Бахрейн жана Кувейттеги кыргызстандыктарды эвакуациялоо маселеси каралууда

Бахрейн

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бахрейн
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу 11-марттагы маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Кувейтте 480, Бахрейнде 80 кыргызстандык бар.

"Азыр Бахрейн жана Кувейтте да биздин жарандар болуп жатат. Алардын тизмеси такталып жатат азыр. Кувейтте 480ге жакын жараныбыз бар. Алардын ичинен келе турчу жарандардын саны 70тин тегерегинде болуп жатат. Ал эми Бахрейнде 80ге жакын жаран бар, алардын 43ү келебиз деген ниетин билдиришти. Андан тышкары Катарда да Мекенге кайтабыз деген жарандарыбыз бар. Мындан улам алдыда балким дагы бир рейс уюштурушубуз мүмкүн", - деди Консулдук департаменттин башчысы Сейтек Жумакадыр уулу.

Тышкы иштер министрлиги учурда Бахрейн жана Кувейттен Кыргызстанга келчүлөрдүн саны такталып жатканын кабарлады.

Жыйында Ирандагы жана Израилдеги кыргызстандыктар тууралуу да сөз болду. Министрликтин расмий маалыматына ылайык, Иранда 100гө жакын, Израилде 97 жаран бар. Бирок учурда алардан мекенге кайтуу боюнча кайрылуу түшө элек:

"Иранда 100гө жакын кыргызстандык бар. Алардын басымдуу бөлүгү кош жарандыгы барлар. Ал жактагы биздин консулдук штаттык режимде иштеп жатат, биздин жарандар менен байланышта".

Сейтек Жумакадыр уулу
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сейтек Жумакадыр уулу

Жумакадыр уулунун билдиришинче, буга чейин Жакынкы Чыгыштан жалпы 426 жаран мамлекеттин эсебинен кайтарылды. Ал эми жалпы 3000ге жакын жаран Кыргызстанга кайтып келди.

"Бириккен Араб Эмираттарына эки атайын борт алып келдик. Андан сырткары Катар мамлекетинен да жарандарды чыгардык. Жалпы үч борт тең мамлекет тарабынан каржыланган. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жарандардан бир да сом алынбай, бардык эсептер мамлекеттин атынан жүргүзүлгөн", -деди Сейтек Жумакадыр уулу.

28-февралдын таңында Израил менен АКШ Иранга аба соккуларын баштаган. Буга жооп иретинде Тегеран да Израилди, Перс булуңундагы мамлекеттерди жана алардын аймагындагы АКШнын аскердик базаларын аткылоодо.

Акыркы сааттарда Иран Жакынкы Чыгыштагы израилдик жана америкалык буталарга каршы жаңы соккуларды баштаганы маалым болгон.

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары бул аткылоо жаңжал башталгандан берки "эң катуу жана эң ири" болгонун билдиришти.

Сауд Арабиясы мунай кенине бара жаткан эки дронду жок кылганын билдирди. АКШнын Аскер-деңиз флотунун бешинчи флоту жайгашкан Бахрейнде да сирена үндөрү жаңырды.

Израил менен АКШ да Иран режиминин коопсуздук инфраструктураларына соккуларды урууну улантууда.