Бишкек: коронавирус кайдан жукканы белгисиз кишилер көбөйүүдө

Сүрөттүн булагы, med.kg
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны кайра өсүп кетти. Өкмөт мунун себеби көп мекемелердин иштей баштаганы, аныктоо жумуштарынын күчөгөнүнө байланыштырууда. Ага карабай 5-июнда бала бакчалар, 8-июнда ички аба каттамдары ачыла турган болду.
Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 68 болсо, өткөн суткада 74тү түзүп, эпидемия башталгандан берки эң жогорку сан болуп калды.
68 кишинин басымдуусу Орусиядан келгендерден тастыкталды. Бирок акыркы күндөрү Бишкекте, Ошто, Нарында да көп катталып жатат. Республикалык штаб айрыкча Бишкекте буга чейин коронавирус жуктургандар менен түз байланышта болбогондор же кайдан жугузганын билбегендердин саны өсүп жатканын айтты.

Бишкектеги жугуштуу оорулар бейтапканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев ооруканага жаткырылгандар арасында кайдан жугузганын билбеген бейтаптар чынында өсүп жатканын ырастады.
"Ошондойлор келип жатат. Булагы жок, бул вирус көчөдө бар деген сөз. Демек тартипти сактап, үйдө отуруш керек. Коронавирус менен биздин ооруканада 180 адам жатат. Булагы жокторду өзүнчө бөлүп эсептеген жокпуз, болжолдуу 10дон ашык болуш керек. Кайда бардыңыз эле десе, азык-түлүк алганы дүкөнгө баргам, базарга, банкка баргам деп жатышат. Эң негизгиси социалдык аралыкты сактап, беткапты тагыныш керек", - деди Би-Би-Сиге Гүлжигит Алиев.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жарандар коронавирустун белгилери менен өздөрү кайрылып жатышканын айтты. Ал элди тейлеген тармактар менен ар бир жаранда жоопкерчилик турганын белгиледи.

"Коомдук унаалар иштеп жатат. Жарандарыбыз коомдук жайларга көп барып жатышат, балдарын да ээрчитип алгандар бар. Базарлардын баары иштеп жатат. Дагы бир жолу аралыкты кармоону эсиңиздерге салам, бул эрежелер бекеринен киргизилген эмес", - деди ал брифингде.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов вирус жуктургандардын саны өсүп жатканы эки себепке байланыштуу деди. Чоң ишканалар, соода жайлары, базарлар ачылгандыктан жуктуруу ыктымалдуулугу артып жатат жана аныктоо иштери күчөтүлдү.
"Күндө жуктургандардын ичинен эки-үч киши эл көп жүргөн жерлерге барганы анык болуп жатат. Оорунун белгилери жок, өзү билбей, бирок башкаларга жуктуруп жүргөн жарандар болгон үчүн бүгүнтөн тарта ири ишканаларды, коомдук жайларды, базарларды мэрия катуу текшерет. Бул боюнча бардык аймактарга да тапшырмалар берилди",- дейт Боронов.
Талаптар сакталбай, беткапсыз жүргөндөр болсо жаза берилет.
Өкмөт өлкө боюнча, айрыкча Ош менен Бишкек сыяктуу чоң шаарларда вирустун жайылып кетүү коркунучу дагы деле бар деп жатат. Бирок мурдагыдай катаал чектөө чараларына барбайбыз деген Кубатбек Боронов ансыз да карантин чаралары киргизилгенин, аны сакташ гана керектигин эскертти.
Мындай шартка карабай 5-июндан тарта бала бакчалар, 8-июнда ички аба каттамдар ачылат. Аба каттамдарды жандантуу экономикалык кызыкчылык үчүн зарыл болуп жатканы айтылды.
Эпидемия башталганда 9 лабораторияда 11 жабдык иштеп келсе, азыр жабдыктардын тобу 16га жеткени кабарланды.
Өлкө боюнча 210дон ашык мобилдик топ иштөөдө. Алар 133 миңден ашык үйдү текшерип чыкты.












