Жапырт эмдөө: "Менин өлкөмө вакцина качан жетет?"

Дүйнөнүн булуң-бурчунда жапырт эмдөө жараяны башталууда. Айрым мамлекеттер жапырт эмдөө долбоорун баштаса, көп өлкөлөргө вакцина качан жетери али белгисиз.
Covid-19 вирусуна каршы эмдөөнү тез баштоо маанилүү, себеби көптөгөн кишилердин өмүрүн сактап калуу мүмкүн болот. Ага карабастан вакцинаны бардык мамлекеттерге убагында жеткирүү оңой эмес. Мындай учурда чоң ишканалардын кызыкчылыгы, убадасына турбаган өкмөт өкүлдөрү, бюрократия жана мыйзамдагы чектөөлөр тоскоолдук жаратышы мүмкүн.
Вакцина качан жетет?
Дүйнөдө жапырт эмдөө жараяны кандай жүрүп жатканын интерактивдүү картадан караңыз.
Канча киши вакцина алды?
Учурда жүздөн ашуун мамлекетте 300 миллиондон ашуун доза вакцина берилди. Башкача айтканда, адамзат тарыхындагы эң ири жапырт эмдөө жараяны жүрүп жатат.
Бирок эмдөө жараяны бардык өлкөлөрдө бирдей жүргөн жок. Айрым бай мамлекеттер өзүнө керектүү делген вакцинадан дагы көп доза алышкан. Ал эми өнүгүп келе жаткан айрым мамлекеттерге вакцина качан келери дагы деле белгисиз.
Эмдөөнүн биринчи баскычында, вакцина алтымыштан жогору, медициналык кызматкерлер жана өнөкөт илдети бар бейтаптарга сунушталууда.
Израил жана Британия сыяктуу мамлекеттерде жапырт эмдөө эмитен эле натыйжа берип жатат. Эки мамлекетте коронавирусту жуктуруп, ооруканага кайрылган бейтаптардын саны жана өлүм-житим кескин кыскарды. Ошондой эле вируска жаңы кабылган тургундардын саны дагы азайып жатат.
Economist Intelligence Unit (EIU) уюму бул багытта кеңири изилдөө жүргүздү. Уюм дүйнөдөгү вакцина өндүрүү мүмкүнчүлүгү, аны керектүү көлөмдө жеткирүүдөгү инфраструктуранын чектөөлөрү, мамлекеттердин калкы жана вакцина сатып алуудагы мүмкүнчүлүгүн анализдеп чыкты.
EIU мурда эскертилгендей эле бай мамлекеттер биринчилерден болуп вакцина алып, кедей өлкөлөр акыркылардан болуп эмдөө жараянын баштайт деген тыянак чыгарды. Мисалы, АКШ, Британия же Европадагы бай мамлекеттери эмдөө жараянын баштады. Ал эми өнүгүп келе жаткан айрым өлкөлөрдө вакцина качан келери дагы деле белгисиз бойдон.
Ошол эле учурда айрым өнүккөн мамлекеттер өзүнө керектүү көлөмдөн көп вакцина сатып алганы үчүн сынга кабылууда. Айталы, өткөн жылдын аягында Канада калкына керектүү делген көлөмдөн беш эсе көп вакцинага буюртма берип, талаш-талкуу жараткан.
Чектөөлөргө карабастан айрым чакан мамлекеттер эмдөө жараянын мыкты уюштуруп, бай мамлекеттерге караганда көбүрөөк сандагы жарандарына вакцина жеткире алды. Мисалы, Сербия Европада эң көп сандагы жарандарын эмдеген өлкө.

