"Бир адамдын туура эмес чечими болгон". Токмок шаарынын мурдагы мэри үй камагына чыкты

вира

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Максат Нусувалиев
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Бишкек шаардык соту Токмок шаарынын мурдагы мэри Максат Нусувалиевге карата чыккан райондук соттун өкүмүн жокко чыгарып, кайра баштан кароого жөнөттү. Экс-мэр үй камагына чыгарылды.

Сот отуруму кечээ өткөн. Мындан тышкары мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчисине, техникалык көзөмөл боюнча мурдагы адиске жана "Аль-Кадыр-Сантехсервис" ишканасынын башчысына чыккан өкүм да жокко чыкты.

Маалыматты Би-Би-Сиге Максат Нусувалиевдин атасы Орозбек Нусувалиев да тастыктады:

"Кечээ шаардык сот биздин арызды карады. Бул иштин алкагында кармалгандардын баары үй камагына чыкты. Өкүм жокко чыкты, иш кайра биринчи инстанцияга жөнөтүлдү. Райондук сот акыркы чекитти коюш керек. Жалпысынан сегиз жарым ай түрмөдө жатты. Оңой эмес да. Бир адамдын туура эмес чечиминен ушундай болду. Эми алдыда дагы күрөш турат. Аягына чейин актыгын далилдеш керек болот. Өзүм билемдик болгон, аны түшүнүп турасыңар да".

Былтыр ноябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Токмок шаарынын мурдагы мэри Максат Нусувалиевди 13-жылга эркинен ажыраткан.

Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен айыптуу деп тапкан. Ага Курулуш иштери менен алектенүүгө тыюу салынган.

Нусувалиев мэриянын төрт кызматкери менен быйыл 24-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ошол кездеги Камчыбек Ташиевдин буйругу менен Токмокто жыйын учурунда кармалган.

Ага жана аны менен кармалган адамдарга карата Токмокто сейил бакты көрктөндүрүү, шаардагы спорт мектебин оңдоо иштеринде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана коррупциялык иштерди жасаган деген айып тагылган.

Максат Нусувалиев Токмок шаарынын мэри кызматына 2023-жылы май айында дайындалган болчу.

Президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди кызматтан алгандан кийин көптөгөн ишкерлер атайын кызматтын басымына кабылганын билдирип чыгышкан.

Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, депутат Элвира Суравалдиева Максат Нусувалиевдин апасы уулу адилетсиз түрдө соттолгонуна даттанганын кабарлап, бул ишке көңүл бурууну сураган.