Covid-19: Вакцинанын лабораториядан башталган жолу
Дүйнө жүзү боюнча окумуштуулардын катуу аракетинин натыйжасында коронавируска каршы бир катар вакциналар иштелип чыкты, алар дүйнөдөгү аялуу кишилерди Covid-19дан коргошу керек.
Бул вакцина лабораториядан бейтаптын организмине өтө кыска аралыкта кантип жеткирилерин билүү үчүн ылдый карай жылдырыңыз.
Вакцинанын жолу лабораториядан башталат

2020-жылы январда жаңы коронавирустун генетикалык коду жарыялангандан кийин окумуштуулар вакцинаны иштеп чыгууга киришти.
Окумуштуулар тобу бири-бири менен тыгыз кызматташтыкта бир эле учурда бир нече этаптан турган ишти аткарды. Адатта вакцина иштеп чыгууга кете турган 10 жылдын ордуна 12 ай убакыт кетти.
Көпчүлүгү буга чейин Sars жана Mers оорусун козгогон коронавирустарды изилдеп жүргөндүктөн, ишти нөлдөн баштаган жок десек болот.
Окумуштуулар антигенди аныктоо үчүн вирусту тыкыр изилдешти - анын кымындай эле бөлүгү биздин организмдин иммундук реакциясын козгойт.
Көбүнчө ийгиликтүү вакциналардын курамында кымындай, зыяны жок вирустун бөлүктөрү же биздин денебизде ушул фрагменттерди жаратуучу механизмдер бар.
Окумуштуулар бул антигендерди компьютердик моделдер жана клеткаларга жүргүзүлгөн лабораториялык тажрыйбалар аркылуу сыноодон өткөрүп, тескери таасирин байкоого алышкан.
Андан соң вакцинаны адамдарга сынашты

Лабораториялык сыноолор бүткөндөн кийин вакцинаны дүйнө жүзү боюнча ыктыярчыларга сайышты. Анын коопсуздугу жана натыйжалуулугу текшерилип, дозасы өлчөндү.
Адатта мындай сыноолор он жылга чейин созулса, Covid-19 изилдөө этаптары ишти тездетүү үчүн бир эле учурда өттү.
Андан соң ийгиликтүү сыноонун жыйынтыктары дары-дармектин коопсуздугун көзөмөлдөөчү органдарга бекитүүгө жөнөтүлдү.
Бул уюмдар жана окумуштуулар өндүрүүгө уруксат берүү үчүн ар бир вакцинанын коопсуздугуна, сапатына жана эффективдүүлүгүнө баа берди.
Вакцинаны бекитүү процессин тездетүү үчүн Британиянын тескөөчү мекемеси жаңы рейтинг системасын колдонду. Сыноо боюнча жетиштүү маалыматтар чогултулганда, акыркы баскычтардын бүтүшүн күтпөстөн, дароо анализдеди.
Вакцина фармацевтикалык заводдон сериялык өндүрүштө чыгарылат.

Адатта дары бекитилгенден кийин фармацевтикалык компаниялар өндүрүштү күчөтөт.
Covid-19 вакцинасына келсек, сыноо жана изилдөө аракеттери көрүлүп жатканда эле аны өндүрүүгө даярдыктар болду. Буга вакцинаны иштеп чыгууга бөлүнгөн каражаттар жардам берди.
Мындай жагдай коопсуз жана натыйжалуу вакцина бекитилери менен компаниялардын дароо өндүрүштөн чыгарып, таратуу иштерин башташына мүмкүндүк берди.
Вакцина иштеп чыгуу процесси - активдүү ингредиентти ири көлөмдө жасап чыгаруу жана аны стабилизатор сыяктуу башка ингредиенттер менен аралаштыруу.
Ошондой эле иммундук реакцияны жакшыртуу үчүн жардам бере турган каражаттар кошулат.
Вакцинанынын ири партиялары стерилизациядан өткөн айнек идишке куюлардан мурда сапаты текшерилип туруп, анан жөнөтүлөт.
Вакциналар "муздак чынжыр" аркылуу ташылат

Өндүрүлгөн вакцина керектүү температурада сакталышын камсыздоо үчүн "муздак чынжыр" аркылуу жөнөтүлөт.
Көпчүлүк салттуу вакциналарды сактоо үчүн 2°Cден 8°C чейинки температура талап кылынат. Бирок Covid-19 вакцинасынын айрымдарын сактоодо мындан төмөнкү температура талап кылынат.
Мисалы, Pfizer-BioNTech вакцинасын сактоодо -70°C болушу зарыл.
Ал эми британдык Oxford-AstraZenca кадимки эле муздаткычта сакталат. Ошондуктан аны башка дары-дармекке колдонулган муздаткыч аркылуу эле ташыса болот.
Глобалдык пандемияны токтотуу үчүн вакцинаны сатып алууга мүмкүнчүлүгү барлар үчүн гана эмес, бардык муктаж адамдар үчүн жеткиликтүү кылуу өтө маанилүү.
Кирешелүү өлкөлөрдүн өкмөттөрү бир эле учурда вакцинанын бир нече түрүнө буюртма берди. Бирок Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жакыр жана орто кирешелүү өлкөлөрдөгү аялуу катмарга вакцина жеткирүү үчүн атайын Covax программасын иштеп чыкты.
Борбордук түйүн аркылуу вакцина эмдөө борборлоруна таратылат

Вакцина кайсыл бир өлкөгө жеткирилген соң, аны таратуудан мурун атайын жайлардан сапатын текшеришет.
Pfizer вакцинасы үчүн атайын тоңдурулган камералар талап кылынат. Бир катар өлкөлөрдө аны коопсуз жана көп санда сактоо үчүн "тоңдурулган фермалар" түзүлдү.
Текшерүүдөн өткөндөн кийин, көп эмес партиясы ооруканаларга, дарыканаларга жана башка эмдөө борборлоруна температура көзөмөлдөнгөн автоунаалар аркылуу жеткирилет.
Вакцина клиникаларга жөнөтүлөрдөн мурун аймактык кампаларга токтоп өтүшү мүмкүн.
Атайын борборлор аркылуу бейтаптар эмдөөдөн өтөт

Эмдөө борборлорундагы атайын окуудан өткөн кызматкерлер ушул чакан партияларды алып, жакшы абалда сакталышын көзөмөлдөйт.
Тоңдурулган вакциналар эритүүнү талап кылат, ал эми айрымдарын колдонуудан мурун суюлтуш керек.
Суюктук бейтаптын колуна сайылат, ал жерден вакцина өзүнүн ишин баштайт.
Организмге киргенден кийин вакцина биздин иммунндук системаны коронавируска каршы турууга машыктырып баштайт.
Вакцина алгандарды тыкыр байкоого алуу менен бул коргоонун узактыгы канчага созулаарын билүүгө мүмкүн.

