Жарганат, панголин, Ухандагы базар: коронавирустун изин табуу эмнеге маанилүү?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Өткөн апталарда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жакынкы күндөрү Кытайга эксперттер тобун жөнөтүп, кытай окумуштууларына жаңы коронавирустун табигый очогун аныктоого жардам берерин билдирген.
Албетте, максат глобалдык эпидемиянын күнөөкөрүн атоо эмес. Илимий экспедициянын максаты келечегинде мындай коркунучка жол бербөөнүн жолун табуу.
2004-жылы SARS чыккан учурда окумуштуулар экинчи толкунун токтотуп калышкан. Анткени биринчи жайылышынан кийин эле инфекциянын булагын так аныкташкан. Тагыраагы, анын табигый очогун, вирус кишилерге өткөн маалды аныктап, ыкчамдык менен жолун бөгөп калышкан.
Азыркы маалда окумуштуулар ошондогу ийгиликти кайталоого күч үрөп жатышат. Бул жолу андай тапшырманын жообун табуу өтө оор. Бир нече жолу туңгуюкка кептелишти.
Эки вирустун окшоштуктары болгону менен SARS-CoV-2 биринчи учурдагыга караганда (SARS) татаал экени белгилүү болду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эпидемиянын кайталанышына жол бербөө үчүн окумуштуулар эки суроонун так жообун табуусу абзел. Биринчиден, жаңы инфекция кайдан келди? Жапайы жаратылышта кайсыл жаныбарлар вирусту алып жүргөнүн аныктоо.
Экинчиден, жапайы жаныбарда жүргөн вирустун кишиге кантип өтүп, кантип жайыла баштаганын түшүндүрүү. Кандай мутация мындай өзгөрүүгө себеп болду жана кайра кайталанышы мүмкүнбү?
"Кишиден кишиге вирус өткөндөгү жагдай башка кеп. Анткени бизде окшош иммундук система, бирдей анатомия, өтө окшош гендер бар,-деп түшүндүрөт Гарвард университетинин алдындагы Sabeti Lab лабораториянын окумуштуусу Самар Мета. -Бирок жаныбардан кишиге өтүш үчүн вирус өтө чоң "эволюциялык босогону" басып өтүшү керек. Башкача айтканда, өтө күчтүү өзгөрүүгө дуушар болот. Мына ошондуктан дагы мындай учурлар сейрек болот".
Sabeti Lab лабораториясын окумуштуулар вирустук генетиканын дүйнөлүк борбору деп аташат. Акыркы он жылдыкта лабораториянын эксперттери өтө кооптуу делген бир нече коркунучтуу патогендердин келип чыгышын аныктаган. Анын ичинде Зика жана Эбола вирустары бар. Жыйынтыгында мындай вирустардын жолун бөгөп калууга мүмкүн болду.
Ар бир вирустун өзүнө таандык геному болот. Жаңы жуккан ар бир учурда вирустун геному бир аз өзгөрөт дейт изилдөөчүлөр.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
SARC-CoV-2 геному - бул болжолу 30 миң тамгадан турган (нуклеотиддер), бири-бирин эрчиген, өтө узун РНК ырааттуулугу. Бул деген вирустун ар бир жаңы үлгүсүн чогултканда 30 миң жолу адашууга мүмкүнчүлүк бар дегендик. Капыстан бир тамганы экинчи тамгага алмаштырып алсаң эле, жаңыласың.Эгерде мындай адашуу болсо, вирус көбөйүү мүмкүнчүлүгүн жоготпогону ошол. Ушуну туура аныктап чыгуу аркылуу гана инфекция кантип, кандай жол менен жукканын, ошол чынжырды улап олтуруп, аныгына жетүүгө болот.
Эпидемиянын эң башында турган нөлүнчү бейтапка чейин так аныкташат. Аны тапкандан кийин кайсыл жаныбардан жукканын изилдешет.

