Коронавирустун экинчи толкуну кандай болот жана канчалык коркунучтуу?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Коронавирус пандемиясы качан токтошу белгисиз. Айрым өлкөлөрдө вирусту жуктуруп алгандар көрсөткүчү улам жогору болууда. Ал эми вирусту оздуктаган өлкөлөр экинчи толкундан чочулап турат.
Бир кылым мурун "испан тумоосунун" экинчи жапырыгы биринчисинен катуу болуп, көп кишинин өмүрүн алган.
Вирусология боюнча британдык бир нече университеттер Covid-19 пандемиясынын экинчи толкун болушу мүмкүн деп эсептейт. Ал канчалык кооптуу?
Экинчи толкун деген эмне?
Деңиздеги толкунду элестеткиле. Вирусту жуктуруп алгандар саны өсүп, кайра азайып турат. Ар бир айлампа толкун сыяктуу келип кетет.
Пандемия толкуну тууралуу илимий аныктамалар жок, дейт Англиянын Уорик университетинин инфекциялык ооруларды математикалык моделдөө боюнча адиси Майк Тилдесли.
"Толкун түшүнүгү ар кандай чечмеленип жүрөт",-деди ал.
Айрымдар бейтаптар саны азайып, кайра көбөйүп турган абалды толкун деп атап коюшат. АКШнын айрым штаттарында азыр ушундай абал. Биринчи толкундун бүткөнүн жар салардан мурун өлкө бийлиги вирусту толук көзөмөлгө алып, жаңы катталган учурлардын саны кескин төмөндөшү керек.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эгерде жаңы учурлар көп катталып, чоң секирик жасаганда, анан экинчи толкун тууралуу сөз кылууга болот.
24 күндүк тыныгуудан кийин Жаңы Зеландияда кайрадан жаңы учурлар каттала баштады. Бээжинде дагы 50 күн коронавирус катталбай, кайра жаңы учурлар чыгууда. Ошол эле маалда Ирандагы абалды дагы айрым окумуштуулар экинчи толкундун критерийлерине дал келет деп айтууда.
Британияга экинчи толкун келеби? Мунун жообу 100 пайыз биздин чечимдерибизден көз каранды.
"Менимче, биздин алдыбызда өтө чоң белгисиздик турат. Чынын айтканда, мындай абал мени катуу катуу тынчсыздандырууда",-деди Майк Тилдесли.
Экинчи толкун болушу мүмкүн. Вирус мурдагыдай эле айланып жүрөт. Ал эми анын тароосу жана адам өмүрүнө коркунучу ашык-кеми жок жыл башындагыдай эле.
Колдо бар маалыматтарга караганда, британдыктардын беш гана пайызы Covid-19 менен ооруду. Бирок алардын баарында иммунитет пайда болду дегенге эч кандай кепилдик жок.
"Фактылар көрсөтүп тургандай, мурункудай эле калктын чоң бөлүгү оору жугузуп алуу коркунучунда турат. Эгерде биз азыр чектөө чараларынын баарынан баш тартсак, февралдагы абалга келебиз. Баарын кайрадан баштоого туура келет",-дейт окумуштуу эпидемиолог Адам Кучарски.
Кандай жагдайлар экинчи толкунду жаратышы мүмкүн?
Карантин чараларын өтө эле бошоңдотуу.
Карантин чаралары көп нерсени үзгүлтүккө учуратты. Дүйнө боюнча жумушчу орундар кыскарып, билим берүү тармагына залакасын тийгизди, көп кишинин ден соолугун бузду. Бирок ушул жол аркылуу вирусту көзөмөлдөп калууга мүмкүн болду.
Карантинди алып салгандан кийин канчалык узакка кете аларыбызды азыр эч ким так билбейт. Ушундай себептерден улам Британия чектөө чараларын акырындап, этабы менен алууда. Бирок ошол эле маалда жаңы чектөө чараларын киргизүүдө. Маселен, бет кап тагынып жүрүү, инфекция жугузгандардын байланыштарын көзөмөлдөө сыяктуу.
"Британияда жана ага коңшулаш өлкөлөрдө карантинди алып салса, оору өтө тездик менен жайылып кетиши мүмкүн. Андан кийин аны көзөмөлдөөгө мүмкүн болбой калат",-деп түшүндүрдү Кучарски.
Мындай абал Германияда башталып жатат. Жакында эле бул өлкөдө бир ишканадагы 640 жумушчудан коронавирус аныкталды.
Эгерде өлкө бийлиги жаңы учурду дароо аныктап, алардын байланыштарын таап, көзөмөлүнө алса, вирустун андан кийинки тароосун алдын алат. Маселе ырбап кетпейт.
Мындай тез чаралардын болбогону экинчи толкунду жаратат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Экинчи толкун качан болот? Кыш мезгили аны күчөтүп жибербейби?
Адам Кучарскинин пикиринде карантин чаралары бошоңдогондон кийин жакынкы апталарда же айларда вирус жуктургандар көбөйүп кетиши мүмкүн. Бирок бул экинчи толкун башталды дегенди билдирбейт.
Эгерде чектөө чараларын такыр эле алып салганда, августтун этеги же сентябрь башына барып экинчи толкун башталышы мүмкүн, дейт Майк Тилдесли.
Вирус суук мезгилде күчөп, тез жайыла турганын эске алсак, анда кыш мезгили катаал болот. Кышында жылт эткен эле абал, айталы, аз сандагы кишиден табылган күндө дагы экинчи толкунга алып келет.
Вирус коркунучтуу болуп калабы?
Айрым теорияларда вирустун жайылышы акырындап басаңдайт деп айтылат. Ал тургай ВИЧ деле убакыттын өтүшү менен алсырайт.
"Бирок буга эч кандай кепилдик жок. Бул айрым вирусологдордун гана "жалкоо" теориясы",-дейт профессор Жонатан Болл.
Анан калса вирустун болжолдуу алсырашы өтө узакка созулган процесс болуп, көп убакытты алышы мүмкүн эмеспи. Азыркы пандемия жарым жылдан бери уланууда. Анын алсыраган белгилери байкалган жок. (АbA)











