Украина Орусиянын Брянск шаарындагы заводго сокку уруп, бир канча киши каза болду

"Кремний Эл" микроэлектроника заводу

Сүрөттүн булагы, group-kremny.ru

Окуу убактысы: 2 мүнөт

Украин аскерлери Орусиянын Брянск облусундагы микроэлектроника заводуна ракеталык сокку урду. Бул маалыматты Украинанын Куралдуу күчтөрү жана президенти Владимир Зеленский ырастады.

Орус бийлиги аймакка жасалган чабуул тууралуу айтышканы менен, билдирүүлөрүндө заводду аташкан жок. Акыркы маалыматтар боюнча, соккунун кесепетинен алты адам каза болуп, 30дан ашыгы жаракат алды.

Москва убактысы боюнча саат 18:00 чамасында Брянск облусунун губернатору Александр Богомаз өзүнүн телеграм-каналында аймакта ракеталык коркунуч бар экенин эскерткен.

Бир сааттан кийин ал Брянск шаарына ракеталык сокку урулганын жазды. Богомаз окуя так кайсы жерде болгонун тактаган жок, болгону Брянсктын Совет районунда "күйүүчү продуктулардан түтүн" байкалып жатканын белгилеп, тургундарды "көчөгө чыкпай турууга" чакырды.

Анын постунда чабуул "жай тургундарга" каршы жасалганы жана алардын арасында "курман болгондор менен жарадарлар" бар экени айтылган. Башка эч кандай маалымат берген эмес.

Ошол эле учурда орусиялык жана украиналык телеграм-каналдар соккунун айрым деталдарын кабарлады.

Андагы маалыматтарга караганда, чабуул облустагы заводдордун бирине жасалган. Орусиялык күч түзүмдөрүнө жакын делген Mash телеграм-каналы сокку ишканада нөөмөт алмашуу учурунда жасалганын жана кызматкерлердин бир бөлүгү үйүнө кетүүгө камынып жатышканда болгонун жазды.

Көп өтпөй Украинанын президенти Владимир Зеленский журналисттерге Брянск облусундагы Украин куралдуу күчтөрүнүн операциясы тууралуу айтып берди.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Башкы командачы [Александр Сырский] мага жаңы эле операция ийгиликтүү өткөнүн айтты. Брянск заводуна сокку урулду, бул завод Орусия Федерациясынын ракеталарынын бардык түрлөрүн башкаруу системаларын чыгарган. Биздин Куралдуу Күчтөрдү гана куттуктай алам, азаматтар. Кызматыңыздар үчүн рахмат", - деп белгиледи Зеленский.

Украинанын президентинен кийин Брянскка жасалган сокку тууралуу УККнын Башкы штабы да кабарлады. Украиналык аскерлердин билдирүүсүндө Storm Shadow ракетасы менен "Кремний Эл" микроэлектроника заводуна сокку урулганы айтылат.

"Бул орус "жогорку тактыктагы" куралдарын өндүрүү чынжырындагы өтө маанилүү звено. Завод дискреттик жарым өткөргүч приборлорго жана интегралдык микросхемаларга адистешкен, алар заманбап куралдардын, анын ичинде "Искандер" ракеталарынын "мээси" жана "нерв системасы" катары кызмат кылат", - деп билдирди Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы.

Мындан кийин губернатор Александр Богомаз соккунун кесепетинен алты адам каза болуп, дагы 37 адам жаракат алганын билдирди. Анын айтымында, бардык жабыркагандар Брянск облустук ооруканасына жеткирилип, аларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Аймак башчысы сокку кайда жасалганы тууралуу дагы деле ооз ачкан жок. Бирок анын постунда Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү бөлүмү "кесепеттерди жоюу жана жарандарды эвакуациялоо боюнча иш-чараларды" жүргүзүп жатканы белгиленген.

Украиналык дрондор буга чейин да Брянсктагы заводдун аймагына чабуул жасашкан.