"Баарыңар айып пул төлөшүңөр керек": президентти ачууланткан сүрөт

Сүрөттүн булагы, Social media
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков айрым жарандар коронавирус боюнча чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратып, медиктердин күнү-түнү кылган эмгегин жокко чыгарып жатат деп сынга алды.
"Жарандарыбызды жоопкерчиликке чакырам. Айрым жарандарыбыз чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркатып, медиктердин күнү-түнү кылган эмгегин жокко чыгарып жатат",-деген Сооронбай Жээнбеков чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында.
"Бул илдет жок, бул - ойдон чыгарылган саясат дегендер да жок эмес. Дарыгерлерибиз, кары-картаңдарыбыз каза болууда. Бүгүн дүйнө жүзү бул илдет менен күрөшүп жатат. Ошондуктан дүйнөлүк пандемияга айланды. Мамлекет башчысы катары ар бир мекендешимди толук жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана өздөрү менен жакындарына кам көрүүгө чакырам"-деди президент.
"Буга кошумча өкмөт мүчөлөрү топтошуп, социалдык дистанцияны сактабай, бет капсыз сүрөткө түшүштү. Бул сүрөт бүт өлкөгө тарады. Мындай нерселер аракеттерибиздин баарын жокко чыгарат". Мамлекет башчы медиктердин талаптарын бузгандарга айып пул салууну талап кылды.
"Бул чаралар өкмөт аппаратынын катардагы кызматкерлерине карата колдонулбашы керек. Алар, менимче, башчыларынын буйругу боюнча чыгышкан. Баарыңар айып пул төлөшүңөр керек".
17-июнда өкмөт үйүндө премьер-министрдин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү иш чарасы өтүп, мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди ондогон өкмөт аппаратынын кызматкерлери узатып чыгып, сүрөткө түшкөнү коомдук сайттарда талкууга түшкөн эле.
Өкмөт өкүлдөрү социалдык аралык, бет кап менен жүрүү эрежелерин бузду деген айыптоолор айтылган.
Өкмөттүн жообу

Сүрөттүн булагы, Gov.kg
Бул боюнча өкмөт башчы Кубатбек Боронов дароо билдирүү таратты.
"Барыңарга белгилүү болгондой, ошол күнү Жогорку Кеңеш мени премьер-министр катары жана өкмөттүн курамын бекиткен. Парламент жыйынына катышкандан кийин өкмөт үйүнө жумушка бардык. Салт болуп калгандай эле, фракция лидерлери жана президенттик аппараттын жетекчиси менен биргеликте премьер-министрдин иш бөлмөсүнө бардык. Алар кеткенден кийин Мухаммедкалый Дүйшекеевич экөөбүз документтерди карап, жумуш тууралуу бир аз сүйлөштүк. Андан кийин мурдагы премьер-министрди узатуу үчүн сыртка чыгуубузду өтүнүштү. Коридордо өкмөт аппаратынын бир топ кызматкери туруптур. Алардын бары беткап тагынып турушкан. Бизге сыртка чыгып, сүрөткө түшүүнү сунуш кылышты. Сүрөткө түшүү маалында бизге беткаптарды чечип турууну өтүнүштү. Ошол учурда буга маани бербегениме өкүнүп жатам. Дал ошол учур акыркы алты ай ичиндеги бардык иштерибизге көлөкө түшүрдү. Албетте, биз коомчулуктун катуу сынына кабылдык, бул туура», - деди өкмөт башчы.
Кубатбек Боронов премьер-министр жана коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын башчысы катары бардык кыргызстандыктардан кечирим сурады.
Ал тартылган түзүмдөр бул илдет менен күрөшүүнү улантарын эскертип, жарандарга негизги талаптар - бет кап тагынуу жана социалдык аралыкты сактоону кармануу зарылдыгын эскертти.
"Коопсуздук кеңеши өз сунуштарын берди жана биз төмөнкү чечимге келдик. Мыйзамга өзүмдөн тартып, вице-премьер-министрлер, аппарат жетекчиси жана мурдагы премьер-министр айыппул төлөшөт. Аппараттын кызматкерлерине айыппул салынбайт, анткени аларды иш учурунда бөлүм башчылары экс-премьерди узатууга чакырышкан. Ошондуктан алар жазаланышпайт. Өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери жумушта бет кап тагынып жүрүшөт деп ишендирип кетем. Дагы бир жолу кечирим сурайм",-деди Кубатбек Боронов.
Апта башынан бери вирус жуктуруп алгандар саны жогорку көрсөткүчтө болуп жатат. Алардын дээрлик жарымынан көбү Бишкек шаарынан чыгууда.
Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков бул маселеге көңүл бурууга чакырган эле. "Эл базарлардан, коомдук транспорттон жана башка коомдук жайлардан жугузуп алып жатышат. Бишкек шаары бара-бара өлкөдөгү оорунун очогуна айланып баратканын көрүп жатабыз»,-деген президент. Ошондой эле коомчулукта кайдыгер мамиле болуп жатканын сынга алган эле.