Чоң үмүттөр
Уханда жаңы вирус дүрт алгандан кийин кытайлык окумуштуулар дал ушул жол менен изилдеп баштады. Алар ошол маалдагы бейтаптардын баарынан генетикалык үлгүлөрдү алып, аларды бири-бири менен салыштырып изилдешкен. Жыйынтыгында инфекциянын тароо жолун көрсөткөн узун чынжыр түзүлдү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Бул вирустун филогенетикалык дарагы деп аталган көрүнүш. Ал негизги мутация кандай жол менен болгонун көрсөтөт",-деп түшүндүрөт профессор Алина Чан.
"Схемада көрүнүп тургандай, геномдун бир вариациясы экинчисинен өзгөчөлөнүп турат. Кийин андан дагы башка бутагы өсүп чыккан, ушунтип кете берет. Чынында бул вирустун эволюциясынын көрүнүшү",-дейт ал.
Анын айтымында, вирус кайдан келгени азырынча белгисиз бойдон калууда. Генетиктер Ухандагы алгач вирус тарады деген базардан чынжырды улап кете алышпады. Бирок ошого карабастан, окумуштуулар эртеби-кечпи инфекциянын табигый очогун башка дагы жолдор менен аныктайбыз деп турат.
Январдын башында эле кытайлык окумуштуулар РНКсын изилдеп көрүп, жаңы вирустун геному SARS менен 80 пайыз дал келерин таап чыгышкан.
SARS оорусунун биринчи булагын табууга эпидемиологдор жарым жыл убакыт сарпташкан деп айтып берди Алина Чан. Чынжырды улап олтурушуп, жапайы жаныбарлар сатылган базарга такалышкан. Базардагы тест бир ай убакытты алган. Генетиктер бардык жаныбарларды текшерип чыгышкан. 2003-жылдын май айында дал ошондой вирус гималай циветасынан (ред. - тропиктерде жашоочу, вивералар тукумундагы, жырткыч айбандардын бир уруусу. Булардын арт жагындагы бездеринен затцивета бөлүнүп чыгат. Караңыз https://el-sozduk.kghttps://el-sozduk.kg ) чыккан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"2003-жылдын соңунда SARS кайра катталганда окумуштуулар "күнөлүүнү" кайдан издешти болжолдуу билип турушкан,-дейт профессор Чан. - Биринчи бейтап официант экенин аныктап, ал иштеген ресторанга эпидемиологдор дароо жетип келишкен. Ал жерден ошол жаныбарды табышкан".
Адаштырган из
Ухандан чыккан коронавирус SARS сыяктуу экенин билген соң, окумуштуулар анын изин жапайы жаныбарлар сатылган базардан издеп баштады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
SARS-CoV-2ге өтө жакын болгон RATG13 вирусу 2013-жылы Юньнань провинциясында жарганаттан аныкталып, маалымат базасына түшүрүлгөн экен. Бул эки вирустун геномдору 96,2% дал келген. Окумуштуулар үчүн бул күтүүсүз нерсе эмес эле. 2007-жылы эле илимий эмгек жарык көрүп, жартылышта вирустардын туруктуу "резервуары" тууралуу айтылган. Аны көп учурда жарганаттар алып жүрөрү көрсөтүлгөн. Макаланын авторлору вирус адамга өтө коркунуч жаратканын эскертип, жаңы эпидемияга даярдануу керектигин айткан. Бирок бул жолу Ухандагы базардан вирустун изин таба албай, жоготуп алышты. Кайсыл жаныбарда SARS-CoV-2 бар экени белгисиз.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Дүйнөнүн булуң-бурчундагы окумуштуулар вирустун биологиясын жана эпидемиологиясын түшүнүүгө аракеттенүүдө. Айыктыруунун варианттарын, вакцина иштеп чыгууга умтулуп, жалпысынан пандемиянын алдыдагы өрчүп кетүү коркунучтарын болжодук. Илимий коомчулук биригип, жалпы көйгөйгө бет келген мындай абал мурда кийин дегеле болгон эмес. Бирок SARS-CoV-2 келип чыгышы боюнча маселе өтө саясатташып, кишилер анын негизги максатын дагы унутуп калышты. Максат - келечегинде коронавирустун жаңы очогунун дүрт алышына жол бербөө",-дейт профессор Чан. (AbA)












