Апрелде бардык мугалимдердин маянасы 100% жогорулайт. Агартуу министрлиги окутуучуларды тынчсызданбоого үндөдү

уваипмве

Сүрөттүн булагы, official

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Агартуу министрлиги STEM предметтеринин мугалимдеринин айлык акылары гана жогорулап, калган тарых, кыргыз тили жана география мугалимдериники жогорулатылбайт жана бул предметтердин сааттары кыскарууда деген маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирди.

"Президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана колдоосу менен 2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысы учурдагы деңгээлден 100 пайызга жогорулайт. Өлкө башчысынын бул чечими мугалимдердин статусун жогорулатууга жана өлкөнүн өнүгүшүндө педагогдордун негизги ролун таанууга багытталган маанилүү мамлекеттик чара болуп саналат. Белгилей кетсек, эмгек акынын жогорулашы окуткан предметине карабастан бардык мугалимдерге бирдей тиешелүү болот", - деп айтылат министрлик тараткан билдирүүдө.

Буга чейин айрым маалымат агенттиктери STEAM жана англис тилинен сабак берген окутуучулардын гана маяналары көтөрүлөт деген маалымат мугалимдерди тынчсыздандырып жатканын жазышкан.

Президент Садыр Жапаров былтыр 25-декабрда курултай учурунда сүйлөп жатып, келерки жылдын апрель айынан тартып мугалимдер менен дарыгерлердин айлыгы 100% көтөрүлөрүн билдирген.

Ал Министрлер кабинетинин төрагасы алардын айлыгы 50% көтөрүлөрүн билдиргенин, бирок өкмөттө кеңешип отуруп ушундай чечим кабыл алынганын айткан.

Кыргызстандын мектептеринде 80 миңден ашык мугалим иштейт.