Британия 100 миллион ковид вакцинасын бөлөт

Би-Би-Си, Жеймс Ландэйл

АКШ президенти Жо Байден менен Британиянын премьер-министри Борис Жонсон "Чоң жетилик" саммитинде.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ президенти Жо Байден менен Британиянын премьер-министри Борис Жонсон "Чоң жетилик" саммитинде.

Дүйнө лидерлери Англияга саммитке келишти. Саммитти өткөзүп жаткан Британиянын премьер-министри Борис Жонсон эмки жылдын аягына чейин дүйнөнүн жакыр өлкөлөрүнө 100 миллион ченем ковид вакцинасын берүүнү убада кылды жана жакынкы апталарда убадасын орундап баштаарын кошмучалады. Премьер-министр Борис Жонсон Корнвэлде өтүп жаткан "Чоң жетилик" саммитинин лидерлерин дагы ковидке каршы салым кылууга чакырды.

Мындай саммиттер кээде дүйнө лидерлерин фотолордо тыгыз баш коштурганы менен, кабыл алган саясый чечимдери ага такыр коошпогон аңгеме-дүкөнгө болуп калат. Бул жолку "Чоң жетилик" башкача өтүшү мүмкүн. Бул клубга чогулган бай өлкөлөр үчүн ковид пандемиясын жеңүү үчүн жарактуу иш кылганга мүмкүнчүлүк жаралып турат.

Дүйнө лидерлери "Чоң жетилик" саммитине келип жатышат.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дүйнө лидерлери "Чоң жетилик" саммитине келип жатышат.

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон:

"Британия туруктуулукка жетип калды, мындагы "Чоң жетиликтин" баарында эле ушундай көрүнүш. Америка чоң салым кылды. Жакынкы күндөрү "Чоң жетиликтин" салымдары жөнүндө дагы жакшы кабарларды угуп калабыз деп үмүттөнөбүз. Биз үчүн Британияны эле эмдеп койгон жетишсиз, биз бүт дүйнөнү вакциналашыбыз керек".

АКШынын президенти Жо Байден мырза дүйнөнүн жакыр өлкөлөрүнө жакынкы он эки айда 500 миллион ченем ковид вакцинасын бөлүүнү убада кылды. "Чоң жетилик" жалпысынан 1 млрд ченем вакцина бөлүшүү милдеттенмесин алат деп күтүлүп жатат.

АКШ президенти Жо Байден менен Британиянын премьер-министри Борис Жонсон.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ президенти Жо Байден менен Британиянын премьер-министри Борис Жонсон.

Бул жетиштүүбү?

Убадалар саммиттин катышуучуларын тегиз ынандырган жок. Мындай убадалар жетишсиз болот дегендердин бири "Балдарды сактап калуу" фондунун өкүлү Кирсти Макнэйл:

 "Бул "Чоң жетилик" жолугушуусу пандемия учурунда өтүп жатат, бул жерде вакцина бөлүп берүү убадалары болду. Бирок ал бизге керек болгон тездикте болбой жатат. Ал бизге керек көлөмдө болгон жок жана бизге керектүү финансы менен коштолгон жок".

Мындай маанайдагы саммиттин катышуучулардын максаты жөн гана көбүрөөк вакцина сатып алганга донорлордон акча алуу эмес. Алар вакциналарды өздөрү өндүрүп алууга керектүү бай өлкөлөрдүн техникалык ноу-хауларын бөлүшүүсүн каалашат.

Ошентип Корнвэлге саммитке келген дүйнө лидерлеринин алдында ковид учурунда кызматташууну жакшыртуу, климаттын өзгөрүшү, дүйнөлүк экономиканы оңдоо маселелери турат жана бул жолу алардын чечими көп нерсени өзгөртүшү мүмкүн.

Тектеш макалалар