Антитулку жок болуп кетеби? Вирусту экинчи ирет жуктурууга мүмкүнбү?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнөлүк окумуштуулар жаңы коронавирус тууралуу тереңдеп билген сайын Sars-Cov-2 мурдагы вирустардан кескин айырмаланып турганына көзүбүз жетүүдө.
Инфекциянын кайра кайталап жугуп жатышы дагы чоң суроолорду пайда кылды. Ошентсе дагы айыгып чыккан бейтапта иммунндук коргоо узакка чейин сакталат деген ишеним бар. Бирок бул азырынча божомол гана. Эпидемия менен күрөшүүдөгү негизги суроолор мурдагыдай эле жоопсуз кала берүүдө.
Жарым жыл ичинде Covid-19 илдетинин иммунитети тууралуу окумуштуулар эмнелерди аныктады?
Иммунитет деген эмне?
Иммунитет - организмдин инфекцияга каршы туруу жөндөмү. Башкача айтканда, кайсыл бир дартка каршы организмдин коргоосу бар (вирус, бактерия же грибокту алсыздандырат).
Иммунитеттин түрү бар - тубаса, ата-энесинен мурастап калган (жалпы эле оорулар менен күрөшөт) жана төрөлгөндөн кийин пайда болгон. Төрөлгөндөн кийин кайсыл бир конкреттүү инфекцияга кабылганда пайда болгон иммунитет ошол гана илдеттен коргойт.
Кайсыл бир дарттын козгогучун биринчи жолу кезиктиргенде биздин организм аны менен күрөшүү стратегиясын иштеп чыга баштайт. Экинчи жолу кайра кезиккенде натыйжалуу каршылыкты көрсөтөт. Бул деген биздин тулкубуз мурда күрөшкөн дарты ортодон бир канча убакыт өткөндөн кийин дагы эстеп калары. Айталы, силер бала кезде суу чечек менен ооруганыңарды, же БЦЖ эмдөөңөр тууралуу эстей албайсыңар. Силердин иммунитет болсо муну эсинен чыгарбайт жана экинчи жолу ошол дартка кабылууга мүмкүндүк бербейт.
Иммунитет канча убакыт болот?
Иммунндук эстутумдун узактыгы дарттын түрүнө байланыштуу. Суу чечек же кызылчада (балдардын жугуштуу оорусу) өмүр боюу иммунитет кала берет.
А гепатитине каршы эмдөөнү ар он жыл сайын алып турууга кеңеш беришет. Айрым пикирлер боюнча сезондук грипптер дагы бейтапта туруктуу иммунитетти пайда кылат. Грипп өтө тездик менен мутациялангандыктан бир нече айдан кийин киши кайра эле ага кабылып калышы мүмкүн. Бирок мындай учурда оору жеңил өткөнү белгилүү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Антитулку деген эмне?
Коронавируска каршы күрөштө антитулку тууралуу көп сөз айтылды. Бирок антитулку иммундук системанын бир гана бөлүгү. Иммундук система иштеп чыккан антитулкулар чакан белоктор. Алар вируска жабышып, анын күчүн зыянсыздандырат.
Т-клеткалар болсо кандагы клеткалардын бир түрү. Алар иммундук системаны башкарат жана организмдеги вируска чалдыккан клеткаларды аныктап, жок кылат. Натыйжалуу вакциналардын басымдуу бөлүгү иммундук системага антитулку менен Т-клеткаларын иштеп чыгууга түрткү кылат.

Сүрөттүн булагы, CHRISTOPH BURGSTEDT/SCIENCE PHOTO LIBRARY
Covid-19 менен ооруган бейтаптардан окумуштуулар вирустун күчөшүн токтотуу үчүн организм иштеп чыккан ушундай антитулкунун баш-аягы 250 түрүн көрүштү. Алардын 28и оору менен (вирусту жок кылган) натыйжалуу күрөшкөнү белгилүү болду.
Бейтап айыккандан кийин антитулку канда кала берип, кайра кайталана турган дарттан организмди кайтарууну улантат. Ошондуктан аларды айыгып кеткен бейтаптан бир нече апта, же айдан кийин дагы тапса болот. Инфекция менен кайра бет келгенде алар активдешип, өтө тездик менен жооп кылат. Бирок бул деген киши кайра экинчи жолу илдетти жуктурбайт деген сөз эмес. Иммунндук жооптун күчү дарттын каначалык оор өткөнүнөн көз каранды. Илдеттен канчалык оор өтсө, кайталанган инфекциядан коргоонуу ошончолук күчтүү болот.
Covid-19 менен оорубаган кишилерде вируска иммунитет болушу мүмкүнбү?
Теориялык жактан мындай болушу мүмкүн. Жогоруда айтылгандай коронавируска антитулку ар кандай формада болушу мүмкүн. Алардын айрымдары бир же бир нече инфекция менен күрөштө натыйжалуу болот.
Айталы, эпидемия башталганга чейин эле кан тапшырган кишилерден жаңы Sars-Cov-2 коронавирусуна каршы тура алган антитулку аныкталган. Башында алар башка эле дарттан коргонуу үчүн иштелип чыккан. Мунун менен ошол кишилер натыйжалуу иммунндук коргонууга ээ деп айта албайбыз. Бирок бул кишилер Covid-19 жуктуруп алчу болсо, илдет жеңил өтөт.
Жаңы вирус организм үчүн өтө эле кооптуу дегенге болбойт. Негизги маселе бул бейтаптын иммунндук системасына байланыштуу. Ошон үчүн оору мурдагы өнөкөт дарты бар кишилерде оор өтүүдө.
Коронавирус иммуннитетин бир гана антитулкулар камсыздабайт. Алардан сырткары Т-клеткалар (Т-лимфоциттер) иммунндук эстутумду пайда кылат. Булардан сырткары тубаса, ата-энебизден мурастап калган иммунитеттин дагы ролу чоң. Бул кайсыл бир дартка каршы эмес, жалпы эле инфекциялар менен күрөшөт. Көп убакытка болбосо дагы, кайсыл бир учурга чейин ооруну эстутумуна сактап кала алат.
Изилдөөлөрдүн көбү Covid-19 дартынан айыгып чыккандан кийин көпчүлүк бейтаптардын канында спецификалык антитулку бар экенин көрсөтүүдө. Бул илдеттин эч кандай белгилери жок өткөргөндөр арасынан да аныкталган. Бирок окумуштуулар иштелип чыккан иммунитет канча убакыт сакталарын так айта албай турушат.
2002-2003-жылдары чыккан SARS вирусуна каршы антитулку орточо алганда бир жылдан үч жылга чейин болгон. MERS вирусунда кеминде 34 айга чейин сакталган экен. (AbA)











