Коронавирус вакцинасы: Мурдагы жашоо нугуна качан, кантип түшөбүз?

Графика

Коронавируска каршы жаңы жана натыйжалуу вакцина бизди мурдагы жашоо нугуна салат деп ишенип турабыз.

Бирок көптөгөн окумуштуулар вакцинанын пайда болушу - дароо эле беткапты чечип, социалдык аралыкты сактоону унутуу дегенди билдирбей турганын эскертүүдө.

Вакцина кандай иштейт?

Вакцина - азыркы заманбап медицинанын эң чоң жетишкендиги катары эсептелет. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматында, жыл сайын эмдөө аркылуу адамзаттын өмүрүнө коркунуч жараткан 20 түрдүү илдеттен эки миллиондон үч миллионго чейинки өлүмдү алдын алууга мүмкүн болду.

Бир муун мурда эле кеңири жайылган балдардын оорулары азыр сейрек учурап калды. Жүз миллиондоп кишилер көз жумган чечек оорусу жок болду. Мындай ийгиликке жетүү үчүн ондогон жылдар сарпталды. Азыр болсо коронавируска каршы вакцина өтө кыска мөөнөттө ушундай тыянактарды беришин күтүп жатабыз.

графика

Жаңы вакциналардын 90 пайыз натыйжалуулугу тууралуу жаңылыктар жакынкы күндөрү мурдакы жашоо ыргагына кайтабыз деген ишеничти пайда кылды. Көптөр ушундан кийин социалдык аралыкты сактоодон калып, беткаптарды ыргытабыз дегенге бекем ишенди.

Тез арада жапырт эмдөө тууралуу чечимдерди кабыл алган АКШ менен Улуу Британияда айрымдар 2021-жылдын жазына барып жашоо мурдагыдай болоорун күтүүдө. Бирок окумуштуулар жана эксперттер вакцина бизди мурдагы жашообузга тез арада алып келиши мүмкүн эмес деген пикирде. Анткени вакцинанын алгачкы дозалары чектелүү сан менен чыгып, калктын айрым катмары гана эмделет.

Инфекциялык оорулардан коргоо үчүн өтө көп сандагы кишилерди эмдөөгө туура келет. Вакцинанын күчү - кайсыл бир бейтапты гана коргогонунда гана эмес, анын чөйрөсүн дагы коргогону. Бирок бир дагы вакцина 100 пайыз натыйжа бербейт. Эң эле натыйжалуу эсептелген кызамыктын вакцинасы 95%-98% коргойт.

Жакында эле Covid-19 вакцинасын иштеп чыккан Pfizer/BioNTech менен Moderna дагы 100 пайыз натыйжалуу кыла албайт болчу. Биз баарын эмдөөдөн өткөргөн күндө дагы болжолу ар бир онунчу киши Covid-19 вирусунан коргоосуз болот. Бардык эле эмдөөдө ушундай аялуу катмардагылар болуп келген. Улгайган кишилер эмдөөгө реакциясы алсыз болорун жакшы билебиз. Бирок коронавирус вакцинасы бул жагынан үмүт берген тыянактарды көрсөттү.

Кошумчалай кетсек, айрымдар ден соолугуна байланыштуу эмдөөдөн такыр өтпөй калышы мүмкүн. Маселен, ракка каршы дарыланып жаткандар. Бул деген биздин чөйрөбүздө баары бир вирусту жуктуруп алуу коркунучу сакталат дегенди билдирет.

Вирустун жайылышын токтотуу үчүн канча киши эмделиши керек?

Иммунитет иштеп чыгуу үчүн, вирус жайылбашы үчүн канча киши эмделиши керектигин биз азырынча так билбейбиз. ДССУ маалыматы боюнча калктын 65-70 пайызында иммунитет болгондо гана вирустун тарашы токтойт.

графика

Лондон империялык колледжинин эпидемиологу профессор Азра Ганинин айтымында, өзүңдү коопсуз сезүү үчүн калктын 70 пайызы эмдөөдөн өтүшү керек. Бирок буга жетүү оңой эмес. Негизги көйгөй - вакцина өндүрүшү.

Миллиарддаган кишилер кантип эмделет?

Улуу Британиянын 68 млн калкынын көпчүлүгүн эмдөөдөн өткөрүү чоң мүшкүл. Ал эми дүйнө калкы 7,8 млрд эмеспи. Мындай мурда кийин болгон эмес. Вакцинаны өндүрүү, жеткирүү, сактоонун өзү дагы түйшүк. Маселен, Pfizer вакцинасын -70°C температурада сактоого туура келет.

Улуу Британия дүйнөдө биринчилерден болуп Pfizer вакцинасын колдонууга уруксат берди. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо кызматы массалык эмдөө үчүн атайын тармактык борборлорду даярдап жатат. Башка өлкөлөр үчүн бул оңой болбойт.

графика

Германиялык логистикалык гигант Deutsche Post DHL Африка, Азия жана Түштүк Американын айрым жерлеринде муздаткычтар жетишсиз болуп, көйгөй жаратарын эмитен эле эскертүүдө.

Калкка түшүндүрүү

Жапырт эмдөөнү жайлаткан дагы бир себеп - калктын айрым бөлүгү эмдөөгө ишенбеген көз карашта. Алар эмдөөдөн баш тартышат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму "эмдөөгө каршы кыймылдарды" глобалдык саламаттыкка байланышкан негизги он коркунучтун бири катары көрсөткөн.

графика

Улуу Британияда калктын болжолу 36 пайызы эмдөөгө ишенбейт же макул эмес деп айтылат. Мунун баары туура эмес маалыматтардын кесепетинен. Барган сайын тескери маалыматтардын агымы күчөдү. Ошондуктан калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү дагы маанилүү. Айрымдар вакцина өтө кыска аралыкта иштелип чыкканына дагы күмөнсүп жатышат.

Вакцинаны жеткирүү жана өндүрүү ишиндеги тоскоолдуктарга карабастан, жакшы жаңылык да бар. Биринчи муундагы вакциналар Covid-19 менен күрөштө өтө чоң натыйжа берет. Алды менен өлүм-житимди азайтат.

Болгону керектүү сандагы кишилерди эмдөөгө бир нече айлар жана жылдар кетиши мүмкүн. (AbA)