АКШ 20 айдан кийин эмделгендер үчүн чек арасын кайра ачты

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШ дүйшөмбүдөн тарта вакцинанын эки дозасын алган чет элдиктерди киргизип, 20 айга созулган тыюу аягына чыкты.
Коронавируска байланыштуу чет элдиктердин кирүүсүнө мурдагы президент Доналд Трамптын тушунда тыюу салынган болчу.
Ал 30дан ашуун өлкөнүн, анын ичинде Британиянын жана Евробиримдикке кирген мамлекеттердин жарандарына тиешелүү болуп, үй-бүлөлөрдү бөлгөн жана туризмди үзгүлтүккө учураткан.
Толугу менен эмдөөдөн өткөндөрдөн чектөө алынгандыктан авиакомпаниялар саякатчылардын агымы көбөйөт деп күтүп жатат. Эмделгендер вируска тест тапшырып, байланышкан адамдарын дагы белгилеши керек болот.
Коронавирустун жайылышын токтотууга аракет кылып АКШ 2020-жылдын башында Кытайдан келгендер үчүн чек арасын жапкан эле. Ошентип бул чектөө кийин башка өлкөлөргө дагы киргизилген.
Ал эрежелерге ылайык, Британияда, Евробиримдикке кирген бир нече мамлекетте, андан тышкары Кытайда, Индияда, Түштүк Африкада, Иранда жана Бразилияда жүрүп келген чет элдик жарандардын өлкөгө киришине бөгөт коюлган болчу.
Жаңы эрежелер боюнча, чет элдик саякатчылар учууга чейин эмдөөдөн өткөнүн далилдеген документти, соңку үч күндүн ичинде коронавируска тест тапшырып, терс жыйынтык чыкканын көрсөтүшү жана өздөрүнүн байланыш маалыматтарын бериши керек. Алар карантинге алынбайт.
63 жаштагы британиялык эне Алисон Хенри AFP маалымат агенттигине “Аябай кыйын болду. Мен жөн гана уулумду көргүм келип жатат” деп айткан.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал Британиянын Чешир жергесинен АКШнын Нью-Йорк шаарына дүйшөмбү күнү учайын деп турат. Ал 20 айдан бери уулу менен биринчи жолу жолугушмакчы.
АКШнын Канада жана Мексика менен жердеги чек аралары дагы толугу менен эмдөөдөн өткөндөр үчүн ачылат.
Миңдеген мигранттар Мексиканын АКШ менен чектешкен аймагына келип, жаңы жеңилдетилген эрежеден пайдаланайын деп турушат.
Түштүк Мексикада негизинен Борбордук Америкадан чыккан миңдеген адамдардын кербени, арасында жаш балдар дагы көп, Чиапастан Оахака штатына өтүшкөн. Алардын башкы максаты — чек арага чейин жетип, АКШга өтүп кетүү.
Мексикада иш алып барган “Мигранттардын альянсы тобу” аттуу укук коргоо уюму айрым жамааттарда жаңы эрежелер туурасында жалган маалыматтар таратылып жатканын эскертти. Баш калка сурагандар чек ара кызматынан жакшыраак мамилеге туш болот экен деп ойлоп жатышат.
Американын коронавирустан улам киргизилген чектөөлөрүнөн жабыр тарткан Мексика менен чектеш жайгашкан шаарлардагы бизнестер иштер кайра жанданат деп үмүт кылып жатышат.
United Airlines компаниясы сырттан келген эл аралык жүргүнчүлөр 50% көбөйөт деп күтүп жатканын айтат. Ал эми Delta авиакомпаниясынын башкы директору Эд Бастиан саякатчыларга узун кезек күтүп калышы мүмкүн экенин эскертти.
“Башында бир аз баткак болот. Тилекке каршы, кезек дагы болорун айтып кетейин”, - деди Бастиан.
Америкалык саякатчыларды Евробиримдик өз аймагына июнь айында киргизе баштаган болсо, Британия 28-июлдан тарта кабыл алууда. (EA)








