Коронавирус инфекциясынын жайылышы күчөдү: рекорддук өсүү

Сүрөттүн булагы, Artyom Geodakyan/TASS
Жекшембиде дүйнө жүзү боюнча бир сутка ичинде коронавирус аныкталгандар рекорддук көрсөткүчтө болду. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму алдын алуу чараларын күчөтүүгө чакырды.
Бир сутка ичинде дүйнөдө 183 миң жаңы учур аныкталган. Анын болжолу 116 миң чамалуусу Түндүк жана Түштүк Америкада.
Кыргызстанда соңку суткада 205 кишиден коронавирус аныкталды деп билдирди саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов. Жаңы аныкталгандардын эң көбү - 82 киши борбор шаар Бишкектен чыккан.
Чүй облусунда - 33, Ош шаарында - 25, Ош облусунда - 20, Талас облусунда - 19, Ысык-Көл облусунда - 10, Жалал-Абад облусунда - 8, Нарын облусунда 6 кишиден вирус тастыкталды.
Ооруканада жаткан бейтаптардын үчөө каза тапкан. Бул коронавирус пандемиясы башталган учурдан берки эң жогорку көрсөткүч. Өлкө боюнча жуктуруп алгандардын жалпы саны 3356га жетип, андан 40 бейтап кайтыш болду. Расмий маалыматтарга караганда, 2021 киши айыгып чыккан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Европада коронавирус пандемиясы басаңдай баштады. Европа Биримдиги карантин чараларын жеңилдетүүгө өттү. Бирок Германияда вирус жуктургандар саны кайра өсүп кетти. Ал эми Бразилияда инфекция тездик менен жайылып, ооруну жуктуруп алгандар миллионго жетти.
Бразилия Covid-19 алып келген өлүм-житим көрсөткүчү боюнча АКШдан кийинки эле орунга чыкты. Бул жерде вирустан 50 миң киши көз жумган.
Көпчүлүк бразилиялыктар пандемия маалындагы чабал аракеттери үчүн Болсонаруну айыптап жатышат.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Бразилиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги соңку суткада коронавирустан миң киши каза тапканын ырастады.
Президент Жаира Болсонаруну пандемия маалындагы реакциясы үчүн катуу сындап келишкен. Анткени ал социалдык аралыкты сактоо чарасын киргизүүнү каалаган эмес. Окумуштуулар бул өлкөдө али оорунун жогорку чеги боло электигин эскертүүдө.
Иранда үчүнчү күн катары менен жүздөн кем эмес киши вирустан көз жумду. Бир сутка ичинде 2 368 жаңы учур белгилүү болгон. Майдын башында өлкөдө өлүм-житим азайган эле. Бирок соңку аптадан кайрадан жоготуулар саны өстү.
Ирандын расмийлери бул экинчи толкун эмес, биринчи жапырыкты эми өтүп жатабыз деп билдирди. Иранда 205 миң кишиден Covid-19 аныкталды.
Сауд Арабиясы март айында киргизилген коменданттык саатты жойду.
Ал эми Бээжин экинчи толкунду токтотуп калууга күч үрөп жатат. Акыркы суткаларда 220 кишиден вирус аныкталган. Шаардагы дүң соода базарынан тараган коронавирустун жайылышын токтотуп калуу үчүн чектөө чаралары киргизилди.















