Коомдук унаада санитардык талапты сактаганга мүмкүнбү?

коомдук унаа
    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Бишкек жана Ош шаарларында коомдук унаалар жүрө баштады. Өлкөдө коронавирустун жайылуу коркунучу болгондуктан унаадагы орундуктун 60-70 пайызы гана толуп, санитардык эрежелер сакталыш керек деп сунушталган. Бирок алар кандай көзөмөлдөнөрү так көрсөтүлгөн эмес.

Бишкекте коомдук унаалар 25-майда иштей баштады. Бирок Орозо айтка байланыштуу жумуш күнү 26-майда башталды.

Биз шаарда коомдук унаалар кандай иштеп жатканына байкоо салып көрдүк.

Троллейбус, автобус жана чакан автобустар мурдагыга салыштырганда кыйла бош. Бирок жүргүнчүлөр арасында коронавирустан сактануу нускамаларында айтылган аралыкты кармоого мүмкүн эмес. Айрыкча чакан автобустарда жүргүнчүлөр аралыкты сакташкан жок.

"Мына, беткабы жок эле кирип жатышат. Биринде болсо, биринде жок. Аны айдоочу киргизбеш керек, аралыкты сактап киргиле деп туруш керек. Жабышып деле кирип жатышат. Анын баарын ким карайт?! Мындай болсо кайра карантинде отуруп калабыз, адамдар өзүбүз айыптуу болуп жатабыз",-дейт троллейбустагы пенсионер жүргүнчүлөрдүн бири.

Айдоочулардын да айрымдары беткап менен колкап кийсе, айрымдары беткапсыз баратат.

"Аябай ысык болуп жатат. Беткапты азыр эле чечтим эле. Унаада терезе көп, жел жүрүп турат. Санитайзер бар", - деди №14 троллейбустун айдоочусу.

Бишкек боюнча 110 троллейбус жана 112 автобус ишке кирди. Шаардык унаа башкармалыгы кабарлагандай, автобустардын саны дагы өсөт. Троллейбустар дээрлик толук иштеп жатат.

коомдук унаа

Ал эми кичи автобустар же маршруткалар жоопкерчилиги чектелген бир канча уюмдарга карайт. Бирок эреже жалпыга бирдей.

"Эки терезе бар, маршрутка желдетилет. Ар каттам бүткөн сайын кармагычтарды, эшиктерди тазалап жатабыз", - деди чакан автобустун айдоочусу.

Айдоочулар да, жүргүнчүлөр да беткап жана колкап менен жүрүүгө милдеттендирилди. Ошондой эле унаалар каттамын бүтүргөндөн кийин кармагычтарды тазалап, күндө бир нече жолу дезинфекциялаш керек. Ар бирине кол тазалоочу каражаттар коюлуш керек.

Бул милдеттүү талап, бирок кандай көзөмөлдөнөөрү белгисиз. Коомдук унаада беткапсыз жүргөндөр административдик жаза алаарын биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов айткан. Айыппулдун өлчөмү, кайсы беренеге ылайык жазаланары боюнча азыр толук маалымат жок.

Мисалы, Украинада жумуш күнү башталаардан мурда айдоочулардын дене табы текшерилип, беткабы жок жүргүнчүлөрдү алууга тыюу салынган. Ошондой эле унаа ичинде коронавирус тууралуу маалыматтар илиниш керек. Ал эми жүргүнчүлөрдүн саны орундуктардын 50 гана пайызын толтуруш керек.

Казакстандын ири шаарларындагы коомдук унааларга да ушундай эле талаптар коюлуп жатат. Бирок Казакстандын айрым аймактарында карантин 15-июнга чейин узартылды.

Бишкекте автобус менен троллейбустарга акчанын ордуна карта колдонууну сунуштап жатышат. Ушундай эле чаралар Өзбекстандын Ташкент сыяктуу чоң шаарларында көрүлүүдө.

коомдук унаа

Коомдук унаалардын айдоочулары акыркы айларда акы төлөнбөгөн эмгек эргүүсүнө жиберилген эле.

"Жумушка чыкканыбызга сөз жок кубанып жатабыз", - деди айдоочулардын бири. Кыргызстандын өзгөчө абал киргизилген аймактарында режим 11-майда алынды. Бийлик зарыл жумуш болбосо азыр да көчөгө чыкпаганга чакырууда. Аймактар аралык унаалар, аба каттамдары качан жанданаары дайынсыз.

Өлкөдө акыркы суткада коронавирус 35 кишиден тастыкталды. Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев Би-Би-Сиге курган маегинде вирус көп жайылып жатат деп эсептебей турганын билдирди.