Сербия калкынын 8% вакцина алды. Бул өлкөнүн өкмөтү эмдөө жүрүмүн мыкты уюштуруп жана "вакцина дипломатиясын" пайдаланды. Башкача айтканда, Орусия менен Кытайдын Чыгыш Европага таасирин күчөтүү аракетинен пайдаланып, эки чоң державадан бекер вакцина алды. Бул өлкө Орусиянын "Спутник V" жана Кытайдын SinoPharm вакциналарын колдонууда.
Кагаз жүзүндө сербиялыктар "Спутник V", SinoPharm же Pfizer вакциналардын бирин тандоого укуктуу. Бирок тургундардын басымдуу бөлүгүнө SinoPharm вакцинасы берилгени айтылууда.
Кытай сыяктуу мамлекеттер "вакцина дипломатиясы" аркылуу таасирин кеңейтүүгө аракет кылып жатканы талашсыз. Келечекте коронавирустун жаңы түрү пайда болсо, SinoPharm вакцинасын колдонгондор кайрадан Бээжинге көз каранды болот.
Сербиядан тышкары Бириккен Араб Эмирлиги жана Түркия Кытай чыгарган вакцинаны колдонуп жатат.
"Кытай вакцина өндүрүү үчүн жаңы жайларды курду, жумушчуларды даярдады. Бул аркылуу Бээжиндин таасири бекемделет. Кытайдан вакцина алган мамлекеттер келечекте башка вакцина алуусу кыйла татаалдашат",-дейт Economist Intelligence Unit уюмунун өкүлү Агате Демарис.
Глобалдык вакцина державага айланган өлкө алгач өзүнүн жарандарына вакцина жеткирет дегенди билдирбейт. EIU уюму вакцинаны эң көп көлөмдө өндүргөн эки мамлекет, Кытай менен Индия, 2022-жылдын аягына чейин өз жарандарына жетиштүү көлөмдө вакцина жеткирбейт деп жоромолдойт. Буга эки мамлекеттин калкынын саны жана медициналык кызматкерлердин жетишсиз болгону себеп.

Вакцинаны өндүрүү дагы оңой эмес. Жолдо көп маселе жарылышы толук ыктымал. Ошондуктан дарыны чыгара баштаган компаниялар бир нече айдан кийин гана толук кандуу иштеп баштайт. Ошол эле учурда коронавирустун жаңы түрлөрү чыгып, вакцинаны улам жаңылап туруу зарыл болот.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вакцинаны бардык мамлекеттерге тегиз жеткирүү үчүн Covax механизмин иштеп чыккан. Covax аркылуу вакциналар февралдын аягында жеткириле баштайт. Жарды мамлекеттер вакциналарды бекер алууга жол ачылат.
Бирок айрым өлкөлөр Covax аркылуу вакцина сурап, ошол эле учурда фармацевтикалык компаниялар менен өздөрүнчө сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканы механизмге көлөкөсүн тийгизип жатат. Мисалы, Индияда эң көп санда вакцина чыгарган Serum Institute компаниясынын ээси Адар Пунавалла ар бир Африка мамлекети байланышка чыкканын айтууда.

Өткөн аптада эле Уганда Serum Institute ишканасынан 18 миллион доза вакцинаны 7 доллардан сатып алуу боюнча келишимге жетишти. Covax болсо ошол эле вакцинаны 4 доллардан сатып алган. Кедей саналган мамлекет ушундай көлөмдө каражат бөлүп, вакцина сатып алып жатканына гуманитардык жардам көрсөтүп жаткан бай мамлекеттер дагы көңүл бурууда. Serum Institute болсо Уганда менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, бирок эки тараптын ортосунда келишим жок экенин маалымдады.

Сүрөттүн булагы, EPA
Economist Intelligence Unit уюму глобалдык эмдөө жараяны 2023-жылдын аягында гана жыйынтыкталат деп айтууда. Андан тышкары уюм коронавирустун мутацияланып, улам жаңы түрү пайда боло берсе дүйнө жакын арада мурдагы ыргагына кайтып келбейт деп эскертүүдө.
EIU уюмунун өкүлү Агате Демарис болсо ар бир мамлекеттин лидерин жарандарына чынчыл болууга чакырды:
"Өлкө лидерлери баланча күнү жапырт эмдөө жыйынтыкталат деп айтканы катачылык. Ага карабастан лидерлер бир нече жылдан кийин гана жапырт эмдөө жыйынтыкталарын мойнуна алгысы келбей жатат".
Макаланы Data journalism бөлүмүнүн кабарчылары Becky Dale менен Nassos Stylianou даярдады.
Статистика тууралуу
Our World in Data статистикасын Оксфорд университети жана атын атагысы келбеген илимий уюм топтоду.















