеландия бир топко бириккен. "Беш көз" аталган бул топ чогулткан чалгын материалдарын бири-бири менен бөлүшүп турган.

Скарбородогу база Балтика флотундагы советтик кемелерди угуу үчүн атайын адистешкен эле.

Өзөктүк согуш коркунучу

1962-жылы Скарборо станциясы чыңалып турган кырдаалдын кыл учунда турду.

"Советтик кемелердин багыттары боюнча маалыматтар - радио толкундарды кармагандан кийинки кабарлардын эң соңунда айтылчу. Күтүүсүз жерден кемелердин багыты британдык чалгын кызматынын көңүл борборунда туруп калды",-дейт тарыхчы Тони Комер.

Мына ушул маалыматтарга таянып, президент Жон Кеннеди 1962-жылдын 16-октябрында Советтер Союзу өтө жашыруун түрдө Кубага өзөктүк дүрмөттөрдү ташып жатканы тууралуу билдирүү алган.

Президенттин айрым кеңешчилери чукул арада Кубага бастырып кирүү керек деп чыгышкан. Бирок Кеннеди аралдагы Кубанын деңиз жолдорун бууп салуу тууралуу чечим кабыл алып, 22-октябрда жарыялайт.

"Жозеф П. Кеннеди" эсминеци 1962-жылдагы операцияга катышкан

Сүрөттүн булагы, Naval History and Heritage Command

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Жозеф П. Кеннеди" эсминеци 1962-жылдагы операцияга катышкан

Бул маалда айрым советтик кемелер Атлантикада эле. Алар тосмону жарып өтүүгө аракет кылабы же жокпу деген суроо курч коюлуп турду. Эгерде мындай болгондо куралдуу жаңжал чыгып, кесепети өзөктүк согушка алып келмек.

Скарбородогу станциянын операторлору советтик кемелердин координаттары боюнча радиотелеграммаларды кармаган. Анда бортунда ракеталары бар кемелер боюнча маалыматтар берилип турган.

Азыр гана Скарбородогу станциянын "Советтик соода кемеси багытын өзгөртүүдө" деп аталган өтө жашыруун документи ачыкка чыгып олтурат. Анда 24-октябрда советтик "Кисловодск" кемеси түндүк-чыгыштагы координаттарын жөнөтүп, Балтика тарапка багытын бурган.

Эртеси Кубаны көздөй багыт алган башка советтик кемелер дагы артка кайрыла баштаган. Станцияда чогултулган маалыматтардын бир нускасы Ак үйгө жөнөтүлөт. Бул ракеталык кризис болбойт жана кырдаал курчуп кетпейт дегенди ырастаган биринчи маалымат эле.

Бир нече күн өткөндөн кийин АКШ менен СССР ортосунда сүйлөшүүлөр башталып, жыйынтыгында Кариб кризиси жайгарылды. (AbA)