Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Куванычбек Конгантиев кармалды

вами

Сүрөттүн булагы, social media

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Куванычбек Конгантиев кармалды. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары күч түзүм органдарындагы булактарына таянуу менен билдирди. Маалыматтарга караганда, Куванычбек Конгантиев 10-мартта суракка чакырылган. Ал коррупцияга шектелүүдө.

Куванычбек Конгантиев кечээ депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арыз жазган. Анын арызын Борбордук шайлоо комиссиясы канааттандырган.

Куванычбек Конгантиев былтыркы парламенттик шайлоодо №21 шайлоо округунан шайланган. Парламенттеги "Эл үмүтү Ата-Журт" депутаттык тобуна кирген. Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы болуп иштеп жаткан.

Конгантиев буга чейин Бишкек шаардык кеңешинде бир канча жолу депутат болгон.

9-мартта социалдык тармактарда анын жана жакындарынын активдери, мүлктөрү жана байланыштары тууралуу видео тараган. Роликтин автору ага жакын адамдардын ондогон компаниялары жана ар кандай бизнестери бар экенин билдирген. Конгантиев өзү бул кептерге азырынча комментарий бере элек.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жазганына караганда, анын ордуна мурдагы депутат, экс-министр Чыңгыз Айдарбеков депутат болуп келиши мүмкүн.

Куванычбек Конгантиев - мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу.