"Он талапкердин тогузу таза эмес". Жапаров коррупцияга каршы күрөш уланарын айтты

кнр

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште билдирүү жасады
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Президент Садыр Жапаров 11-мартта Жогорку Кеӊеште билдирүү жасап, коррупцияга каршы күрөш улана турганын билдирди. Ал өзүнүн туугандары мамлекеттик кызматта иштебей турганын айтып, санаасы тынч экенин белгиледи.

"Коррупция маселесине токтолуп кетким келет. Коррупцияга жол жок. Башынан эле коррупция менен уюшкан кылмыштуулукка өчпүз. Эч кимди аябайбыз. Бир тууганым болсо да аябайм. Бирок менин бир туугандарым, бала-чакам мамлекеттик кызматтарда иштебейт, мамлекеттик мекемелер менен иш алып барбайт. Ошондуктан менин санаам тынч. Адам өлтүргөн кылмышкерден коррупционер коркунучтуу. Анткени кылмышкер бир адамды өлтүрсө, коррупционер бүтүндөй мамлекетти талкалайт. Ошондуктан коррупция менен күрөшүүдө баарыңыздар жардам бериңиздер. Бийлик тарапта уурулук, коррупция болсо, көрүп-билип турсаңар, трибунадан ачык айтып тургула. Бул силердин мага көрсөткөн жардамыңыздар болот. Эч кимден коркпогула, мен силдер тараптамын, силерге болушам", - деди Садыр Жапаров.

Ал Өзгөчө кырдаалдар министри кызматына талапкерди тандоо учурунда он талапкердин тогузу коррупцияга аралашканы жөнүндө кеп болгонун, тандоо кыйынга турганын кошумчалап өттү:

"Кечээ өзгөчө кырдаалдар министри кызматына талапкер издеп, он талапкер сунуштасам, тогузу коррупционер экен деген жыйынтык чыгардым. Аны сунуштасам, ой, ал бул ишке аралашкан, тигил ишке аралашкан, "схемщик", андай-мындай дешти. Кыргызстанда таза министр боло турган кадр калды беле деп айттым".

Садыр Жапаров ошондой эле депутаттарды "элди бөлүп-жарбоого" чакырды. Мамлекет башчы акыркы беш жылда өлкөдө түндүк-түштүк деп бөлүнүүнү жок кылуу үчүн акимдерди, сотторду ротация кылып жатканын, ал өз натыйжасын бергенин да белгиледи. Ал алдыдагы он-он беш жылда эл арасында түндүк-түштүккө бөлүнүү токтой турганын айтты.

"Жакында Жогорку Кеңеште бир окуя болду. Аны баарыңыздар жакшы билесиздер. Айрым депутаттар бөлүп-жарууга аракет кылышты, тиги тарап, бул тарап деп. Бирок убагында токтотуп калдык. Урматтуу депутаттар элдин элегинен өтүп келген депутаттар ушунтип отурса, карапайым эл кайда барат деген ой келди мага. Ошондуктан мындан ары андай терс иштерди жасабайлы", - деди Жапаров.

Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди УКМКнын төрагасынан бошоткондо, бул чечимди бөлүнүп-жарылууга жол бербөө үчүн кабыл алганын билдирген.

Жапаров ишкерлердин арызы караларын айтты

апр

Сүрөттүн булагы, Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеӊештин депутаты Элвира Сурабалдиева УКМК тарабынан абдан көп кемчиликтер кеткенин, муну мурда да айтып келгенин билдирип, ишкерлер арыз жазуудан азыркыга чейин коркуп жатышканын белгиледи.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Көбүнчө ишкерлер арызданып жатат. Тоноп, мал-мүлкүнөн ажыратып койгон учурлар көп экен. Алар УКМКнын катарындагы кызматкерлер экен. Арыз жазгыла десем, ошол эле адамдардын жакындары прокуратурада, президенттик администрацияда иштейт экен. Бишкек шаары ушунчалык кичинекей, туугандары менен элди тоношкон экен. Мамлекетке өткөн мүлк боюнча УКМК ачык маалымат берип, тизмени жарыялаш керек. Канча мүлк мамлекетке мажбурлап өткөрүлдү, канчасы өз ыктыяры менен кайтарды деген суроолор келип жатат мага. Көпчүлүк учурда УКМКнын кызматкерлери мүлктөрдү өздөрүнө, туугандарына каттатып алганы ачык айтылып жатат", - деди Сурабалдиева.

Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин, Башкы прокуратуранын жана Ички иштер министрлигинин жетекчилерине ишкерлерден арыз түшсө калыс текшерип, адилет чечим кабыл алуу тапшырмасын бергенин билдирди:

"Жарымын өзүнө алып, жарымын мамлекетке кайтарган деген боюнча да айттым. Иликтеп, ким жарымын чөнтөгүнө салып алса, мамлекетке алгыла, кимдир бирөөнүн атына жамынып алып, ишкерлердин мүлкүн тартып алышса, аларды да өздөрүнө кайтартып бергиле деп айттым. Азыр ошонун үстүнөн иштеп жатышат. Ал эми мамлекетке өткөн мүлктөр жылдын аягына чейин ревизия болуп бүтөт. Ошондон кийин маалымат беребиз".

Депутат бийликти сотторду көзмөлдөөнү токтотууга чакырды

уеп

Сүрөттүн булагы, Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Гуля Кожокулова Садыр Жапаровдон сот адилеттүүлүгү орнобой жатканын, соттор кайсы бир кураторлордун көрсөтмөсү менен калыс эмес чечим чыгарып келишкенин айтып, сот системасына көңүл бурууга үндөдү:

"Балким сотторго куратор дайындоо тажырыйбасын алып ташташ керек? Соттор өздөрү УКМК кызматкерлери куратор экенин айтып жатышат".

Президент кураторлор мурда болгонун, азыр жок экенин айтты.

"Буга чейин болгон, моюнга алыш керек. Болуптур. Анын баарын билдим. Мындан ары андай жок. УКМК, ИИМ, прокуратура ар ким өз ишин аткарат. Мурда администрациянын бөлүм башчысы куратор болуп, өзү сот, өзү прокурор, өзү милиция болчу. Биз аны деле көрбөдүкпү! Азыр андай жок. Алманбет менен Манастын катасын кайталасаң, камалып кетесиң деп катуу эскерттим. Мамлекеттик иш менен чалат, кандайдыр бир жарандык же кылмыш ишиби, ал боюнча чалбайт. Мен соттордун көбү менен түздөн-түз байланыштамын. Менин группамда отурушат. Баланча мындай чечим чыгарып бер деп кыйнап жатат деп жазышат мага. Мен беркилерди чакырып, ордуна коюп коем. Мындай фактылар көп менде ", - деди президент.

"Депутаттар кадыр-баркын өздөрү түшүрүп жатат"

уеп

Сүрөттүн булагы, Жогорку Кеңеш

Депутат Эрулан Кокулов депутаттык корпустун кадыр-баркы төмөн түшүп кеткенин айтып, президенттен депутаттарга болгон сый-урматты калыбына келтирүүгө көмөктөшүүнү сурады.

"Элдин көйгөйүн чечели деп министрлерге барсак, кабыл албаганга аракет кылышат. Көп убакыт күзөт кызматынын жанында эле күтүп калам. Мыйзамды ордуна алып келүүңүздү суранам", - деди Кокулов.

Жапаров депутаттардын кадыр-баркынын түшүп кеткени президенттен же министрден эмес, ар бир депутаттан көз каранды экенин айтты:

"Майда-чүйдө маселени көтөрүп, болор-болбос бир нерсе менен уят болуп жатсаңар, эл кантип сыйлайт? Депутат деген орчундуу маселени көтөрүшү керек. Жалпы маселени көтөрүү керек".

Президент Садыр Жапаров журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрбөйт. Адатта "Кабар" мамлекеттик агенттигине гана маек курат. Элдин суроолоруна курултай учурунда гана жооп берет.