Коронавируска байланыштуу жаңы жагдай: кооптонууга негиз барбы?

Coronavirus up close

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, James Gallagher
    • Role, Health and science correspondent

Окумуштуулар коронавирустун мутацияланган түрү мурдагыдан дагы тез жайылып кетиши мүмкүн экенин эскертти.

Коронавирустун "жаңы түрү" же "мутацияланган түрү" деген сөздөр айтылганда, мен бир маанилүү суроо жолдойм: вирус канчалык өзгөрдү?

Мутацияланган вирус деп айтуу коркунучтуу угулат. Бирок вирустун мутацияланышы чоң деле жаңылык эмес. Баардык эле вирустар өзгөрүп турат жана көп учурда ал адамга эч кооптуу эмес.

Ага карабастан айрым учурда мутацияланган вирус чоң коркунуч түзөт. Англиянын түштүгүндө аныкталган коронавирустун жаңы түрү тез жайылат, оор симптомдорго алып барат же вакцинага туруштук берет деген сөздөргө эч далил жок.

Учурда окумуштуулар коронавирустун жаңы түрүнө байкоо салып жатат. Биринчиден, изилдөөчүлөр вирустун жаңы түрү жайылган аймакта Covid-19га кабылгандардын саны өскөнүнө көңүл бурууда. Албетте, коронавируска кабылгандардын саны тынчсыздандырат. Бирок окумуштуулар вирус жагымдуу жагдай түзүлүп тез тарап жатышы ыктымал экенин белгилешүүдө. Мисалы, жайында Британияда вирус тез тараган. Ага өлкөнүн ичиндеги жагдай эмес, Испаниядагы эс алуусунан кайтып келгендер себеп болгон. Демек, лабораториялык изилдөөлөр гана вирустун жаңы түрү тез жайылып жатканын аныктай алат.

Экинчи маселе, окумуштуулар вирус кандай шартта мутацияланганын карашууда.

"Covid-19 вирусу биз ойлогондон дагы көп мутацияланды. Бул бизди таң калдырды",-деп айтты Британиядагы коронавирусту изилдеп жаткан топтун өкүлү профессор Ник Ломан.

Учурда вирус эки жол менен мутацияланууда. Өзгөрүүлөр вирустун найзадай (тажыдай) болгон протеиндеринде байкалган. Дал ушул протеиндер вируска денеге тарап кетүүгө жол ачат.

"N501" аттуу мутация кооптуу деп саналат. Өзгөрүү учурунда вирустун найзалары адамдын клеткаларына кирип, жайылып кетүүнүн тез жолун тапкан.

эмдөө учуру

Сүрөттүн булагы, PA Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жапырт эмдөөдөн кийин вирус жайылуу үчүн мутацияланууга аргасыз болот

"H69/V70" аттуу мутация болсо кандагы антитулкуларга туруштук берүүнү үйрөнгөн. Бирок бул мутация боюнча лабораториялык изилдөөлөр дагы деле уланып жатат. Азырынча илимий маалыматтар аз.

"Вирустун жаңы мутацияланган түрү бар экенин билебиз. Бирок анын биологиялык таасири тууралуу маалыматыбыз аз. Ошондуктан бул түрү канчалык кооптуу же коопсуз деп тыянак чыгарууга али эрте",-дейт Бирмингам университетинин профессору Алан МакНалли.

Вирустун мутацияланышы вакцина канчалык таасирдүү болору боюнча суроо жаратты. Себеби Pfizer, Moderna жана Оксфорд университети чыгарган вакцина иммундук системаны вирустун найзадай болгон протеиндери менен күрөшүүгө үйрөтөт. Бирок вакцинанын жардамы менен иммундук система протеиндин бир нече жерин чабуулга алат. Ошондуктан саламаттыкты сактоо расмийлери вирус мутацияланса дагы вакцина натыйжалуу болорун айтышууда.

Коронавирус жаныбарлардан адамга жуккан. Башкача айтканда бир жылдын ичинде мутацияланган. Андан бери вирус бир айдын ичинде эки жолу өзгөрүп жаттты. Вирустун азыркы түрүн Кытайдагы Ухан шаарында жайылган түрү менен салыштырганда, ал бир топ өзгөргөнүн байкаса болот. Так айтканда андан бери вирус 25 жолу мутацияланды.

Адамдын организминде жашап кетүү үчүн коронавирус өзгөрүп жатат. Бирок жапырт эмдөө вируска чоң маселе жаратат. Коронавирус иммундук системасы даяр болгон клеткаларга жайылып кетүү жолун табышы керек болот.

Эгерде вирус мутация аркылуу эмдөөдөн өткөн бейтапка жугуу жолуп тапса, вакцинаны дагы улам өзгөртүп туруу зарыл болот. Мисалы, сасык тумоо вакцинасы жыл сайын жаңыланып турат эмеспи.